Мен - Жергиликтүү кеңештин депутатымын

Мен - Жергиликтүү кеңештин депутатымын
20.09.2016 13:07, —
 Окуу адабият

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын 150 суроосуна жөнөкөй жооптордун жыйнагы. Үчүнчү басып чыгарылышы, оңдолгон жана толукталган

УДК 342
ББК 67.99 (2) 05
О - 69
Орозбаев Б. И. ж.б.
О - 69 Мен - жергиликтүү кеңештин депутатымын. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын 150 суроосуна жөнөкөй жооптордун жыйнагы/ Б. И. Орозбаев, А. А. Чекиров, С. А. Эсенбеков; Н.Н. Добрецованын редакциясы астында. Үчүнчү басып чыгарылышы, оңдолгон жана толукталган. - Б.: Өнүктүрүү саясат институту, 2016. - 140 б.

ISBN 978-9967-11-551-4

Бул суроолордун жана жооптордун жыйнагы жергиликтүү кеңештин депутаттары туш болуучу реалдуу суроолорго жана көйгөйлөргө негизделген. Суроолор Кыргыз Республикасынын ар кайсы региондорунда фокус-топторду өткөрүү жолу менен чогултулган жана муниципалдык финансыны жана ресурстарды башкарууну кошо алганда, жергиликтүү жамааттардын жашоо-турмушуна байланышкан темалардын кеңири чөйрөсүн камтыйт.

Жооптор уникалдуу автордук жамаат: мыйзамдар боюнча адис Б.И.Орозбаев, муниципалдык финансы жана бюджеттер аралык мамиле боюнча адис А.А.Чекиров, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мурдагы жетекчиси, айыл өкмөтүнүн башчысы катары 13 жылдык иш тажрыйбасы бар С.А. Эсенбеков тарабынан даярдалды. Мындай курам жооптордун сапаттуулугуна, толуктугуна жана практикалык жактан баалуулугуна кепилдик берет.

Жыйнак, биринчи кезекте, Кыргыз Республикасынын муниципалитеттеринин жергиликтүү кеңештеринин депутаттарына, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкарууга кызыккандарга жана өз ара аракеттенгендерге, анын ичинде саясатчыларга, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга, коомдук ишмерлерге, студенттерге жана «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиги боюнча окутуучуларга арналган.

Биринчи басылма Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосунда Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун алкагында даярдалган.

О 1203020100-16 УДК 342
ISBN 978-9967-11-551-4 ББК 67.99 (2) 05
© Орозбаев Б. И., Чекиров А. А., Эсенбеков С. А., 2013, 2014, 2016
© Н. Н. Добрецованын редакциясы астында, 2013, 2014, 2016
© Өнүктүрүү саясат институту, 2013, 2014, 2016

Үчүнчү басылма Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин финансылык колдоосунда «Жарандык платформа» коомдук фонду ишке ашырып жаткан “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жана электораттын укуктук дараметин жогорулатуу аркылуу жергиликтүү өнүктүрүүнүн отчеттуулугуна жетишүү” долбоорунун алкагында мүмкүн болду. 

Басылмада берилген сунуштар, корутундулар жана пикирлер авторлордун позициясын жана тажрыйбасын билдирет жана милдеттүү түрдө Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин көз карашын чагылдырбайт.

Бардык укуктар корголгон. Бул басылмадагы материалдарды толугу менен же кайсы бир бөлүгүн электрондук, механикалык, сүрөт көчүрмөсү, үн жаздыруучу, эсте тутууга жардам берүүчү жана маалымат издөөчү каражат аркылуу колдонууда же жайылтууда сөзсүз түрдө бул басылманын укуктук жактан ээсине төмөнкү э-почтанын дарегине маалымдап коюуну өтүнөбүз: NDobretsova@dpi.kg, Office@dpi.kg