Кыргызстандагы ЖӨБ: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги жарандардын жакшы жашоосуна өбөлгө болуп бере алабы?

28.02.2022 08:30
ЖМК үчүн байланыш маалыматы: Нургуль Жаманкулова, Долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси: 0555 / 0500 313-385, 0770 771-711, njamankulova@dpi.kg
Кыргызстандагы ЖӨБ: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги жарандардын жакшы жашоосуна өбөлгө болуп бере алабы?

2022-жылдын 28-февралынан 3-мартына чейин Ош жана Бишкек шаарларында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын, Казакстандын, Өзбекстандын, Латвиянын, Швейцариянын, Нидерландиянын, Орусия Федерациясынын, Түркиянын, Монголиянын жана башка өлкөлөрдүн жергиликтүү өнүгүү жаатындагы тажрыйбасын үйрөнүшөт. “Жакшырган жашоо шарттары – жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен жарандардын биргелешкен ишинин натыйжасы” деген темадагы Конференциянын катышуучулары жана коноктору жарандар бюджеттик процесске, экономиканы, мейкиндикти жана коомду өнүктүрүүнү пландаштырууга кантип катыша аларын, кызмат көрсөтүүлөргө кантип мониторинг жүргүзсө болорун айтып беришет.

Жарандардын катышуусу шаарларды жана айылдарды өнүктүрүүгө баалуу салым кошуп жатканын, ошондой эле укуктук мамлекеттин зарыл шарттарынын бири болгонун практикалык мисалдардын негизинде көрсөтүп берүү – бул эл аралык конференциянын максаты. Конференциянын программасында Кыргыз Республикасынын, Европа Кеңешинин жергиликтүү жана регионалдык бийликтер Конгрессинин мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жогоруда аталган өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн баяндамалары каралган.

Конференциянын катышуучулары, мисалы, Кыргызстанда пандемия учурунда Жарандык онлайн-бюджет кандай мүмкүнчүлүктөрдү берерин, Орусияда жана Монголияда жергиликтүү бюджетке катышуу кантип жолго салынганын, Швейцариянын жарандарында курулуштарга таасир этүүнүн кандай мүмкүнчүлүктөрү бар болгонун, коммерциялык эмес уюмдардын жардамы менен Казакстандагы жана Кыргызстандагы жергиликтүү социалдык кызмат көрсөтүүлөр кантип уюштурулганын биле алышат.

“Заманбап дүйнөдө тигил же бул аймактын ийгилиги колдо болгон ресурстар менен гана эмес, ошондой эле башкаруунун жаңы технологияларын киргизип, калктын жаратман күчүн колдоно алган көндүмдөр жана жөндөмдөр менен да аныкталат. Жарандар менен сапаттуу жана ак ниет байланыш түзүү, аларга аймакта турмуш тиричиликти уюштуруу боюнча өз идеяларын ишке ашырып, жергиликтүү өнүгүүгө салым кошуу үчүн натыйжалуу мүмкүнчүлүктөрдү берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ийгилигинин маанилүү фактору болуп саналат. Бул маселеге байланыштуу тажрыйбалардын жана билимдердин тездик менен көбөйүп жаткан көлөмүн эске алуу менен, аларды жайылтуу зарылчылыгы айдан ачык болуп турат”, - дейт Долбоордун жетекчиси Бекболот БЕКИЕВ.

Конференциянын уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу, “Өнүктүрүү саясат институту” коомдук бирикмеси жана Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы.

Конференциянын бардык материалдары жана мыкты тажрыйбалардын мисалдары ЖӨБдүн мыкты тажрыйбалар порталына жайгаштырылат: www.myktyaimak.gov.kg 

Иш-чара “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору жыйынтыкталып жатканына карата өткөрүлүүдө. Аталган Долбоорду Швейцария Өкмөтү каржылап, 2011-жылдан 2022-жылга чейин Өнүктүрүү саясат институту Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырып келди. Долбоордун жыйынтыктары жөнүндө толук маалыматты бул жерден таба аласыз: www.dpi.kg 

ЖМК үчүн байланыш маалыматы: Нургуль Жаманкулова, Долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси: 0555 / 0500 313-385, 0770 771-711, njamankulova@dpi.kg