«Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоору (Швейцария Өкмөтү, 2011-2022)

30.12.2011 13:00

WWW.VAP.KG

Долбоордун жетекчиси: Бекболот Бекиев, bbekiev@dpi.kg  
Аткаруучу уюм: Өнүктүрүү саясат институту, КР
Долбоордун мөөнөтү:
Киришүү фазасы: ноябрь 2011 –  март 2012 (каржылоо булагы - Швейцария Өкмөтү (SCO) Улуу Британиянын Эл Аралык Өнүктүрүү боюнча Министрлиги (DFID) менен өнөктөштүктө);
I фаза: апрель 2012 – март 2015 (каржылоо булагы - Швейцария Өкмөтү (SCO) Улуу Британиянын Эл Аралык Өнүктүрүү боюнча Министрлиги (DFID) менен өнөктөштүктө); 
II фаза: апрель 2015 – март 2017 (каржылоо булагы - Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC));
Негизги фаза: апрель 2017 – май 2020 (каржылоо булагы – Швейцария Өкмөтү аркылуу Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC));

III (жыйынтыктоочу) фаза: 2020-жылдын сентябры – 2022-жылдын июну (каржылоо булагы – Швейцария Өкмөтү).

Долбоордун географиясы:
- Киришүү фазасы: Ивановка АА (Чүй), Төрт-Күл АА (Ысык-Көл) жана Ленин (Жалал-Абад);
- I фаза: Багыш АА, Курманбек АА, Сакалды АА, Масы АА, Жаңы-Жол АА, Авлетим АА, Көк-Таш АА, 1-Май АА, Ала-Бука АА, Бешик-Жон АА, Кеңеш АА, Жаңы-Жол АА, Торкен АА, Сумсар АА, Тогуз-Торо АА жана Көк-Ирим АА (Жалал-Абад облусу); Ак-Чий АА, Кара-Жал АА, Бостери АА, Кум-Бел АА, Липенка АА, Жети-Өгүз АА, Арал АА, Тогуз-Булак АА, Улахол АА жана Болот Мамбетов АА (Ысык-Көл облусу);
- II фаза: Ак-Башат АА, Бурана АА, Кызыл-Туу АА, Кочкорбаев АА, Боролдой АА, Кун-Туу АА, Кемин ш., Гроздь АА, Александровка АА, Юрьевка АА, Фрунзе АА, Таш-Мойнок АА (Чүй облусу).
- Негизги фаза: Ак-Талаа району: Ак-Тал АА; Ат-Башы району: Ак-Муз АА; Кочкор району: Кара-Суу АА; Жумгал району: Чаек АА; Нарын району: Учкун АА (Нарын облусу); Өзгөн району: Ак-Жар жана Жазы айылдык аймактары; Кара-Суу району: Шарк жана Кызыл-Суу айылдык аймактары; Ноокат району: Көк-Жар жана Гулистан айылдык аймактары; Араван району: Маңгыт АА; Алай району: Бүлөлү АА; Чоң-Алай району: Чоң-Алай АА; Кара-Кулжа району: Ылай-Талаа АА (Ош облусу).
III (жыйынтыктоочу) фаза: Кыргыз Республикасы.

III фаза

Жыйынтыктоочу фазанын максаты – жетишилген жыйынтыктарды бириктирүү жана алынган тажрыйбаны бардык КРнын ЖӨБ органдары арасында жайылтуу.

Долбоордун жалпы максаты болсо мурдагыдай бойдон кала берүүдө (туюндурмада бир аз өзгөрүүлөр болгонун эсепке албаганда): жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандарды чечим кабыл алуу процессине тартуу менен, мамлекеттик финансыны дагы да ачык-айкын, жоопкерчиликтүү башкарышат.

II фаза 

Долбоордун максаты
- ЖӨБ органдары жарандардын чечим кабыл алуу процессине катышуусун бир кыйла жогорулатуу менен коомдук финансыны дагы да ачык-айкын жана эффективдүү башкара башташат.

I фаза 

Долбоордун максаты 

- Жарандардын жергиликтүү деңгээлдеги бюджеттик процесске катышуу мүмкүнчүлүгүн күчөтүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калкка кызмат көрсөтүүдө жергиликтүү бюджеттин каражаттарын максаттуу багыттоосун камсыздоо.  

Долбоордун ишиндеги негизги багыттар

Долбоорунун өзөктүк өнөктөштөрү