Биз жөнүндө

ӨСИ — бул мыйзам иштеп чыгуу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун өнүгүүсү, стратегиялык пландоо, экономикалык өнүгүү жана маалымат алмашуу чөйрөлөрүндө көп жылдкы иш тажрыйбасына ээ болгон эксперттерден түзүлгөн кыргызстандык коммерциялык эмес бейөкмөт уюм.

ӨСИ миссиясы — жергиликтүү жамааттарга жана башкаруу органдарына адамдын татыктуу жашоого болгон укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн иш жүзүнө ашыруусуна көмөктөшүү. 

Институттун иш аракеттеринин багыттары:

  • Саясий, административдик жана финансылык децентралдаштыруу.
  • Улуттук жана жергиликтүү мыйзам чыгаруу.
  • Мамлекеттик жана жергиликтүү финансыларды башкаруу.
  • Жергиликтүү экономикалык өнүгүү.
  • Коомдук мүлктү башкаруу жана коомдук жана жеке секторлордун өнөктөштүгү.
  • Повышение потенциала органов МСУ.
  • ЖӨБ органдарынын мамлекет менен болгон өз ара мамилеси жана карым-катнашы.
  • Жарандардын бюджеттик процессте катышуусу, мамлекеттик жана муниципалдык ж.б. ресурстарды башкаруудагы ачык-айкындуулук.
  • Мамлекеттик жана ЖӨБ органдарынын карамагында турган маалыматка болгон жеткиликтүүлүк.
  • Экономикалык журналистика.
  • Аймактык (жергиликтүү) ММК өнүктүрүү. 
  • Калктын экономикалык жана каржылык билимин жогорулатуу.
  • «Муниципалитет» журналы. 

 

Биз эмнеге ишенебиз?

  • Кыргызстан – адамдын жашоосу жана өнүгүүсү үчүн мыкты шарттарды түзүү үчүн бардык зарыл нерселерге ээ болгон, кубаттуу, бай, келечеги кең көз карандысыз өлкө;
  • Кыргызстандын бирдиктүү көп улуттуу эли адамзатынын цивилизациясына таандык болгон мыкты сапаттарга ээ. Алар: кайрымдуулук, боорукердик, меймандостук, табиятты жакшы көрүү, жогорку максаттар үчүн өзүн курмандыкка чалуу;
  • Кыргызстандын жарандары билим алганды билет жана жакшы көрөт, идеяларга бай, технологияларды жаратат жана өздөштүрөт, тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана башка элдердин жетишкендиктеринин ичинен мыктыларын кабыл алууга даяр;
  • Кыргызстандын жергиликтүү жамааттары – бул өлкөнү өнүктүрүүнүн түгөнгүс ресурсу, түрдүү этностордун мыкты салттарынын сактоочусу, руханий жана материалдык баалуулуктардын жаратуучусу;
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – бул өлкөдөгү бийлик системасынын жөн гана бир бөлүгү эмес. Бул – жөн гана башкаруу органына караганда бир кыйла маанилүү жана бардыгын ичине алуучу бир нерсе. Жарык дүйнөгө келгенден тарта жүрөгү токтогонго чейин Кыргызстандын ар бир жараны жергиликтүү жана шаардык же элеттик жамаатта жашайт. Аны өзү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу башкарат, муну менен адамзатынын өнүгүүсү үчүн чөйрөнү калыптандырат;
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – бул жөнөкөй тиричилик кызматтарын, инфраструктураны жана башкаруу аспекттерин да, аны менен катар маданият, билим берүү, рух өңдүү баалуулуктун жогорку категорияларын камтыган адамдын жашоосунун чектеринин кеңири спектри;
  • Кыргызстандын децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү саясатын тандап алуусу жалгыз туура чечим болчу, ал эми өткөн жылдары алынган тажрыйба жоголбостон, топтолуп жүрүп, жергиликтүү жамааттардын болочок муундарын байытат;
  • Күчтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу Кыргызстанга туруктуу коомду, мамлекеттин бекемдигин берип, ар бир личносттун гармоникалык өнүгүүсүн, экономикалык өсүштү, эл аралык аренада таанылуусун камсыздайт;
  • Жарандарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тартуу боюнча, жергиликтүү жамааттарды өнуктүрүү боюнча биздин аракеттер практикалык натыйжаларды алып келет жана Кыргызстанда демократияны түптөөгө жардам берет; жамааттардын ичинде жаралган демилгелер натыйжалуу болуп чыга келет;
  • АДАМ – БУЛ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА АР БИР ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН БОРБОРУ, РЕСУРСУ ЖАНА МАКСАТЫ.

 

Печатная версия