Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын муниципалитеттери Швейцариянын колдоосу менен жарандардын турмуш шартын оңдошот

26.04.2017 14:31
Толук маалымат алуу үчүн: Турсунай Чодурова, Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин коомчулук менен байланыш боюнча адиси, тел.: 0312 301036 (доб. 803777), сот.: 0770 710054, эл.дареги: tursunai.chodurova@eda.admin.ch
Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын муниципалитеттери Швейцариянын колдоосу менен жарандардын турмуш шартын оңдошот

2017-жылдын 26-апрелинде Бишкекте жалпы суммасы 43 миллиондон ашык сомго грант алууга сертификаттарды тапшыруу аземи өттү. Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга багытталган сертификаттарды Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы 13 муниципалитет алды.

Сертификаттарды тапшыруу аземи “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында өттү. Аталган долбоор муниципалитеттердин кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын, жеткиликтүүлүгүн жана туруктуулугун жакшыртуунун эсебинен элет жергесиндеги адамдардын жашоо шартын оңдоого көмөктөшөт. Долбоор Кыргызстандагы ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып, Өнүгүү жана Кызматташтык боюнча Швейцария Башкармалыгы тарабынан каржыланат.

Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча мыкты иш-аракеттер планына конкурс Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы муниципалитеттер арасында жарыяланган. Долбоордун талаптарынын бири – муниципалитеттин жалпы суммадан 10% кем эмес өз салымы болууга тийиш. Белгилей кетчү жагдай, талапкерлер 50% тегерегинде кошо каржылоого даярдыгын билдиришкен. Бул болсо жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуунун мааниси жана актуалдуулугу жогору болгонунан кабар берет.

Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча аракеттер планы системалуу усул түрүндө болот жана ал артыкчылыктуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аныктоого жол ачып, аларды пландоого, уюштуруу жана жеткирүү иштерин жакшыртууга жардам берет. Муниципалитеттер бул усулду “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун колдоосу менен пайдаланышкан.

“Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу үзгүлтүксүз процесс болгонун эстен чыгарбаш керек”, - деп белгиледи Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Миссия Башчысынын орун басары Даниель Мевли Монтелеон. “Сөз жаңы жабдууну сатып алуу же инфраструктура объекттеринин курулушу тууралуу гана болгон жок. Биринчи кезекте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тийиштүү башкаруу тууралуу сөз жүрүүдө. ЖӨБ органдары техникалык тейлөөгө чыгымдарды жабууну жана узак мөөнөттүү келечекте кызмат көрсөтүүнүн туруктуулугун камсыздай алышат”.

Муниципалитеттер таза сууга жеткиликтүүлүк боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү; балдар жана жаштар үчүн бош убакытты уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү; турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүн жакшырта алышат. Жалал-Абад жана Ысык-Көл облусундагы 13 муниципалитеттеги 13 жеңүүчү долбоордун тизмеси төмөнкүдөй болду:

  1. Токтогул шаары – турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу
  2. Курманбек АА – таза сууга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу
  3. Бешик-Жон АА – таза сууга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу
  4. Жаңы-Жол АА, Токтогул – турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу
  5. Кеңеш АА – таза сууга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу
  6. Авлетим АА – көчөлөрдү жарыктандырууну жакшыртуу
  7. Жаңы-Жол АА, Аксы – көчөлөрдү жарыктандырууну жакшыртуу
  8. Торкент АА – билим берүү кызмат көрсөтүулөрүн жакшыртуу (мектептеги ашкана)
  9. Авлетим АА – билим берүү кызмат көрсөтүулөрүн жакшыртуу
  10. Көк-Ирим АА – мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу
  11. Каргалык АА – бош убакытты уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу (сейил бак)
  12. Токтогул шаары – бош убакытты уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу (балдар чыгармачылык үйү)
  13. Тогуз-Торо АА – билим берүү кызмат көрсөтүулөрүн жакшыртуу (мектептеги ашкана)
  14. Кеңеш АА – турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу
  15. Курманбек АА – мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу
  16. Балыкчы шаары – бош убакытты уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу (сейил бак)
  17. Арал АА - таза сууга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу

Буга чейин 2016-жылы PSI Долбоору 42 млн. сомдон ашык суммага 12 муниципалитет берген кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча 14 демилгени колдоп берген.

***

Швейцария Өкмөтү Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө көмөктөшүп, саламаттык сактоо, жеке секторду өнүктүрүү, мамлекеттик секторду реформалоо жана инфраструктура өңдүү тармактардагы долбоорлорду колдоп келет.