Райондук деңгээлде мониторинг жана баалоо системасын киргизүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги

30.12.2016 17:35
«МУНИЦИПАЛИТЕТ» журналы | www.municipalitet.kg
ДЕКАБРЬ 2016 | № 12 (61)
Райондук деңгээлде мониторинг жана баалоо системасын киргизүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги

Автор: Медет СУЛТАМБАЕВ, мониторинг жана баалоо адиси

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу маселеси барган сайын актуалдуу болууда. Бул чектелүү ресурстар болсо да, элеттик тургундардын жашоо сапатын жогорулатуу максатына байланыштуу. КР Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, оокаты тың айылдык аймактардын саны 2011-жылдан 2014-жылга чейин 14,9% кыскарып, 79 айыл аймагын түзгөн

Бул өлкөдөгү экономикалык кырдаал менен гана эмес, ошондой эле көбүрөөк майнапсыз башкаруу менен да шартталган. Ушул макалада бир суроого жооп табуу аракети жасалды: жамааттардын керектөөлөрүн кантип эсепке алып, мониторинг жана баалоо аспабын колдонуу менен, башкаруунун эффективдүүлүгүн кантип арттырса болот? Райондун Социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын (мындан ары – СЭӨП) иштелип чыккан жаңы форматы жамааттын барган сайын өсүп жаткан керектөөлөрүн эсепке алган аспаптардын бири болуп эсептелет. СЭӨП Өнүктүрүү саясат институту тарабынан GIZ долбоорунун каржылоосу алдында жергиликтүү жана чет өлкөлүк эксперттер менен биргеликте иштелип чыккан. Бул иш жергиликтүү жамааттын муктаждыктарын айылдык аймактардын (АА) Социалдык-экономикалык өнүгүү программаларына кошуу механизмдерин иштеп чыгуу, айкалыштыруу механизмдерин даярдоо (синергетикалык натыйжага жетүү жана АА калкынын кызыкчылыктарын мүмкүн болушунча көбүрөөк эсепке алуу максатында райондук, облустук, улуттук деңгээлдерде ААнын Социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын координациясын кошуу), аныкталган көйгөйлөрдүн кантип чечилип жатканына мониторинг жана баалоо системаларын ишке ашыруу жана жайылтуу макстын көздөйт.

СЭӨПнын жаңы форматы кызыкдар тараптарга ушул жылдын сентябрь айынын башында сунушталган. СЭӨП – райондун жана айылдык аймактын деңгээлинде өнүгүүнү эсепке алуу менен пландоо аспабы. СЭӨП жамааттардын гана эмес, ошону менен бирге мамлекеттик тармактык пландардын жанапрограммалардын керектөөлөрүн да эсепке алат. Ушул мезгилге чейин жамааттардын керектөөлөрү менен тармактык программалар ортосундагы гармонизация болгон эмес. Бул жаңылыкты СЭӨПнын жаңы форматы киргизүүдө. СЭӨПнын жаңы форматы Жети-Өгүз районундагы Ысык-Көл облусунда сыналды. Ага райондогу бардык айылдык аймактар катышкан. Жаңы форматта жамааттардын керектөөлөрү менен эффективдүү башкаруу ортосундагы байланыштырчу чынжырдын ролун мониторинг жана баалоо аткарат. СЭӨП үчүн мониторинг жана баалоо системасын иштеп чыгуу зарыл. СЭӨП канчалык идеалдуу иштелип чыкпасын, ал СЭӨПда пландалган ишчаралардын ишке ашырылуусун көзөмөлдөө системасына муктаж. Мындай аспап катары мониторинг жана баалоо системасын караштырса болот. Бул аспапты СЭӨПга киргизүү зарыл. Анын эффективдүү киргизилиши көп учурда СЭӨПны ишке ашыруунун эффективдүүлүгүнө көз каранды. Суроо жаралат: мониторинг жана баалоо системасын канткенде СЭӨПга киргизип, жайылтууга болот?

