Талас жана Чүй облустарынын айыл өкмөттөрү жергиликтүү кызматтарды жакшыртуу үчүн чакан гранттарды алышат

22.11.2022 19:17
Гранттык колдоо «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун алкагында сынактык негизде көрсөтүлөт.
Талас жана Чүй облустарынын айыл өкмөттөрү жергиликтүү кызматтарды жакшыртуу үчүн чакан гранттарды алышат

16-ноябрда Бишкекте Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата жана Чүй райондорунун, 21-ноябрда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кара-Буура айыл өкмөтүнөн жыйындар залында Талас облусунун Бакай-Ата, Кара-Буура жана Манас райондорунун муниципалитеттери үчүн Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланып, ХЕЛВЕТАС эл аралык уюму жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоору жана ЖӨБ Союзу тарабынан аталган долбоор менен тааныштыруу семинары болуп өттү.

Семинарга КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Канымет Осмонбеков жана Чүй облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Сыргак Кыдыкеев, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас, Ысык-Ата жана Чүй райондорунун акимдери, айыл өкмөт башчылары, Долбоордун жетекчиси Асель Мамбетова жана КР ЖӨБ Союзунун директору Бектурган Орозбаев катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун жетекчиси Асель Мамбетова долбоордун максаттары жана милдеттери тууралуу айтып берди.

"Долбоордун негизги максаты – айылдарды көрктөндүрүү, элди ичүүчү таза суу менен камсыздоо кызматын турукташтыруу, турмуш-тиричилик калдыктарын чыгаруу, коомдук жайларды жарыктандыруу, ар түрдүү ийримдерди ачуу менен жаштарга, балдарга ыңгайлуу шарттарды түзүү, китепкананын иштөөсүн камсыз кылуу, жана башка жергиликтүү жашоочуларга көрсөтүлүп жаткан түрдүү кызматтарды туруктуу, сапаттуу жана жеткиликтүү көрсөтүү боюнча башкаруу системасын түзүү. Жалпылап айтканда Долбоор айыл аймактардагы кызматтардын элге жеткиликтүүлүгүн, сапаттуулугун жана туруктуулугун жакшыртууга багытталган - деп айтты А. Мамбетова.

Аталган долбоордун алкагында ЖӨБ Союзунун ролу жана анын ишмердүүлүгү тууралуу ЖӨБ Союзунун директору Бектурган Орозбаев айтып берди. Ал эми Долбоордун эксперттери Нурбек Имакеев Кеңешбек Эргешов долбоордун максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн “Кызматтарды жакшыртуу аракеттер планын” (КЖАП) иштеп чыгуу шарттарын, муниципалитеттер аралык кызматташуу шарттарын, чакан гранттарды алуу үчүн сынакка катышуу мүмкүнчүлүктөрүн айтып беришти.

Иш-чаранын жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен жогоруда аталган райондук мамлекеттик администрациялардын ортосунда долбоорду ишке ашыруу жана кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.

Сынактын жыйынтыгы менен Чүй облусунун Ысык-Ата жана Чүй, Талас облусунун Бакай-Ата, Кара-Буура жана Манас райондорунан тандалып алынган пилоттук айыл өкмөттөрүнө өз аймагындагы кызматтарды жакшыртуу боюнча иштелип чыккан долбоорлорун ишке ашыруу үчүн чакан гранттар берилет.

Эске салсак, аталган Долбоор 2021-2022-жылдары ЖӨБ Союзу менен биргеликте Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын 54 пилоттук айыл өкмөттөрүндө ийгиликтүү ишке ашырылган.