• Биринчи бет ·
  • Блог ·
  • Бюджеттер аралык диалог өз жолуна түштү: Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Кыргыз...

Бюджеттер аралык диалог өз жолуна түштү: Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун ортосундагы бюджеттер аралык мамилелерди макулдашуу протоколу

ОРОЗБАЕВ Бектурган, КР ЖӨБ Союзунун директору
автор:
ОРОЗБАЕВ Бектурган, КР ЖӨБ Союзунун директору
27.11.2023 11:15
2023-жылдын октябрь айынын этегинде Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун (мындан ары – ЖӨБ Союзу) директору Бектурган ОРОЗБАЕВ менен КР финансы министри Алмаз БАКЕТАЕВ жолугушту. Бул жолугушуу министрлик менен ЖӨБ органдарынын ортосундагы бюджеттер аралык мамилелерди макулдашуу процессине арналды. Жолугушуунун натыйжасында тараптар Кыргыз Республикасынын тарыхында биринчи жолу бюджеттер аралык мамилелерди макулдашуу жөнүндө протоколго кол коюшту. Бул окуянын Кыргыз Республикасы үчүн мааниси чоң – протоколго кол коюу борбор менен аймактардын ортосунда бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүгө карата мамлекет менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ортосунда расмий диалог пайда болгонун билдирет, ал эми ЖӨБ Союзу бюджеттер аралык мамилелер бөлүгүндө ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктарын сүрөп, коргоодо көбүрөөк мүмкүнчүлүктөргө ээ болду.

Протокол документ эмес, процесс катары

Протокол – бул кандайдыр бир жолугушуунун жыйынтыгын каттап калган документ гана эмес, бул ошондой эле тараптар сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасын өткөргөндүгүн жана кийинки жылга бюджеттер аралык мамилелердин параметрлери кандай болоору жөнүндө мунасага келгендигин болжолдогон механизм. Протокол бул процесстин жыйынтыктарын чагылдырып турат жана Министрлер Кабинети киргизген республикалык бюджеттин долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарын эске алаарына Жогорку Кеңешке ынанууга мүмкүндүк берет. Жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пландаштырылган мыйзамдык чечимдерге карата кызыкчылыктардын тең салмактуулугун талкуулоо үчүн парламент менен түз байланыш каналы болбогонун эске алганда бул өзгөчө маанилүү. Консультациялар депутаттардын же айрым учурларда КР ЖК комитеттеринин жеке ыктыярына жараша өткөрүлүп турат, бирок бул консультациялар милдеттүү статуска ээ эмес. Натыйжада айрым чечимдерде жергиликтүү жамааттарга терс таасирин тийгизчү тобокелдиктер бар, бул болсо Кыргыз Республикасынын туруктуулугуна жана туруктуу экономикалык өсүшүнө коркунуч жаратууда. Бул өзгөчө бюджеттер аралык мамилелерге карата маанилүү. Мындай мамилелердин саясатын буга чейин КР Финансы министрлиги аныктап келген жана айрым учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызыкчылыктарын эске алчу эмес, ал эми КР Жогорку Кеңеши кабыл алынган чечимдердин ыктымалдуу терс таасирин көзөмөлдөгөнгө үлгүрбөй калчу. Мисалы, 2017-жылы сатуудан алынуучу салык жоюлуп, ЖӨБ органдарына чыгымдардын орду толукталып берген эмес, бул болсо бардык өнүктүрүү программаларынын токтоп калышына алып келди, себеби Кыргыз Республикасынын бардык шаарлары дотациялык болуп калган. Мындан тышкары, КР Жогорку Кеңеши жоюлган киреше булагын алмаштыруу үчүн ЖӨБдүн өз кирешелеринин жаңы булактарын караштырган эмес же жалпы республикалык салыктарды кайра бөлүштүрүү системасын өзгөрткөн эмес. Бул жергиликтүү бюджеттердин республикалык бюджеттен көз карандылыгынын өсүшүнө алып келди, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ыйгарым укуктарын аткарууга жана кызмат көрсөтүүгө, жарандар үчүн жашоо шарттарын түзүүгө жөндөмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизди. Ошондуктан, Протокол келечекте мындай каталарды болтурбоо үчүн маанилүү механизм болуп саналат.

Эмнелер макулдашылды: 2023-жылдын протоколунун мазмуну

Ошентип, протокол бюджеттерди түзүү жана кароо этабында республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин параметрлерин макулдашууга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк берген механизм болуп берет. 2023-жылдын 27-октябрында кол коюлган протоколдо ЖӨБ Союзунун жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык жетиштүүлүгүнүн айрым негизги шарттарына карата сунуштары берилген.

Теңдештирүүчү трансферттерди бөлүштүрүү методикасын жакшыртуу, ачык-айкын жана автоматташтырылган тартипте жүргүзүү. ЖӨБ Союзу теңдештирүүчү трансферттерди бөлүштүрүү процессин башкаруунун райондук деңгээлине өткөрүп берүү планына каршы чыкты, себеби теңдештирүүнү уюштуруунун мындай вариантында адам факторунун таасири жана кыянаттык менен пайдалануу тобокелдиги көбөйүүдө. ЖӨБ Союзу кайрадан автоматташтырылган мамилеге кайтууну жана бардыгы үчүн бирдиктүү, ачык-айкын, түшүнүктүү, жеткиликтүү жана өз алдынча пландоо үчүн мүмкүнчүлүк берүүчү эсептөөнүн автоматташтырылган методикасын иштеп чыгууну сунуш кылды. Ошондой эле ЖӨБ Союзу республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун ченем менен толуктоону сунуш кылды, ага ылайык жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу боюнча өз алдынча күч-аракет жумшаган ЖӨБ органдарын жергиликтүү бюджетти толуктоо мотивациясынан ажыратпоо үчүн кийинки үч жылда теңдештирүүчү трансферттердин көлөмү азайбайт.

Бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү жөнүндө Концепцияны кабыл алуу. ЖӨБ Союзу бюджеттер аралык мамилелер чөйрөсүндө программалык документтер болбогонуна көңүл бурду. 2022-жылы ЖӨБ Союзу бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү Концепциясын иштеп чыгууга катышкан, бирок ал кабыл алынган эмес.

Ошондой эле ЖӨБ Союзу эки ченемдик маселени чечүүнү тездетүүнү сунуштады: ЖӨБ органдары менен мамлекеттик органдардын ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү; ошондой эле КР ЖӨБ Союзу менен ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктарына тиешелүү бюджеттик маселелер боюнча ЧУА долбоорлорун макулдашуу механизмдерин КР Бюджеттик кодексине киргизүү.

Материалды толугу менен “Муниципалитет” журналынын 146-чыгарылышынан окуй аласыз...