PSI: Аял лидерлигинин жөндөмдөрүнө жана шайлоо процесстерине катышуу боюнча үч күндүк тренингге катышуу үчүн потенциалдуу аял-талапкерлер арасында тандоо сынагы

28.01.2021 15:08 — 11.02.2021 17:00

Өтүнмөнү толтурууга байланыштуу суроолор пайда болсо Долбоордун жооптуу кызматкерине, Жылдыз Абдылдаеванын электрондук дарегине кат жазыңыз: Zhyldyz.Abdyldaeva@helvetas.org же телефон аркылуу байланышыңыз: 0772005959.

Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцария Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу каржыланган,
Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) тарабынан ишке ашырылып жаткан
"Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу" Долбоору
аял лидерлигинин жөндөмдөрүнө жана шайлоо процесстерине катышуу боюнча
үч күндүк тренингге катышуу үчүн
потенциалдуу аял-талапкерлер арасында тандоо сынагын жарыялайт

Катышуучуларга коюлган талаптар:

  • Жашы 21 жаштан улуу болушу керек.
  • Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы долбоор камтыган айыл аймактарынын туруктуу тургуну болуусу зарыл (муниципалитеттердин тизмеси төмөндө берилген).
  • Алдыдагы жергиликтүү шайлоого катышууга жана өзүнүн айылын өнүктүрүүгө салым кошо алган активдүү жаран болуусу керек.
  • Үч күндүк тренингге жана ага жигердүү катышууга даярдыгы болушу зарыл.
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен иш тажрыйбасынын болушу (бирок милдеттүү түрдө эмес); жергиликтүү коомчулук менен иш тажрыйбасынын болушу зарыл.

Тренингдин өткөрүлүшү 2021- жылдын февраль айынын экинчи жарымына пландаштырылууда.

Жогоруда көрсөтүлгөн бардык талаптарга жооп берген талапкерлер, 2021-жылдын 11-февраль саат 17:00гө чейин өтүнмө формасын толтуруп, төмөндө берилген жолдордун туура келген бирөөсү аркылуу жибере алат:

  • шилтеме аркылуу өтүп, онлайн өтүнмөнү толтуруу: https://forms.gle/sW1qXsV4vA1Na56R8
  • Zhyldyz.Abdyldaeva@helvetas.org дареги боюнча электрондук почтага «Тренинг» деген тема менен;
  • Кагаз түрүндөгү өтүнмөлөрдү Долбоордун регионалдык кеңселерине төмөнкү даректер боюнча тапшыруу зарыл:
    • Ысык-Көл обсулу, Каракол шааары, Алыбаков көчөсү, 136.
    • Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Абдырахманов көчөсү, 9.

11- февралдан кийин жеткирилген документтер каралбайт.

Өтүнмөнү толтурууга байланыштуу суроолор пайда болсо Долбоордун жооптуу кызматкерине, Жылдыз Абдылдаеванын электрондук дарегине кат жазыңыз: Zhyldyz.Abdyldaeva@helvetas.org же телефон аркылуу байланышыңыз: 0772005959.

Жүктөө үчүн материалдар: Сынактын шарттары жөнүндө маалымат жана өтүнмө формасы