ЖДККЖ долбоору жаңы окуу-методикалык комплексти иштеп чыгууга колдоо көрсөттү

15.02.2024 18:56
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасы» (СЭӨП) курсу боюнча окуу-методикалык комплекстин долбоору Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы тарабынан тартууланды.
ЖДККЖ долбоору жаңы окуу-методикалык комплексти иштеп чыгууга колдоо көрсөттү

2024-жылдын 15-февралында Бишкек шаарында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасы” (СЭӨП) курсу боюнча окуу-методикалык комплекстин (ОМК) долбоорунун бет ачары болуп өттү. Иш-чара Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы1 (БАЖБА) тарабынан демилгеленип, Швейцария Өкмөтү тарабынан каржылоосунда Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту уюмдарынын консорциуму тарабынан ишке ашырылган «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун колдоосунда уюштурулган. 

«Бул курс «Натыйжалуу муниципалдык башкаруу» квалификациясын жогорулатуу программасынын өзөктүү курстарынын бири болуп саналат. Ал эми окуу-методикалык комплекс мугалимдерге жана тренерлерге ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү үчүн тренингдерди жана консультацияларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүү максатында иштелип чыккан. Максаты – муниципалитеттин социалдык-экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгуу процессинде жергиликтүү кеңештин депутаттарынын, айыл өкмөт башчыларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу жана СЭПтү иштеп чыгууда жаңы методологияны иш жүзүндө колдонууга үйрөтүү», – дейт окуу комплексинин авторлорунун бири Айнура Балакунова.

Окуу-методикалык комплекстин долбоору «Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн» Коалициясы» Программасынын (КР ЖӨБ Союзу, БАЖБА жана ӨСИ), Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнө, эксперттерге  жана өнөктөштөргө тартууланды.

Окуу-методикалык комплекстин долбоорунун презентациясы аяктагандан кийин катышуучулар анын мазмунун талкуулап, жеке тажрыйбага жана билимге таянуу менен пикир алмашып, сунуштарын айтышты.

Окуу-методикалык комплекс Борбордук Азиянын жергиликтүү  башкаруу Академиясынын жана Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун алкагында эки тараптуу Гранттык макулдашуунун негизинде иштелип чыккан.

 

________________ 

1 Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы (БАЖБА) – Кыргыз Республикасынын жана башка Борбордук Азия мамлекеттеринин жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү жана өркүндөтүү, муниципалдык кызматкерлердин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын потенциалын чыңдоо максатында түзүлгөн мекеме. БАЖБА «Муниципалитет» журналы менен бириктирилген ЖӨБ мыкты тажрыйбалар Порталынын оператору болуп саналат. БАЖБАнын негиздөөчүлөрү болуп «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу» АӨУ жана «Өнүктүрүү саясат институту» бейөкмөт уюму саналат.