Өнүктүрүү саясат институту саламаттыкты сактоо маселесин жергиликтүү маанидеги маселелердин катарына кошууга каршы

Өнүктүрүү саясат институту саламаттыкты сактоо маселесин жергиликтүү маанидеги маселелердин катарына кошууга каршы
12.02.2019 10:24, —
 Мыйзам чыгаруучулук

Төмөндө келтирилген жүйөлөр жана эксперттик корутунду 2019-жылдын 26-февралында Парк отелде өтө турган коомдук угууда да айтылат.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

ӨНҮКТҮРҮҮ САЯСАТ ИНСТИТУТУНУН ПИКИРИ ЖАНА СУНУШТАРЫ

Мыйзам долбоору менен “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүн төмөнкүдөй мазмундагы жергиликтүү маанидеги маселе менен толуктоо сунушталууда:

«23) саламаттык сактоо программаларын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу».

Мыйзам долбоорун карап чыгып, аталган маселени жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмегине киргизүү төмөнкүдөй жүйөлөрдөн улам мыйзамдарга карама-каршы келет жана максатка ылайык эмес деп эсептейбиз.

КР Конституциясынын 3-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик  мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш милдеттери менен ыйгарым укуктарын так ажыратуунун принциптерине негизденет. КР Конституциясынын 5-беренесинин 3-пунктуна ылайык, мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында мамлекеттик органдардын компетенциясына кирген мамлекеттик маанидеги маселелер, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирген жергиликтүү маанидеги маселелер так аныкталышы керек. Мындай мамиле тигил же бул функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн жооптуу болгон башкаруу органдарын аныктоого, ошондой эле аларды аткаруу үчүн финансы жана башка ресурстарды аныктоого жол ачат. Мунун баары ар бир жооптуу башкаруу органына өзүнө жүктөлгөн функцияларды жана ыйгарым укуктарды эффективдүү жана талаптагыдай түрдө аткарууга шарт түзөт.

КР Конституциясынын 47-беренесине ылайык, ар бир адам ден соолугун коргоого укуктуу жана мамлекет ар бир адамды медициналык жактан тейлөө үчүн шарт түзөт. Бул конституциялык кепилдиктерди мамлекет өлкө боюнча бирдей деңгээлде камсыздоого тийиш жана алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү бюджеттердин мүмкүнчүлүктөрүнө байланбашы керек. Ушул себептен улам “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” КР Конституциялык мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү социалдык-экономикалык чөйрөдө, жаштар саясатында, маданият, көркөм өнөр, туризм, спорт, илим, интеллектуалдык менчик, билим берүү, саламаттыкты сактоо, эмгек, иш менен камсыз кылуу жана башка чөйрөлөрдө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат.

“Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

  • Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттык сактоо жаатындагы конституциялык укуктарын камсыз кылуу;
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жана аны жүзөгө ашыруу боюнча чараларды, ошондой эле саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү;
  • жарандардын саламаттыгын сактоо жана мамлекеттик саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү боюнча улуттук, мамлекеттик, максаттуу программаларды кабыл алуу, каржылоо жана алардын ишке ашырылышын контролдоо;
  • жарандардын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын ишин координациялоо жана жетектөө (8-берене);

Саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын (тагыраак айтканда, Саламаттык сактоо министрлигинин) негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелинет:

  • жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
  • жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы Мамлекеттик кепилдиктердин программасын, саламаттык сактоонун максаттуу комплекстүү программаларын жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу (10-берене).

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аларга жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы аталган мамлекеттик (!) ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген шартта гана жарандардын саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга катышат (9-берене).

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 18-беренесинде жергиликтүү маанидеги маселелердин арасында жарандардын саламаттыгын сактоо маселелери каралган эмес.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ушул ченемдерине ылайык, жарандардын саламаттык сактоого укугун мамлекет кепилдейт; Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо мамлекеттик ыйгарым укук болуп эсептелинет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, анын курамына кирген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин компетенциясына кирет; Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо боюнча маселелер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш милдетине кирбейт.

Мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү боюнча конституциялык принципти аныктап алуу максатында 2016-жылдын 6-июлундагы №99 “Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамы менен тармактык мыйзамдарга (жалпысынан 24 мыйзамга), анын ичинде саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга бир катар өзгөртүүлөр киргизилген. Анын ичинде:

  • “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” КР Мыйзамына;
  • "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" КР Мыйзамына;
  • "Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө" КР Мыйзамына;
  • "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" КР Мыйзамына;
  • "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" КР Мыйзамына;
  • "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" КР Мыйзамына.

Ошентип, бул өзгөртүүлөргө ылайык, саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте аталган мамлекеттик (!) ыйгарым укуктарды өткөрүп берген учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктарга ээ болушу мүмкүн.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 49-беренесинин 3-бөлүгү мамлекеттик органдарга билип туруп тиешелүү компенсацияны камсыз кылбастан жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын көбөйтүүгө алып келүүчү иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча чечимдерди кабыл алууга тыюу салат.

Мындан тышкары, ченемдик укуктук актынын долбоорунун маалымкат-негиздемесинде аны каржылоонун булактары көрсөтүлгөн эмес. Муну менен “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 25-беренеси бузулууда.

Ошондой эле биздин өлкөнүн тармактык мыйзамдарында эки жүздөн ашуун мыйзамда жана мыйзамдык акттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерге кирбеген кошумча функциялары жана ыйгарым укуктары камтылганын эске алуу зарыл. Бул функцияларды жана ыйгарым укуктарды “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамына механикалык түрдө кошуу бир топ көйгөйлөрдү жаратат. Мисалы, жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмеси эч кандай жүйөсүз жана чексиз узара берет, алар формалдуу түрдө бекитилет, алар иш жүзүндө аткарылбайт же натыйжасыз эле аткарылат.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде “саламаттык сактоо программаларын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу” маселесин тизмеге кошуу КР Конституциясынын, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” КР Конституциялык мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын, “ЖӨБ органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө” КР Мыйзамынын, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” КР Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын  башка мыйзамдык акттарынын ченемдерине карама-каршы келет деп эсептейбиз.

Саламаттык сактоо программаларын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн учурда жарандардын саламаттык сактоо жаатындагы конституциялык укуктарын камсыздоо жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө көз каранды болуп калат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 80 пайыздан ашыгы дотацияда турганын эске алганда, жарандардын конституциялык укугун камсыз кылуу үчүн бул шарттар Кыргыз Республикасынын көпчүлүк бөлүгүндө түзүлбөйт.