Тепке айылында комуз ийрими ачылды

09.01.2023 17:35
Маалымат булагы: ХЕЛВЕТАС Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалынын Фейсбуктагы баракчасы
Тепке айылында комуз ийрими ачылды

Ысык-Көл облусунун Тепке айылында балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу демилгесинин алкагында комузчулардын ийрими ачылды. Аталган иш-чара Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланып, 2015-жылдан тарта ХЕЛВЕТАС Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы жана Өнүктүрүү саясат институту уюмдарынын консорциумунда ишке ашырылып келе жаткан «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун колдоосунда ишке ашты.

“Тепке айылдык аймагында мектеп жашындагы балдар менен иш алып барууга шарттар түзүлгөн эмес эле. Албетте ар бир эле ата-эне өз баласына эң мыкты билим берип, алардын шык-жөндөмдөрүн андан ары да өнүктүргүсү келет, бирок тилекке каршы акча каражатынын тартыштыгынан улам алардын мүмкүнчүлүктөрү чектелип калчу. Натыйжада, таланттуу, шыктуу балдарды тарбиялоо билим берүү окуучулардын кызыгуусу өздөрүнүн эле кыялдарында калчу, - дейт Тепке айыл өкмөтүнүн көркөм жетекчиси Жумалы кызы Айнагүл.

Кыргыз элинин оозеки жана музыкалык маданиятын, салт-санаасын толук кандуу жеткирүү, жаштарды элдик музыкалык аспаптарга үйрөтүү, балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды уюштурууну максат койгон бул ийримде бүгүнкү күндө 44 бала комуз үйрөнүп жатат. Ийримдин кызматы акысыз; бардык төлөмдөр айыл өкмөтү тарабынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

Мектепке чейинки билим берүү кызматын жакшыртууга шарт түзүү маселесин чечүүгө багытталган бул жергиликтүү маанидеги маселени чечүүгө жалпысынан 229 864 сом сарпталды. Анын ичинен: Швейцария өкмөтүнүн долбоорунун гранты: 194 800 сом, Тепке айыл өкмөтүнүн өздүк салымы: 35 064 сом (гранттан 18%).