Ысык-Көл облусунун 5 айылы биргеликте таштанды жыйнашууда

17.07.2023 14:21
Ысык-Көл облусунун Кызыл-Суу айыл аймагы таштанды чыгаруу маселесин 5 айылдын муниципалиттер аралык кызматташуу жолу менен чечти.
Ысык-Көл облусунун 5 айылы биргеликте таштанды жыйнашууда

Ысык-Көл облусунун Кызыл-Суу айыл аймагы таштанды чыгаруу маселесин 5 айылдын муниципалиттер аралык кызматташуу жолу менен чечти. Бул тууралуу “Таштандыдан арылуунун жолдору” аттуу журналисттерге жана жарандык коомдун өкүлдөрүнө арналган тренингде жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча эксперт Нурбек Имакеев билдирди. Айтымында, аймактарда таштанды чыгаруу маселесин чечүүнүн түрдүү жолдору бар.

“Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, Хельветас жана Саясат өнүктүрүү институту тарабынан ишке кирген “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору иштейт. Анын алкагында жер-жерлерде таштандыларды жыйноо, чыгаруу жана утилизациялоо боюнча кызматтарды уюштурууга жардам берилет. Ийгиликтүү тажрыйбалардын бири катары – Кызыл-Суу айыл аймагын атам кетем. “Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасы түзүлүп, ал 5 айылдын таштандысын тазалайт: Кызыл-Суу, Оргочор, Саруу, Дархан жана Светлая Поляна айылдары”, - деди Нурбек Имакеев.

Муниципалдык ишканаларды өнүктүрүү менен бирге айыл тургундарынын арасында жигердүү маалымат саясаты керек. Баары эле таштанды жыйноо үчүн акча төлөгөнгө даяр эмес.

“Биз байкадык, шаар тургундары муниципалдык ишкананын кызматы үчүн акча төлөгөнгө макул. Ал эми айыл тургундары арасында ай сайын төлөмдү жүргүзүүдө кыйынчылыктар бар. Анын бирден бир себеби – кедейчилик. Бул проблеманы жергиликтүү бийлик бюджеттен субсидия берүү жолу менен чече алат. Анткени кызмат көрсөткөн тарапка да туруктуу иш керек”, - деп, кошумчалады Нурбек Имакеев.

Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, Хельветас жана Саясат өнүктүрүү институту тарабынан ишке киргизилген “Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” аттуу долбоору (II фаза) 2019-2024-жылдарга багытталган.