Бул үчүн шарттар, түшүнүк жана ресурстар жетиштүүбү? Мониторинг жана баалоону иштеп чыгуу жана СЭӨПга гана эмес, ошону менен бирге жалпысынан ЖӨБОго да киргизүү зарылчылыгы төмөнкүдөй өзөктүк себептерден улам жаралды: 1) мамлекет тарабынан ЖӨБОнун ишине көзөмөл күчөйт (мониторинг жана баалоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылар кабыл алынды); 2) жамаат мүчөлөрүнүн ЖӨБОнун ишинин жыйынтыгына кызыгуусу артат (ЖӨБОнун жамаат мүчөлөрү алдындагы отчеттуулугу); 3) ЖӨБОнун ишинин эффективдүүлүгун жогорулатуу зарылчылыгы пайда болот (ЖӨБОнун майнапсыз иши). Үчүнчү себеби ЖӨБОнун ишинин эффективдүүлүгү маселесин козгойт. Ал болсо СЭӨПга мониторинг жүргүзүү менен тикелей байланышта турат. Мониторинг жана баалоо системасы айылдык аймактын да, райондун да СЭӨ программасы канчалык деңгээлде даярдалганына жараша болот. СЭӨП канчалык жакшы иштелип чыкса, анын ишке ашырылышына жана программада белгиленген максаттарга жеткенине мониторинг жүргүзүү да ошончолук жеңил болот. Бул болсо ресурстар так аныкталып, конкреттүү иш-чаралар, мөөнөттөр жана жыйынтыктар ачык сүрөттөлгөнүнөн кабар берет. Ушул тапта райондун СЭӨ программасынын эскиварианты айылдык аймактардын СЭӨ программасын кайталоодо.

Мындай кайталоо райондук мамлекеттик администрациянын айылдык аймактардын СЭӨ программасындагы пландалган иш-чараларды көзөмөлдөп туруу ниетинен улам болууда. Райондук мамлекеттик администрацияда айылдык аймактардын СЭӨ программасын кошумча каржылоо үчүн өз каражаты болбогонун эске алганда бул логикага жатат. Мониторинг башкаруу аспабы катары биринчи кезекте райондук мамлекеттик администрация башчысы (аким), айыл өкмөт башчысы жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары, ошондой эле тармактык аймактык бөлүмдөр үчүн арналганын түшүнүш керек. Мониторинг район акимине айылдык аймактардын СЭӨП ишке ашырылышын гана эмес, ошону менен бирге райондун СЭӨП ишке ашырылышын жана координациясын, адистердин өз иш-милдеттерин аткаруусун мындан дагы эффективдүү контролдоого, ыкчам башкаруу үчүн мониторингдин маалыматтарын колдонууга жардам берет. Мониторинг системасын куруу менен райондук жана айылдык аймактар деңгээлдеринде индикаторлорду так эсептеп чыгууга болот. Муну менен СЭӨПнын бири-бирин кайталап калбоого жол ачат. Ушул тапта айыл өкмөт башчысы колдонгон айылдык аймактын СЭӨП кыскартылган варианты жана район акими колдонгон СЭӨП варианты бар. Башкаруунун ар бир деңгээли жөнөкөй, бирок ошол эле маалда маалыматтарды камтыган СЭӨПнын өз вариантына ээ болууну каалайт.

Бул эмнеге байланыштуу? Бул район акими жана айыл өкмөт башчысы аткарган функциялардагы айырмаларга байланыштуу болууда. Район акими барган сайын мониторинг жүргүзүү функциясын көбүрөөк аткара баштады. Ал айылдык аймактын СЭӨП аткарылышы тууралуу маалыматтарды чогултат, иштеп чыгат, анализдейт жана анын негизинде чечим кабыл алат. Мындан улам мониторинг жүргүзүү үчүн район акимине мониторингдин маалыматы зарыл. Мониторингдин маалыматтарына керектөө бар болгонуна байланыштуу аким СЭӨПга кошумча тик тилкелерди кошот. Мисалы, “күтүлгөн жыйынтыктар”, “тиешелүү стратегиялык же программалык документ” өңдүү тик тилкелер. “Күтүлгөн жыйынтык” тик тилкеси өзүнө караштуу айылдык аймактарда мониторинг жүргүзүүгө, “кандай жыйынтыктарга жетиш керек?” деген суроого жооп алууга жол берет. СЭӨПнын жаңы форматы акимге райондун жана айылдык аймактын СЭӨПнын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүгө жардам берет. Райондун социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын эски вариантында дагы бир тик тилке бар – “тийиштүү стратегиялык же программалык документ”. Өлкөнүн өкмөтү алдыга койгон тапшырмалардын кайсылары райондо аткарылып жатат? деген суроого жооп. “Тийиштүү стратегиялык же программалык документ” тик тилкеси – бул өкмөттүн чечимдеринин аткарылышы тууралуу отчет жана акимдин облус губернатору, өкмөт алдындагы өзиши тууралуу отчету.Бул тик тилкелер айылдык ай-мактын СЭӨП кыскартылган вариантында жок. Анткени айыл өкмөт башчысы үчүн мындай зарылчылык жок. Көрүп турганыбыздай, түрдүү деңгээлдер жана максаттар үчүн чогултулган мониторингдин маалыматтарын системага салуу талап кылынат. Бул функцияны мониторинг жана баалоо системасы аткарат. Ал түрдүү кыйынчылыктарга ыкчам реакция жасоого жана отчетторду даярдоого жардам берет. 

