"Кыргыз Республикасындагы ЖӨБ: абалы жана келечеги – 2018" жаш изилдөөчүлөрдүн IV докладдар конкурсунун катышуучулары үчүн семинарлар: суроолорго ким жооп берет?

29.01.2018 12:55
"Кыргыз Республикасындагы ЖӨБ: абалы жана келечеги – 2018" жаш изилдөөчүлөрдүн IV докладдар конкурсунун катышуучулары үчүн семинарлар: суроолорго ким жооп берет?

Эмне үчүн ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү толук көлөмдө иштеп кете албай жатат? Өткөрүп берүү көп жакшы ишке ашпай жатышына эмнелер бут тосууда? Айыл өкмөтү кайсы кызмат көрсөтүүлөрдү акынын негизинде, ал эми кайсыларын акысыз жасай алат? Мамлекеттик жана муниципалдык ыйгарым укуктар менен иш-милдеттерди ажыратып коюу мүмкүнбү? Айыл өкмөт башчысы жана депутаттарды тандап алуунун критерийлерин күчөтүү мүмкүнбү? "Коомдук тартип" түшүнүгүнө эмнелер кирет жана муну менен ким алектениши керек? МАИнин мыйзамсыз иш-аракеттерин тасмага тартып жаткан адамды ким коргой алат? Бюджеттердин ачык-айкындуулугун кантип жогорулатса болот? Айылдык кеңештин депутаттарынын сессиясына кантип катышса болот? Муниципалитеттерди ирилештирүү мүмкүнбү?

"Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу: абалы жана келечеги – 2018" темасына жаш изилдөөчүлөрдүн IV ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференциясынын жана докладдар конкурсунун катышуучулары Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) өткөргөн семинардын жүрүшүндө ушул жана башка көптөгөн маселелерди талкуулашты. 2018-жылдын 15-январынан 24-январга чейинки мезгил аралыгында ӨСИнин базасында баары болуп сегиз семинар өткөрүлдү. Аларга студенттер, жаш илимпоздор, мамкызматчылар жана борбордогу ЖОЖ окутуучулары болуп 24 адам катышты. 

"Семинарда Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлдөрү жана ӨСИнин жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) чөйрөсүндөгү эксперттери лекция окушту. Аймактык ЖОЖдордун өкүлдөрү үчүн Skype-конференция уюштурулду. Ал эми техникалык себептерден улам семинарга кошула албагандар үчүн биз жакын арада презентациялык материалдага шилтемелерди жиберебиз. Айрым лекциялар "Фейсбуктагы" баракчабыз аркылуу көрсөтүлдү. Биз докладдар конкурсуна катышууну каалагандардын баарына консультация берүүнү улантып жатабыз. Биздин эксперттер алардын суроолоруна жооп берүүгө дайыма даяр, ал эми бардык каалоочулар келип, ӨСИнин китепкана ресурстарын колдоно алат. Биз ошондой эле өз изилдөөлөрүн жүргүзө турган муниципалитеттердин ЖӨБ органдарынын дарегине өнөктөшүбүз – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин (ЖӨБЭММА) атынан расмий каттарды беребиз. Себеби биздин максат – ЖӨБдүн өнүгүүсүндөгү актуалдуу көйгөйлөргө жана тенденцияларга болочок адистердин көңүлүн буруу, практикалык маселелерге киришүүгө жана ЖӨБдү өркүндөтүүнүн өз ыкмаларын тандап алууга мүмкүнчүлүк берүү", - деп айтты ӨСИнин атынан докладдар конкурсун жана конференцияны уюштуруп, өткөрүү боюнча координатор Гузель Жаналиева.

Жаш изилдөөчүлөрдүн докладдар конкурсунун алдында бул темага үч конференция буга чейин 2015, 2016, 2017-жылдары өткөн. 2018-жылдагы конференция ЖӨБЭММА, КР Мамлекеттик кадр кызматы, КР Президентине караштуу Башкаруу академиясы жана Өнүктүрүү саясат институту ортосундагы кызматташтыктын алкагында өткөн. Финансылык колдоону Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" Долбоору көрсөттү.

Конференцияны уюштуруу иштерине байланышкан бардык маселелер боюнча Гузель Жаналиевага 0 312 976530 же 0770 061216 телефон номерлери боюнча кайрылсаңыз болот.