Шаарды куруу жана жерди бөлүштүрүү долбоорлорун талкуулоого Бишкектин жарандары катыша алабы?

01.12.2023 11:36
"Ачык Бишкек" Комитети Бишкек шаарынын өнүгүшүнө арналган жарандардын демилгелерин карады.
Шаарды куруу жана жерди бөлүштүрүү долбоорлорун талкуулоого Бишкектин жарандары катыша алабы?

Бишкек шаарынын мэриясы жана “Ачык Бишкек” Комитети1 жарандык коом менен шаардык башкарууну жарандар үчүн кантип ачык кылууну талкуулоодо, мисалы, шаар жерлерин башкарууда айкындуулукту жогорулатуу; шаарды өнүктүрүү боюнча пландалган долбоорлорду коомдук талкуулоо үчүн онлайн аянтчаны түзүү же мэриянын кызматкерлеринин ишин баалоонун жыйынтыгын “ачыктоо” (KPI).

Бир айдан ашык убакыттан бери, 2023-жылдын октябрь жана ноябрь айларында “Ачык Бишкек” комитети жарандык уюмдардын сунуштарын чогултуп, алар 2023-жылдын 29-ноябрында Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияны илгерилетүү Агенттигинде каралды2.

Келечектеги шаар куруу долбоорлорун коомдук талкуулоо үчүн онлайн аянтча түзүү сунушу катышуучулар арасында кызуу талкууну жаратты. Аталган долбоордун автору “Арча” Фондунун долбоордук координатору Дмитрий ПЕРЕЯСЛАВСКИЙ, шаар мэриясы шаарды куруу пландары менен долбоорду иштеп чыгуу жана бекитүү алдында  шаардыктар менен бөлүшүшү керек деп эсептейт: Биз шаардык долбоорлорду техникалык шарттар иштелип жаткан мезгилде онлайн негизде коомдук талкууга чыгарууну сунуштайбыз.  Мындай мамиле долбоорлордун сапатын жакшыртат, жарандардын муктаждыктарына «сезимтал» мамиле жасоого өбөлгө түзөт   жана нааразычылыктардын санын азайтат”. Дмитрий Переяславский ошондой эле кызматкерлердин ишинин жыйынтыгын (KPI көрсөткүчтөрү) жарыялоо аркылуу Бишкек шаарынын мэриясынын ишин ачык-айкын кылууну сунуштады.

“Жарандык катышуу” коомдук фондунун директору Айдар МАМБЕТОВ шаарды өнүктүрүүнү пландаштырууда жарандардын муктаждыктарын кылдаттык менен эске алууну, алардын арыз-даттанууларын бул максатта колдонууну сунуштады: “Мэрия шаардыктардын арыз-даттанууларын карап чыгууда “тармакка” карата талдайт, мисалы, коммуналдык кызматтар, транспорт, билим берүү, натыйжада суроо-талаптарды артында турган адамды “көрбөй” калууда.  Арыздарды жана кайрылууларды талдоону “тармакка” карата эмес, социалдык топко, демографиялык категорияга карата карала тургандай кылып өзгөртүүнү сунуш кылабыз. Ушундай жол менен биз шаардын чечилбеген көйгөйлөрүнөн башкаларга караганда көбүрөөк жабыр тарткан шаар тургунунун “жүзүн” көрө алабыз. Мисалы, бул карылар, же жаш ата-энелер, же студенттер болушу мүмкүн. "Азап чеккен" топтор кимдер экенин түшүнүү менен, мэрия бул топторго колдоо көрсөтүү чараларын пландай алат".

Бишкек шаарынын мэриясынын экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек КУДАБАЕВ бул демилге көңүл бурууга татыктуу экенин белгиледи: “Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын түзүүдө шаар биринчи кезекте кимге, эмнеге жардам берүү керектигин түшүнүшү керек, муктаждыктарын жана көйгөйлөрүн билиши керек.  Муну менен кошо визуалдаштыруу куралдарын колдонуу менен талдоо так маалыматтарды алууга жардам берет".

Адамды социалдык өнүктүрүү жана адаптациялоого багытталган “Социум” коомдук фондунун аткаруучу директору Батма ЭСТЕБЕСОВА жер ресурстарын башкарууда ачык-айкындуулукту жогорулатууну сунуштады, көбүрөөк шаар тургундарын аралаштыруу менен шаардык жер ресурстарын бөлүштүрүүдө коррупцияга бөгөт койсо болот.

“Ачык Бишкек” комитетинин мүчөлөрү жана жыйындын катышуучулары (Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, “Демилгелердин” авторлору жана жарандык уюмдарынын өкүлдөрү) бардык сунуштар Бишкектин ачык-айкын болушуна жана жарандар үчүн ачык болууга жардам берерин ырасташты. Аларды ишке ашыруу ири ресурстарды жана узак убакытты талап кылбайт. Бирок максималдуу эффективдүүлүккө жетүү үчүн демилгелерди жыйынтыктап, андан кийин 2023-жылдын декабрында “Ачык Бишкек” комитетинин жыйынында кайра талкуулоо керектигин айтышты.

 

_____________

1 “Ачык Бишкек” комитети “Ачык жергиликтүү өз алдынча башкаруу” демилгесинин алкагында түзүлүп, анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандар менен биргеликте ЖӨБ органдарынын ачыктыгы, айкындыгы жана отчеттуулугу боюнча идеяларды, инструменттерди жана механизмдерди киргизип, тажрыйба алмашып турушат. Комитет Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Бишкек шаарын өнүктүрүү Агенттигинин жана Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү Коалициясы (“Өнүктүрүү саясат институту” коомдук уюму, Кыргыз Республикасындагы ЖӨБ Союзу жана Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы кирет) тарабынан колдоого алынган.

2 2023-жылдын 13-октябрынан 15-ноябрына чейин Бишкек шаарынын тургундары үчүн жергиликтүү демилгелер сынагы өткөрүлгөн. Кененирээк маалымат: https://dpi.kg/ky/press-room/news/full/1944.html