Швейцария Нарын, Чүй жана Ош облустарынын муктаж болгон жарандарына муниципалитеттер аркылуу гуманитардык жардам көрсөттү

14.07.2020 13:04
14-июль 2020-ж.
Бишкек, Кыргызстан ПРЕСС-РЕЛИЗ
Швейцария Нарын, Чүй жана Ош облустарынын муктаж болгон жарандарына муниципалитеттер аркылуу гуманитардык жардам көрсөттү

Швейцария өкмөтүнүн каржылоосунда Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан “Элдин үнү ана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору COVID-19 пандемиясынын шартында, Нарын, Чүй жана Ош облустарынын отуз жергиликтүү өз алдынча башкаруусу аркылуу 5000ге жакын муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам берүү үчүн 6 миллион сомдон ашык акча каражатын бөлүп берди.

Аталган Долбоор Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саяссат институту тарабынан аткарылат.

Гуманитардык жардам калктын аярлуу топторунун мүчөлөрүнө биринчи кезекте зарыл болгон тамак-аш: ун, макарон, кум шекер, гречиха, коюлтулган сүт, чай жана өсүмдүк майынан турган азык-түлүк топтому катары берилдии. Ар бир үй-бүлөгө берилген мындай топтомдун баасы 1200 сомдун тегерегин түздү. Жардам алуучулардын тизмесине негизинен кирешеси төмөн жана ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үйү-бүлөлөр киргизилген.

Бардык азык-түлүктөр ачык конкурстун негизинде сатып алынды. Ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту камсыздоо максатында жардам алып жаткан муниципалитеттерде комиссиялар түзүлүп, аларга айыл өкмөтү жана мэриянын кызматкерлери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун (БМжБТ) мүчөлөрү жана жергиликтүү жамааттардын активдүү мүчөлөрү кирген.

Комиссиялар жеткирилген гуманитардык жардамды кабыл алууда жана аларды, мурда башка тараптардан көрсөтүлгөн жардамды алган же албагандыгын эске алуу менен түзүлгөн тизмедеги жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таркатып берүүдө да катышышты.  

Мындан сырткары, швейцариялык долбоор айыл өкмөттөрүнүн / мэриянын жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлерине жана аларга келген жарандарга антисептикалык каражаттар менен да камсыздады. 

Долбоор тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн: Нургүл Жаманкулова, Долбоордун коомдук байланшы боюнча адиси: 0555 / 0500 313-385, 0770 771-711, njamankulova@dpi.kg

Кыргызстанда швейцариялык кызматташтык тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн: Турсунай Чодурова, тел.: (0770) 710054, email: tursunai.chodurova@eda.admin.ch

***

Швейцария өкмөтү Кыргызстан менен 1994-жылдан бери кызматташат. Ушу күнгө чейин Швейцария Кыргызстанга техникалык, каржылык жана гуманитардык жардам түрүндө 400 миллион франк (28 миллиард сом) каражат бөлгөн. Толугураак маалыматты  https://www.eda.admin.ch/bishkek веб-сайты аркылуу алсаңыз болот.