Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу (SDC, 2015-2023)

20.08.2015 12:22

Долбоордун жетекчиси: Асель Мамбетова, +996 312 214572, +996 777 32 39 50, AMambetova@dpi.kg

“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоору (мындан ары – Долбоор) Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, ХЕЛВЕТАС Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы жана Өнүктүрүү саясат институту уюмдарынын консорциумунда ишке ашырылат.

Жергиликтүү деңгээлде системалуу өзгөрүүлөрдү киргизүү жолу менен муниципалитеттердин өз элине көрсөткөн кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга салым кошуу Долбоордун негизги максаты болуп эсептелет.

Долбоордун 4 жылга эсептелинген биринчи фазасы 2015-жылдын май айында башталган жана 2019-жылдын март айына чейин эки облустун (Ысык-Көл жана Жалал-Абад) аймагында ишке ашырылып келатат.

2015-жылы 1-когорта – 14 муниципалитет тандалып алынат. Бул муниципалитеттерде Долбоорду ишке ашыруунун усулдары жана аспаптары сыналып, текшерилди. Экинчи когорта – 16 муниципалитет 2016-жылы тандалып алынды. Бул муниципалитеттерде биринчи когортада сыналган кызмат көрсөтүү боюнча усулдар жана механизмдер жайылтылат.

Жергиликтүү деңгээлде күтүлгөн жыйынтыктар:

  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пландоону, башкарууну жакшыртуу аркылуу, кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүлөр жана башка өнөктөштөр менен эффективдүү өз ара аракеттешүүнүн жардамы менен кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшырта алышат. 
  • Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн башкаруу боюнча дарамети жакшырат
  • Калк жеринде кызмат көрсөтүүлөрдү аныктоого, аткарууга жана аларга мониторинг жүргүзүүгө катышат.
  • Кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестри (тизмеги) түзүлүп, бекитилет.
  • Конкреттүү кызмат көрсөтүү үчүн Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча аракеттер планы (КЖАП) иштелип чыгат.

Жергиликтүү деңгээлде Долбоордун ишинин негизги түрлөрү:

  • Маалымат өнөктүктөрү жана коомдук угуулар
  • Кырдаалга талдоо жүргүзүү
  • Окутуу, дараметти жогорулатуу
  • Консультациялар жана коучинг (насаатчылык)
  • Кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрин түзүүдө колдоо көрсөтүү
  • КЖАПты иштеп чыгууда жана ишке ашырууда колдоо көрсөтүү боюнча гранттык программа
  • ЖӨБОнун жергиликтүү деңгээл менен (ЖӨБЭММА, ЖӨБ Союзу) өз ара аракетин күчтөндүрүү.

Биринчи этапта муниципалитеттерди тандап алуу процесси (14 муниципалитет)

Конкурстун биринчи этабында долбоорго катышуу үчүн долбоорлордун ишин улантып кетүүнү жана синергияны камсыздоо максатында Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбооруна (VAP долбоору) катышкан пилоттук муниципалитеттер чакырылды. Долбоор 2015-жылы ишке ашырыла турган 14 пилоттук муниципалитет төмөнкүдөй критерийлердин негизинде тандалып алынды:

  • Тиешелүү милдеттенмелерди кабыл алуу менен Долбоорго катышууга муниципалитеттердин тастыкталган каалоосу.
  • Бюджеттик камсыздалгандыгынын мааниси 60% кем болбош керек (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин көрсөтмөсүнө ылайык).
  • Муниципалитеттердин долбоорго катышуусуна карата VAP долбоорунун оң сунуштамалары.

2015-жылдагы пилоттук айылдык аймактар:

Гранттардын системасы

Долбоор түрдүү суммалар, бирок белгиленген максималдык суммасы менен гранттардын эки деңгээлдүү механизмин колдонот. Мындан тышкары кызмат көрсөтүү үчүн ак ниеттүү башкаруунун жана кирешелүү, инновациялык, туруктуу чечимдерди пайдалануу принциптерин колдонууга дем берүү максатында гранттар системасы өзүнө атаандаштыктын элементтерин камтыйт. 

Муниципалитеттер үчүн гранттар Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча Аракеттер пландарын (КЖАП) даярдоого жана ишке ашырууга багытталат. Бул гранттардын жардамы менен долбоордук фазанын соңунда бардык муниципалитеттерде бери дегенде бир толугу менен иштелип чыккан КЖАП болот. Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча Аракеттер планы Долбоордун критерийлерине жооп берген муниципалитеттер өз пландарын ишке ашыруу үчүн экинчи, чоң суммадагы грантты алышат.

Долбоордун жергиликтүү деңгээлде аткарылчу иш-чараларын уюштуруу жана алардын логистикасы үчүн Гранттык программанын алкагында Долбоор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигинин уникалдуу системасын баштайт.

2016-жылы Долбоорду ишке ашырууну уланта берүү үчүн Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы муниципалитеттердин 2-когортасы тандалып алынган.

2016-жылы тандалып алынган муниципалитеттер:

Уюмдар тууралуу маалымат

Швейцария Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгү. Швейцариянын Борбор Азиядагы регионалдык кызматташтык Стратегиясынын негизинде (2012-2015-ж.ж.) Швейцария Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана саясий кайра түзүүсүндө колдоосун улантууда. Жалпы тапшырма – саламаттык сактоо, мамлекеттик секторду реформалоо жана инфраструктура, ошондой эле жеке секторду өнүктүрүү өңдүү үч тармакта сапаттуу тейлөөнү тең укуктуу жана эффективдүү жеткирүү процессинде бардык деңгээлдердеги мамлекеттик жана жеке мекемелерге көмөктөшүү аркылуу Кыргызстандагы өткөөл процесске колдоо көрсөтүү.

ХЕЛВЕТАС Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясы өнүктүрүү боюнча швейцариялык уюм болуп эсептелет жана өнүгүп келаткан өлкөлөрдө үлүшсүз калган адамдарга жана жамааттарга өз турмуш шартын жигердүү жакшыртууга жардам берүүнү өз миссиясы деп билет.

Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) – бул кыргызстандык коммерциялык эмес бейөкмөт уюм. ӨСИнин миссиясы – адамдын татыктуу жашоого болгон укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууда жергиликтүү жамааттарга жана башкаруу органдарына көмөктөшүү.

Жаңылыктар:

Пресс-релиздер:

Тендеры:

Китепкана:

  • 09.11.2022 11:34
    "Кыргыз Республикасындагы адилеттүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу: экономикалык өсүүгө жана жакырчылыкты азайтууга кантип жетишүү керек?" Инклюзивдүү жергиликтүү өз алдынча өнүгүүгө багыт алган айыл аймактарынын жана шаарлардын социалдык-экономикалык өнүгүү программалары үчүн чаралардын жыйнагы