PSI: Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы пилоттук муниципалитеттеринин арасында СЭӨПтө социалдык жана гендердик сезимталдыктын принциптерин мыкты чагылдыруу боюнча конкурс

16.02.2022 17:09 — 16.03.2022 17:00

Кызыкдар ЖӨБ органдары сканерден өткөрүлгөн конкурстук документтердин толук пакеттерди 2022-жылдын 16-мартында саат 17:00дөн кеч эмес «Конкурска» деген белги менен Жободо көрсөтүлгөн жолдордун бирин колдонуп жеткирип бериши керек.

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу (мындан ары – ЖӨБ Союзу)
жана Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, Хельветас Кыргызстан менен Өнүктүрүү саясат институту тарабынан аткарылган
«Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоору (мындан ары – ЖДККЖ долбоору)

Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы пилоттук муниципалитеттеринин арасында
социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларында социалдык жана гендердик сезимталдыктын (СГС) принциптерин жакшыраак чагылдыруу боюнча конкурс жарыялайт.

Конкурстун катышуучулары – Жалал-Абад жана Ысык-Кɵл облустарындагы ЖДККЖ долбоорунун 26 пилоттук муниципалитети жана ЖƟБ Союзунун 21 пилоттук муниципалитет (тизме тиркелген).

Кызыкдар ЖӨБ органдары сканерден өткөрүлгөн конкурстук документтердин толук пакеттерди 2022-жылдын 16-мартында саат 17:00дөн кеч эмес «Конкурска» деген белги менен altynai.moldoeva@helvetas.org электрондук дарегине жиберишет же кагаз түрүндө Долбоордун аймактык бөлүмдөрүнө төмөнкү даректер боюнча алып келип беришсе болот:

  • Каракол ш., Алыбаков көч. 136, 2-кабат, ЖДККЖ долбоорунун офиси (ориентир “Ысык-Ата” мейманканасы), тел: 0770 800 795, Зулайка Жаманкулова
  • Жалал-Абад ш., Абдырахманов көч. 9, 2-кабат, ЖДККЖ долбоорунун офиси (Октябрь ПМКсынын имараты), моб: 0770 771 911, Эмилбек Алыбаев

ЖҮКТӨП АЛУУ ҮЧҮН ДОКУМЕНТТЕР: