Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарды колдонуунун актуалдуу маселелери: Суроолордун-жооптордун жыйнагы

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарды колдонуунун актуалдуу маселелери: Суроолордун-жооптордун жыйнагы
31.07.2019 12:12, —
 Мыйзам чыгаруучулук

Жыйнак Кыргыз Республикасынын бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын аткаруу органдарына бекер берүүгө арналган.

УДК 351/354
ББК 67.99(2)1
М 22

Жалпы редакция:
Алышбаев К.К. – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын (МКК) директорунун орун басары
Бекиев Б.Ж. – «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун жетекчиси
Жыйнакты даярдоодо көмөк көрсөткөндөр:
Күмүшбеков Н.Т. - «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун муниципалдык кызмат боюнча адиси
Бегалиева Н.А. - КР МККнын Муниципалдык кызмат бөлүмүнүн башчысы
Бурканова А.И. - КР МККнын Муниципалдык кызмат бөлүмүнүн башкы адиси
Асыкбаева А.А - КР МККнын Муниципалдык кызмат бөлүмүнүн жетектөөчү адиси

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарды колдонуунун актуалдуу маселелери: Суроолордун-жооптордун жыйнагы.-Б.: 2019.-77 б.
ISBN 978-9967-9153-7-4

Жыйнак Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылары күнүмдүк жумуштарында туш болушкан 120 суроодон жана жооптон турат. Суроолор Кыргыз Республикасынын аймактарында өткөрүлгөн семинарлардын жана «тегерек үстөлдөрдүн» убагында жыйналган. Жооптор 2019-жылдын 1-майына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын ченемдерине ылайык даярдалган.

Жыйнак мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга, студенттерге жана окутуучуларга, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кызыккан башка адамдарга арналган. Жыйнакка ошондой эле ушул жыйнактын, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын, «Мен – жергиликтүү кеңештин депутатымын: Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын 150 суроосуна жөнөкөй жооптор» жыйнагынын электрондук версияларын камтыган диск кошулган.

Жыйнак Кыргыз Республикасынын бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын аткаруу органдарына бекер берүүгө арналган.

Басылма Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» Долбоорунун колдоосу менен басылып чыкты. Басылмадагы ой-пикирлер, тыянактар, корутундулар жана сунуштамалар авторлордун позициясына жана тажрыйбасына таянат, бирок сөзсүз эле Швейцария өкмөтүнүн же Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттигинин (SDC) көз карашын чагылдыра бербейт.

М 1203020200-19 УДК 351/354
ISBN 978-9967-9153-7-4 ББК 67.99(2)1

Жыйнактын электрондук версиясы www.dpi.kg («Китепкана» бөлүмү), www.vap.kg («Басылмалар» бөлүмү) сайттарында жеткиликтүү.

Бардык укуктар корголгон. Бул басылмадагы материалдарды толугу менен же кайсы бир бөлүгүн электрондук, механикалык, сүрөт көчүрмөсү, үн жаздыруучу, эсте тутууга жардам берүүчү жана маалымат издөөчү каражат аркылуу колдонууда же жайылтууда сөзсүз түрдө бул басылманын укуктук жактан ээсине төмөнкү э-почтанын дарегине маалымдап коюңуз: office@dpi.kg