Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары кандай иш алып барышат?

13.11.2019 15:25
14-ноябрь 2019-жыл
Бишкек, Кыргызстан
ПРЕСС-РЕЛИЗ

Нарын, Ош жана Чүй облустарынын жыйырма жети муниципалитетинин башчылары жана Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларынын төрагалары Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылдык аймагындагы кесиптештеринин тажрыйбасы менен жеринен барып таанышышат. Иш-чара 2019-жылдын 14-ноябрында өтөт.

Тажрыйба алмашуу сапары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары – ЖӨБЭММА) тарабынан Кыргызстанда 2011-жылдан тарта аткарылып келе жаткан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында өткөрүлөт1.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБО) арасында уюштурулган бул иш-чара Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялардын жана бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу адамдардын ишин уюштуруу маселеси, функциялары жана укук колдонулуучу практикасы боюнча тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучуларынын потенциалын күчөтүү максатында өткөрүлүүдө. Иш сапардын жүрүшүндө катышуучулар Аламүдүн районунун Ленин айыл өкмөтүнө жана Бишкек шаардык мэриясынын Ленин администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясына барып,  аталган Комиссиядардын ишин уюштуруу жана ал үчүн шарттарды түзүү маселелери боюнча маалымат алышат, анткени үйрөнгөн тажрыйбаны ар кимиси өз муниципалитеттерине кайтканда иш жүзүнө ашыруу – тажрыйба алмашуу сапарынын эң негизги максаты» - деди Бекболот БЕКИЕВ, “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун жетекчиси.

ЖМК үчүн байланыш маалымат: Нургүл Жаманкулова, Долбоордун коомдук байланыш боюнча адиси: 0555 / 0500 313385, 0770 771711, njamankulova@dpi.kg  

 

__________

[1] Долбоор ЖӨБ органдарынын жергиликтүү бюджеттин каражатын башкарууда ачыктыгын жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу, калкты жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесске тартууга көмөктөшүү, калк менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосунда диалог курууга жардам берүү жана ЖӨБ органдары чечим кабыл алып жатканда калктын муктаждыктарын эске алгыдай шарт түзүү максатын көздөйт. Долбоорду ишке ашыруунун алкагында бардык муниципалитеттер үчүн түрдүү тренингдер өткөрүлөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы талаптарга ылайык жарандардын ЖӨБгө катышуусун камсыз кылуунун жаңы усулдарын колдонуу боюнча консультациялар берилет, ошондой эле тажрыйба алмашуу боюнча иш-чаралар өткөрүлөт. Толук маалымат: www.vap.kg