Бул жүктү мониторинг жана баалоо системасына жүктөп койсо болот. Район акиминин облус губернаторунун жана өкмөттүн алдындагы отчеттуулугу район боюнча оң көрсөткүчтөр тууралуу маселени коёт. Райондук администрациянын башчылары программаларды жана пландарды аткарууда жетишилген ийгиликтер тууралуу отчет бериши үчүн каржыланып, 100% бүтө турган Социалдык экономикалык өнүгүү программаларынын көрсөткүчтөрүн гана кол алдындагыларга берет. Мисалы, айыл өкмөт башчысы айылдык аймактын социадык-экономикалык өнүгүү программасына бардык иш-чараларды, анын ичинде айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылоо каралбагандарды да кошуп салды дейли. Бул айылдык аймактын СЭӨпсын аткарбоого алып келет. Өз кезегинде бул район боюнча көрсөткүчтөрдүн азайышына себепчи болот. Райондун СЭӨП жаңы форматы каржылоосу бар жана каржылоо издеш керек болгон иш-чараларды аныктоого жардам берет. Район акими жана айыл өкмөт башчысы үчүн каржылоо издөө – бул жамаат муктаждыгы болгону менен, баары бир көйгөйлүү маселе. Каржылоосу бар жана жок иш-чаралардын көйгөйүн мониторинг жана баалоо системасынын жардамы менен чечсе болот. Көрүп турганыбыздай эле, айылдык аймак жана район деңгээлинде мониторинг жана баалоо системасын киргизүүгө чоң муктаждык бар. Бул багытта биринчи кадам СЭӨПнын жаңы форматын иштеп чыгуу болду.

Анын негизинде мониторинг жана баалоо системасын түзсө болот. Айыл өкмөтүнүн СЭӨП жана паспортунун көрсөткүчтөрүнө жасалган анализ көрсөткөндөй, айылдык аймактардын өнүгүүсүндө ондон ашык багыт бар, алар болсо өздөрүнө 100дөн ашуун көрсөткүчтөрдү камтыйт. Мониторинг жана баалоо системасы болбосо мындай сандагы багыттарга жана көрсөткүчтөргө мониторинг жүргүзүү аким жана түрдүү деңгээлдердеги жетекчилер үчүн оор болуп калат. Мониторинг жана баалоо системасы маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, анализдөө жана башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу процессин жеңилдетмек.Чечимдерди ыкчам кабыл алууга жана эң негизгиси райондун жана айылдык аймактын өнүгүүсүн болжолдоого көмөктөшө турган мониторинг жана баалоо системасын түзүү зарыл. Айталы, муниципалдык маселелер боюнча орусиялык эксперттердин сурамжылоосунун жыйынтыгы боюнча, респондент-тердин жарымынан көбү (53%) мындай системаны түзүүгө бир нече ай кетет десе, үчтөн бирине жакыны (29%) дээрлик бир жыл деген мөөнөттү айтышкан. Муниципалдык түзүлүштөрдө башкаруучулук мониторингди бир айда түзсө болот деп эсептеген оптимисттик маанайдагы жетекчилердин саны 13% гана болгон. Мониторинг жана баалоо системасын түзүү бир кыйла узак процесс жана бул жеринде мындай системаны жайылтууда белгилүү бир кыйынчылыктарды жаратат. Район гана эмес, айылдык аймак деңгээлинде да мониторинг жана баалоо системасын жайылтууда белгилүү бир кыйынчылыктар бар. Алар:

 

Биринчи кезекте жетекчинин өзүндө мониторинг жана баалоо чөйрөсүндө потенциалынын жоктугу, мониторингдин жыйынтыктарына талдоо жүргүзө албаганы жана мониторингдин маалыматтарынын негизинде чечим кабыл албаганы. Бул райондук администрациялардын жана ЖӨБ органдарынын иши үчүн мониторингди жана анын ролун түшүнүүдөгү айырмачылыктар.

