• Биринчи бет ·
  • Долбоорлор ·
  • «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоору (Швейцария Өкмөтү,...

«Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоору (Швейцария Өкмөтү, 2011-2022)

30.12.2011 13:00

WWW.VAP.KG

Долбоордун жетекчиси: Бекболот Бекиев, bbekiev@dpi.kg  
Аткаруучу уюм: Өнүктүрүү саясат институту, КР
Долбоордун мөөнөтү:
Киришүү фазасы: ноябрь 2011 –  март 2012 (каржылоо булагы - Швейцария Өкмөтү (SCO) Улуу Британиянын Эл Аралык Өнүктүрүү боюнча Министрлиги (DFID) менен өнөктөштүктө);
I фаза: апрель 2012 – март 2015 (каржылоо булагы - Швейцария Өкмөтү (SCO) Улуу Британиянын Эл Аралык Өнүктүрүү боюнча Министрлиги (DFID) менен өнөктөштүктө); 
II фаза: апрель 2015 – март 2017 (каржылоо булагы - Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC));
Негизги фаза: апрель 2017 – май 2020 (каржылоо булагы – Швейцария Өкмөтү аркылуу Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC));

III (жыйынтыктоочу) фаза: 2020-жылдын сентябры – 2022-жылдын июну (каржылоо булагы – Швейцария Өкмөтү).

Долбоордун географиясы:
- Киришүү фазасы: Ивановка АА (Чүй), Төрт-Күл АА (Ысык-Көл) жана Ленин (Жалал-Абад);
- I фаза: Багыш АА, Курманбек АА, Сакалды АА, Масы АА, Жаңы-Жол АА, Авлетим АА, Көк-Таш АА, 1-Май АА, Ала-Бука АА, Бешик-Жон АА, Кеңеш АА, Жаңы-Жол АА, Торкен АА, Сумсар АА, Тогуз-Торо АА жана Көк-Ирим АА (Жалал-Абад облусу); Ак-Чий АА, Кара-Жал АА, Бостери АА, Кум-Бел АА, Липенка АА, Жети-Өгүз АА, Арал АА, Тогуз-Булак АА, Улахол АА жана Болот Мамбетов АА (Ысык-Көл облусу);
- II фаза: Ак-Башат АА, Бурана АА, Кызыл-Туу АА, Кочкорбаев АА, Боролдой АА, Кун-Туу АА, Кемин ш., Гроздь АА, Александровка АА, Юрьевка АА, Фрунзе АА, Таш-Мойнок АА (Чүй облусу).
- Негизги фаза: Ак-Талаа району: Ак-Тал АА; Ат-Башы району: Ак-Муз АА; Кочкор району: Кара-Суу АА; Жумгал району: Чаек АА; Нарын району: Учкун АА (Нарын облусу); Өзгөн району: Ак-Жар жана Жазы айылдык аймактары; Кара-Суу району: Шарк жана Кызыл-Суу айылдык аймактары; Ноокат району: Көк-Жар жана Гулистан айылдык аймактары; Араван району: Маңгыт АА; Алай району: Бүлөлү АА; Чоң-Алай району: Чоң-Алай АА; Кара-Кулжа району: Ылай-Талаа АА (Ош облусу).
III (жыйынтыктоочу) фаза: Кыргыз Республикасы.

III фаза

Жыйынтыктоочу фазанын максаты – жетишилген жыйынтыктарды бириктирүү жана алынган тажрыйбаны бардык КРнын ЖӨБ органдары арасында жайылтуу.

Долбоордун жалпы максаты болсо мурдагыдай бойдон кала берүүдө (туюндурмада бир аз өзгөрүүлөр болгонун эсепке албаганда): жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандарды чечим кабыл алуу процессине тартуу менен, мамлекеттик финансыны дагы да ачык-айкын, жоопкерчиликтүү башкарышат.

II фаза 

Долбоордун максаты
- ЖӨБ органдары жарандардын чечим кабыл алуу процессине катышуусун бир кыйла жогорулатуу менен коомдук финансыны дагы да ачык-айкын жана эффективдүү башкара башташат.

I фаза 

Долбоордун максаты 

- Жарандардын жергиликтүү деңгээлдеги бюджеттик процесске катышуу мүмкүнчүлүгүн күчөтүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калкка кызмат көрсөтүүдө жергиликтүү бюджеттин каражаттарын максаттуу багыттоосун камсыздоо.  

Долбоордун ишиндеги негизги багыттар

  • Жарандарды бюджеттик процесске тартуу жана алардын артыкчылыктарын эсепке алуу
  • ЖӨБ органдарынын жарандардын керектөөлөрүнө жооп кайтаруу жөндөмүн күчтөндүрүү
  • Жамааттардын жана БӨУнун жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн күчтөндүрүү
  • Гранттык программа инвестициялык машыктыргыч катары
  • ЖӨБдү өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатын колдоо

Долбоорунун өзөктүк өнөктөштөрү

  • Жергиликтүү кеңештер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары.
  • Жергиликтүү жамааттар, анын ичинде жарандардын формалдуу жана бейформал уюмдары, топтору.
  • Мамлекеттик органдар: КР Жогорку Кеңеши, КР Өкмөт аппараты, КР Президенттик аппараты, КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этникалык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик, КР Финансы министрлиги, КР Мамлекеттик кадр кызматы, КР Экономика министрлиги, КР Эсептөө палатасы, башка мамлекеттик органдар, анын ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрациялар.
  • Жарандык коом уюмдары, эл аралык донор уюмдар, ММК.

Жаңылыктар:

Пресс-релиздер:

Иш чаралар:

Тендеры:

Монитор:

Китепкана: