Швейцария жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жарандардын катышуусу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу боюнча эл аралык конференцияны колдоого алды

03.03.2022 11:50
ПРЕСС - РЕЛИЗ
2022-жылдын 3-марты.
Бишкек, Кыргызстан
Швейцария жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жарандардын катышуусу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу боюнча эл аралык конференцияны колдоого алды

2022-жылдын 28-февралынан 3-мартына чейин Ош жана Бишкек шаарларында “Жакшырган жашоо шарттары – жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен жарандардын биргелешкен ишинин натыйжасы” аттуу эл аралык конференцияда Кыргызстандын бардык аймактарынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) жана жергиликтүү жамааттардын 100дөн ашык өкүлү ар кайсы өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүштү.

Катышуучулар конференцияда Швейцария, Казакстан, Өзбекстан, Латвия, Нидерланддар, Орусия, Түркия, Монголия сыяктуу бир катар өлкөлөрдүн тажрыйбасын өздөштүрүштү. Катышуучулар бул өлкөлөрдүн жарандарды бюджеттик процесске тартуу ыкмаларын, жергиликтүү экономиканын, мейкиндиктин жана коомдун өнүгүүсүн пландаштырганды үйрөнүшүп, кызмат көрсөтүүлөргө мониторинг жүргүзүүнүн жаңы тажрыйбасы менен тааныша алышты. Ошондой эле конференциянын катышуучулары Кыргызстандагы пандемия учурунда “Жарандык бюджет” онлайн тиркемесин колдонуунун артыкчылыктары жана Кыргызстандын өкмөттүн эмес уюмдарынын колдоосу менен жергиликтүү кызматтар кантип көрсөтүлүп жатканы менен таанышты. Мындан тышкары Орусиянын, Монголиянын, Швейцариянын жана Казакстандын сабактары талкууланды. Конференциянын бардык материалдары Мыкты тажрыйбалар порталында жайгаштырылат. Дареги: www.myktyaimak.gov.kg 

Эл аралык конференция Швейцария Өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында өттү. Долбоор жарандардын жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуу процесстерине жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга салым кошкон. 2015-жылдан бери бюджеттик угууларга 100 000ден ашык адам катышып, 700 000ден ашуун адам сапаты оңолгон жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жана социалдык инфраструктураларды колдонуп жатышат. Мисалы, мектепке чейинки мекемелер жана жаңы мектептер ачылды, ичүүчү суу менен камсыздоо жолго салынып, таштандыларды жок кылуу, көчөлөрдү жарыктандыруу, эс алуу, спорт жана маданият жаатындагы кызмат көрсөтүүлөр оңолду.

“Заманбап дүйнөдө аймактын ийгилиги колдо болгон ресурстар менен гана эмес, башкаруунун жаңы аспаптарын колдонуу жөндөмү жана шыгы менен, калктын чыгармачыл катышуусунан пайда алуу менен да аныкталат. Жарандар менен маңыздуу жана эффективдүү байланыш түзүү, аларга кырдаалды жакшы жакка өзгөртүүгө жана жергиликтүү өнүгүүгө салым кошуу менен, өз жамаатындагы жашоону жакшыртууга мүмкүнчүлүк берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ийгилигинин маанилүү фактору болуп саналат”, - деди долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев.

Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Оливье Бангертер буларды белгиледи: "Швейцарияда жарандардын көпчүлүк көйгөйлөрү жергиликтүү деңгээлде каралып, чечилет. Бул жакшы иштейт, себеби бул көйгөйдү аныктоонун жана аны чечүүнүн эң тез жолу. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Швейцариянын өнүгүүсүндөгү, анын ичинде экономикасындагы негизги элемент”.

Конференцияны КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги, КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу, Өнүктүрүү саясат институту жана Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы биргелешип уюштурушкан.

Долбоордун жыйынтыктары тууралуу кененирээк маалыматты www.dpi.kg жана www.vap.kg сайттарынан алса болот.

Жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн долбоор тууралуу толук маалымат алуу максатында Нургуль Жаманкуловага кайрылсаңыз болот, тел.: (0555/0500) 313-385, (0770) 771-711, email: njamankulova@dpi.kg 

Кыргызстан менен Швейцариянын кызматташтыгы тууралуу толук маалымат алуу үчүн: Турсунай Чодурова, Швейцариянын Элчилиги, тел.: (0312) 301036, (0770) 710054, email: tursunai.chodurova@eda.admin.ch