Эксперттердин сурамжылоосу боюнча, мониторингди системалуу түрдө жүргүзүлүп турган изилдөө катары кабыл алган респонденттердин саны 20% болсо, аны түрдүү маалыматтарды чогултуунун ыкмасы катары кабыл алгандар 12% болгон.Ушуну менен катар мониторинг – бул үзгүлтүксүз жасалып турган байкоо деп түшүнгөндөрдүн саны 66% болсо, алардын 40% туруктуу индикаторлордун болушу зарыл экенин белгилешкен. Мониторинг жана баалоо системасын түзүү үчүн биринчи кезекте жетекчилер бул багытта белгилүү бир билимге ээ болушу керек.

Мониторингдин предметин аныктоодо белгилүү бир маселелер жаралат. Райондун же айылдык аймактын деңгээлинде эмнелерге мониторинг жүргүзсө болот? Сурамжылоонун жыйынтыктары мониторинг жүргүзүүнүн багыттарына байланыштуу түрдүү пикирлерди көрсөттү. Алардын арасында төмөнкүлөр аталды: - калктын бакубатчылыгы (16 эксперт); - финансылык абал (9 эксперт); - өнүгүү стратегияларын ишке ашыруу (9 эксперт); - муниципалдык ишкана (5 эксперт); муниципалдык программаларды ишке ашыруу (4 эксперт); - демографиялык кырдаал (3 эксперт); - инвестициялар (2 эксперт); - экономикалык абал (2 эксперт). Ушул тапта ЖӨБО мониторингинде жебе өзгөрдү десек болот. Мониторинг жетекчинин жана адистердин иш-милдеттерин аткаруусуна эмес, аймактын өнүгүүсүнө көңүл бурат. Мындан улам бул өнүгүүнүн жаңы индикаторлорун иштеп чыгууну талап кылат.

Башкаруунун бардык деңгээлдеринде маалыматтарды туруктуу чогултууга көп жакшы көңүл бурулбай жатат. Мындан улам СЭӨПнын ишке ашырылышы жана чечим кабыл алуу тууралуу мониторинг жүргүзүү үчүн алгылыктуу маалымат базасы жок. Бул райондун жана айылдык аймактын өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөр жана индикаторлор системасын тандап алуу. (1) Жалпысынан райондун өнүгүүсүн, (2) жамаат мүчөлөрүнүн жашоо сапатынын жакшыруусун, (3) районду жана айылдык аймакты башкаруудагы эффективдүүлүктү чагылдыра турган өзөктүк көрсөткүчтөрдү жана индикаторлорду кантип тандаса болот? Мониторинг үчүн маалымат базасын түзүү – бул талкуу үчүн өзүнчө бир тема.

Индикаторду тандоо көйгөйү. Мамлекеттик райондук администрация башчысы кандай көрсөткүчтөргө жана индикаторлорго мониторинг жүргүзүш керек? Өздөштүрүү үчүн жеңил, визуалдуу, жеткиликтүү программалык продукт өңдүү талаптарга жооп бере турган, мониторингдин максаттарына жооп бергидей мониторинг жүргүзүү үчүн райондук мамлекеттик администрация башчысына кандай аспапты (программалык продуктту) сунуштаса болот? Анткени индикаторлор маяктын ролун аткарышат эмеспи – ошол маякка багыт алып,кыймылдын багытын түзөтүп туруш керек. Жамаат мүчөлөрүнүн, түрдүү социалдык топтордун кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын чагылдыра турган индикаторлорду тандап алуу керек. Район акимдери тарабынан мониторинг жүргүзүүгө керектөө жана мүмкүнчүлүктөр кошумча изилдөөнү, жалпылаштырууну жана анализди талап кылат.

