Мыйзам чыгаруучулук

Бул түрмөк Өнүктүрүү саясат институтунун дарегине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан түшкөн суроолордун негизинде даярдалды. Муниципалитеттердин суроолоруна жоопторду ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристтери Бектурган ОРОЗБАЕВ жана Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдашты.

  • Мектептеги ысык тамак, окуучуларды талаа иштерине тартуу жана жашыруун каттар үчүн кутучалар жөнүндө
    Мыйзам КР Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы билим берүүчү мектептеринин тутумунда окуучуларды тамактандырууну уюштуруунун тартибин аныктайт. Мыйзамга ылайык, шаардык жана айылдык жалпы билим берүүчү мектептеринин окуучуларын тамактандыруу алар билим алган жерде уюштурулат. Жоопту толук окуу…
  • Мектепти каржылоого кеткен чыгымдар тууралуу
    Суроо: 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорунда орто мектептерди каржылоого кеткен чыгымдарды пландаш керекпи?
    Жооп: 2019-жылдын 22-мартында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри менен өткөн кеңешменин №17-1321 Протоколунун III Бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык, орто билим берүүчү мекемелерди (мектептерди) каржылоону жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке которуу баскыч-баскычы менен жүргүзүлөт. Жоопту толук окуу…
  • Эл каттоону жергиликтүү бюджеттен каржылоо тууралуу
    Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзуна анын мүчөлөрүнөн – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан кайрылуулар түшүп жатат. Ал кайрылууларда ЖӨБ органдары райондук администрация башчыларынан кат алып жатышканы, ал катта Өкмөттүн токтомунда каралган иш-чараларды аткаруу үчүн акча бөлүү зарыл экени айтылат. Толук окуу…
  • Берилген ыйгарым укуктар боюнча отчеттуулук жөнүндө
    Суроо: Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча органдар жана ЖӨБ органдарынын башчыларынын отчеттуулугунун бекитилген формасы барбы? Мындай отчетту берүүнүн бекитилген тартиби барбы?
    Жооп: Отчеттуулуктун формасы, аны берүү мөөнөттөрү жана тартиби тийиштүү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимде же мыйзамда белгилениши керек. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 113-беренесине ылайык, мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамда каралган ыйгарым укуктарына кийлигишүүгө укуксуз. Жоопту толук окуу... 
  • ЖӨБ менен ЖМАнын өз ара мамилелери тууралуу
    Суроо: 
    ЖӨБ органдарынын же анын жетекчилеринин кайсы пландарын жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары беките алат же муну жасашы керек?
    Жооп: Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын ченемдерине ылайык, жергиликтүү мамлекеттик администрация ЖӨБ органдарынын ишине кийилигишүүгө жана ЖӨБ органдарынын кандайдыр бир өнүгүү программаларын (пландарын) жана башка документтерин бекитүүгө укугу жок. Жоопту толук окуу...
  • Саясий партиялардын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу жөнүндө
    Суроо: Эмне үчүн саясий партиялардан депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүгө байланыштуу айылдык аймактар үчүн чектөө киргизилген жана бул эмне менен негизделет?
    Жооп:
    Биздин өлкөнүн шайлоо мыйзамдарында, аны менен катар 2011-жылдын 14-июлундагы №98 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамында саясий партиялардын атынан депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү үчүн саясий партияларга чектөөлөр белгиленген эмес: Жоопту толук окуу...
  • Жергиликтүү кеңештин мамлекеттик маанидеги маселелерди чечүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө
    Суроо: Жергиликтүү кеңеш жергиликтүү маанидеги маселелерге кирбеген маселелерди кантип чече алат? Мисалы, жарандар ФАП үчүн жабдуу сатып алууга байланыштуу маселе менен  кайрылганда эмне кылыш керек?
    Жооп: 
    “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 18-бернесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Мыйзамда саналып өткөн ыйгарым укуктар ушуну менен бүттү деп эсептелбейт жана жергиликтүү жамааттар менен алардын органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну чектебейт. Жоопту толук окуу...
  • Депутаттык мандатты мамлекеттик кызмат менен айкалыштыруу жөнүндө
    Суроо: Бир айылдык кеңештин депутаты болуп шайланып, ошол эле маалда башка айылдык аймакта же шаарда мамлекеттик мекемеде жетектөөчү кызматты ээлөөгө мыйзамдар кандай учурларда жол берет?
    Жооп: 
    Мыйзамдар менен айылдык (шаардык) кеңештин депутаты болуп, ошол эле маалда башка айылдык аймакта/шаара мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болууга мүмкүнчүлүк берилет. Жоопту толук окуу...
  • Кеңештин айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы менен өз ара аракети
    Суроо: Жооптуу катчы сессиянын жүрүшү тууралуу маалыматты толук чагылдырбаганы үчүн айылдык кеңештин төрагасы кеңештин сессиясынын протоколун жүргүзүү милдетин депутаттардын бирине жүктөй алабы? Айылдык кеңештин ишинде жооптуу катчынын иш-аракеттерине кантип таасир этүүгө болот?
    Жооп: 
    Айылдык кеңештин сессиясынын протоколдорун жүргүзүү милдетин депутаттардын бирине жүктөгөнгө уруксат берилбейт. Анткени депутат сессияга коюлган маселелерди талкуулоого жана добуш берүү жолу менен чечим кабыл алууга катышууга тийиш. Жоопту толук окуу…

  • Ресурстарды жана жергиликтүү бюджетти башкару
    Суроо: Жайыттарды колдонгону үчүн акыны бекитүү үчүн кандай документтер талап кылынат? Айылдык кеңеш жайыт комитетинин бюджетин бекитиши керекпи? Жайыт кеңеши бюджеттин аткарылышы тууралуу кеңеш алдында отчет бериши керекпи? 
    Жооп: Жайыттар жөнүндө” КР Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, тескөө укугун кошпогондо, мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу үчүн жоопкерчилик жана контроль жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берилет.Жоопту толук окуу…

  • Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ЖӨБ органдарынын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө 
    Суроо: Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ЖӨБ органдарынын конкреттүү ыйгарым укуктары, милдеттери жана жол-жоболору кандай? 
    Жооп:
    Тилекке каршы, “Жер казынасы жөнүндө” КР Мыйзамынын 9-беренеси жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктарын бириктирип салган. Жоопту толук окуу… 

Кен казуучу компаниялардан жергиликтүү бюджетке түшкён салыктар жана жыйымдар жөнүндө 
Суроо: Айылдык аймактын чегинде жайгашкан кендерде инерттүү материалдарды казган компаниялар жергиликтүү бюджетке кандай салыктарды жана жыйымдарды төлөшү керек?
Жооп: ​
 Пайдалуу кендерди казган компаниялардан жергиликтүү бюджетке:

  • ​жер казынасын пайдалануу үчүн салык (роялти)
  • жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн төлөм түшөт.Жоопту толук окуу… 

 

rss Подписаться на RSS ленту