Бул Колдонмо бюджеттик маалыматты алууну каалаган жарандарга да, Тиркеменин иштеши үчүн маалыматтарды киргизип турууга милдеттүү ЖӨБ органдарынын жооптуу адамдарына да пайдалуу болот.
Басылма Швейцариянын ѳнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында жарык көрдү.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын 150 суроосуна жөнөкөй жооптордун жыйнагы. Үчүнчү басып чыгарылышы, оңдолгон жана толукталган