Дагы бир чоң көйгөй бар: түрдүү деңгээлдерде мониторинг системасын киргизүүгө айрым жетекчилер кызыкдар эмес. Райондук администрация башчылары дайыма эле айылдык аймактардын деңгээлинде мониторинг системасын түзүүгө ойдогудай маани бере бербейт. Мисалы, райондун гана эмес, айылдык аймактын дагы деңгээлинде түрдүү демилгелүү топторду, биргелешкен мониторинг жана баалоо топторун кеңири тартуу жана колдоо. Мониторинг жана баалоо системасына тартууну калктын кызыкчылыктарын жана ЖӨБОдон күтүүлөрүн козгогон чечим кабыл алууга катышуу ыкмасы катары караш керек. Бул коомдук мониторинг жүргүзүү үчүн чоң адамдык потенциал. Өтө көп сандагы эл аралык долбоорлор айылдык аймактын деңгээлинде мониторинг жана баалоо чөйрөсүндө белгилүү бир потенциалды түзүштү. Мисалы, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө, долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг. Айталы, пилоттун алкагында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы райондук мамлекеттик администрацияга караштуу түзүлгөн Координациялык кеңеш. Бул ресурстарды да райондун жана айылдык аймактын өнүгүүсү үчүн мониторинг жана баалоо системасында колдонсо болот.

Мониторинг жана баалоо системасын киргизүүдө өзөктүк көйгөй – бул район деңгээлинде да, облус деңгээлинде да кадрлардын башка жактарга кетүүсү, отчеттуулук системасында ордун басуучулуктун жоктугу жана макулдашылбагандык, жетекчилерде мониторинг жана баалоо системасын киргизүүгө кызыгуунун жоктугу, кээде бул системанын мүмкүнчүлүктөрүнөн кабарсыз болгону, мониторинг үчүн маалымат базасынын туруксуз чогултулушу жана жоктугу, көрсөткүчтөр жана индикаторлор системасынын жоктугу, коомдук мониторинг системасын колдонууда билимдин жана көндүмдөрдүн жетишсиздиги.Бул көйгөйлөрдүн баарын райондун жана айылдык аймактын деңгээлинде чечиш керек. Бул үчүн СЭӨПнын жаңы форматын жана мониторинг менен баалоо системасын үйрөнүп, жайылтуу зарыл.

Бул жерде райондун мамлекеттик администрация башчысы, ошондой эле айылдык аймактардын башчылары өзөктүк ролду ойнош керек. ЖӨБОну өнүктүрүү боюнча жергиликтүү жана чет өлкөлүк эксперттер СЭӨПны жана мониторинг системасын жайылтуу үчүн консультациялык, илимий-методикалык жардам көрсөтүп, аналитикалык материалдарды даярдап беришмек. Бул көйгөйлөргө карабастан, “жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин эффективдүүлүгүнө туруктуу мониторинг жүргүзүлө баштады” КР Өнүктүрүү саясат институту район жана айыл- дык аймак деңгээлдеринде мониторинг жана баалоо системасын жайылтуу боюнча бир топ жумуштарды жасап келатат. Мисалы, Чүй облусундагы 12 пилоттук айылдык аймакта 12 биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу түзүлүп, мониторинг жана баалоо системасын жайылтуу боюнча 12 бир күндүк тренинг өткөрүлгөн, 225 адам окуудан өткөн. Алардын арасында жергиликтүү кеңештердин депутаттары, айыл өкмөт башчылары жана кызматкерлери, бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү, жамаат мүчөлөрү ж.б. бар.

