Биздин уюм

“Өнүктүрүү саясат институту” коомдук бирикмеси (ӨСИ) — мыйзам чыгаруунун, мамлекеттик жана муниципалдык башкарууну реформалоонун, жергиликтүү өз алдынча башкарууну (ЖӨБ) өнүктүрүүнүн, жамааттардын жана массалык коммуникациялардын ар кандай чөйрөлөрүндө көп жылдык таанылган тажрыйбасы бар эксперттердин башын бириктирген кыргызстандык коммерциялык эмес бейөкмөт уюм.

ӨСИ миссиясы — жергиликтүү жамааттарга жана башкаруу органдарына адамдын татыктуу жашоого болгон укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн иш жүзүнө ашыруусуна көмөктөшүү. 

Институттун иш аракеттеринин багыттары:

  • Саясий, административдик жана финансылык децентралдаштыруу.
  • Улуттук жана жергиликтүү мыйзам чыгаруу.
  • Мамлекеттик жана жергиликтүү финансыларды башкаруу.
  • Жергиликтүү экономикалык өнүгүү.
  • Коомдук мүлктү башкаруу жана коомдук жана жеке секторлордун өнөктөштүгү.
  • ЖӨБ органдарынын потенциалын күчөтүү.
  • ЖӨБ органдарынын мамлекет менен болгон өз ара мамилеси жана карым-катнашы.
  • Жарандардын бюджеттик процессте катышуусу, мамлекеттик жана муниципалдык ж.б. ресурстарды башкаруудагы ачык-айкындуулук.
  • Мамлекеттик жана ЖӨБ органдарынын карамагында турган маалыматка болгон жеткиликтүүлүк.
  • Экономикалык журналистика.
  • Аймактык (жергиликтүү) ММК өнүктүрүү. 
  • Калктын экономикалык жана каржылык билимин жогорулатуу.
  • «Муниципалитет» журналы. 

ӨСИнин 2021-2025-ж.ж. карата Өнүгүү стратегиясы: 2015-жылы ӨСИ уюмдун 2015-2019-жылдарга карата, 2021-жылы – 2021-2025-жылдарга карата Өнүгүү стратегиясын кабыл алды. Бул Стратегияны даярдап жаткан учурда ӨСИ туруктуу уюм катары калыптанып калган.

2021-жылы уюм көптөгөн туруктуу жана ассоциацияланган кызматкерлерди – мыйзам чыгаруу чөйрөсүндө, мамлекеттик жана муниципалдык башкарууну реформалоодо, ЖӨБдү өнүктүрүүдө көп жылдык тажрыйбасы бар эксперттердин башын бириктирди. Ошол эле учурда ӨСИ Кыргыз Республикасында (КР) жергиликтүү өнүгүү чөйрөсүндөгү техникалык жардам долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырууну улантууда.

Печатная версия