Район деңгээлинде СЭӨПнын жаңы форматын иштеп чыгуу боюнча чоң аналитикалык иштер аткарылып, СЭӨП мониторинги боюнча колдонмо даярдалды. Район акимдери СЭӨПны жана башка социалдык программаларды ишке ашыруу тууралуу маалыматтарды ушул топтор аркылуу алып тура алмак. Балким аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан белгилүү бир даражада көз карандысыз кылмак. Мисалы, мониторинг топтору кабыл алынган программалардын жана пландардын ишке ашырылышынын жүрүшү тууралуу мониторинг отчетторун кварталына бир жолу электрондук почта аркылуу жиберип тура алышмак. Ошондой эле райондун акиминин тапшырмасы боюнча айылдык аймактын деңгээлинде мониторинг жүргүзмөк.Өз ара аракеттенүүнүн мындай формасы мониторинг тобунун статусун, бул топту коомдук мониторинг аспабы катары колдонуунун эффективдүүлүгүн жогорулатмак. Бул болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен гана эмес, ошондойэле райондук мамлекеттик администрация башчысы менен да кайра байланышты камсыздоого жол бермек. Мониторинг жамааттын керектөөлөрү, кабылaлынганчечимдер жана айылдык аймактын деңгээлиндеги көйгөйлөр тууралуу кошумча тең салмактуу маалымат алуу максатын көздөйт.

Айылдык аймактын жана райондун деңгээлинде коомдук мониторинг системасын колдонуунун түрдүү варианттарын апробациялоо зарыл.ӨСИ жамаат мүчөлөрү жана ЖӨБО менен чогуу Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору үчүнБиргелешкен аракеттер планына мониторинг жана баалоо жүргүзүү пландарын жана графигин иштеп чыкты. Мониторинг боюнча окуу китептери даярдалып, мониторинг жана баалоо боюнча папка сунушталды. Бул папкада нускамалар, ченемдик укуктук актылар, анкеталар, отчеттуулук формалары, мониторинг боюнча иш-чаралар планы жана топтун иши үчүн башка инструментарийлер камтылган. ӨСИ окуткан топтордун мониторинг жүргүзүү үчүн потенциалы жетиштүү. Райондук администрация башчылары топтогон потенциалын дайыма эле жигердүү колдоно беришпейт. Атүгүл айрым башчылар ушундай потенциалы бар болгонунан да кабарсыз. Райондук администрация башчыларын жана кызматкерлерди башкаруунун заманбап технологияларына, анын ичинде мониторинг жана баалоого окутуу муктаждыгы жогору болуп турат.Ушул тапта райондук жана айылдык аймактар деңгээлинде мониторинг жана баалоо системасын жайылтуу үчүн шарттар түзүлгөн. Жогорку Кеңеш жамаат тарабынан мониторинг жана баалоо өткөрүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актыларды кабыл алган.

Мисалы, ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик жергиликтүү жамааттын Уставын иштеп чыккан. Ал Уставда коомдук мониторинг жана баалоону өткөрүү каралган. Ысык-Көл облусунда СЭӨПнын жаңы форматы сыналды. ӨСИ жамаат мүчөлөрүн, жергиликтүү кеңештин депутаттарын, пилоттук айыл өкмөттөрдүн башчыларын жана кызматкерлерин мониторинг жана баалоону уюштуруу, өткөрүү ыкмаларына үйрөттү. Социалдык-экономикалык өнүгүү программасын жана башка бир программаларды пландоодо ресурс салып, мониторингдик иш-чаралардын тизмегин даярдап, СЭӨПны ишке ашыруу процесси катары да, анын соңку жыйынтыктарынын да көрсөткүчтөр жана индикаторлор системасын аныктап, маалыматтык мониторинг системасын иштеп чыгып, мониторинг жана баалоо боюнча квалификациялуу адистерди даярдап чыгаруу зарыл.

Райондун жана айылдык аймактардын деңгээлинде мониторинг жана баалоо чөйрөсүндөгү жетекчилердин потенциалын жогорулатып, коомдук мониторинг системасын жайылтууда өкмөт жана Жогорку Кеңеш кабыл алган ченемдик укуктук актыларды аткаруу керек, бул системаны иш жүзүндө колдонулушуна жетүү зарыл.Мындан тышкары СЭӨПны тармактык мамлекеттик программалар менен айкалыштырып иштеп чыгууга милдеттендирүү, райондук да, айылдык аймактын да деңгээлдеринде эффективдүү башкарууну камсыздоо максатында мониторинг жана баалоо системасын түзүү тууралуу саясий чечим кабыл алуу учур талабы болуп турат. Жарандардын турмуш шартын жакшыртуу жана мамлекеттик каражаттардын майнаптуу пайдаланылышы үчүн башкаруу системасынын эффективдүүлүгүн жогорулатууда мониторинг жана баалоо системасынын мүмкүнчүлүктөрү көп, ал эми келечеги кең.