Жергиликтүү бюджет боюнча жарандык бюджетти түзүү Методикалык колдонмосу (WEB багытындагы тиркеме)

Жергиликтүү бюджет боюнча жарандык бюджетти түзүү Методикалык колдонмосу (WEB багытындагы тиркеме)
11.04.2019 13:23, —
 Окуу адабият

Бул Колдонмо бюджеттик маалыматты алууну каалаган жарандарга да, Тиркеменин иштеши үчүн маалыматтарды киргизип турууга милдеттүү ЖӨБ органдарынын жооптуу адамдарына да пайдалуу болот.

Жергиликтүү бюджеттер боюнча Жарандык бюджетти түзүүнүн веб багытындагы тиркемеси (мындан ары – Тиркеме) бир нече максатта иштелип чыккан. Тиркеме жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын финансы кызматкерлеринин ишин жеңилдетүү жана бюджеттик маалыматты берүүнүн бирдиктүү форматын жыйылтуу максатын көздөйт. Бул Тиркеме Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун (мындан ары – Долбоор) алкагында КР Финансы министрлиги жана КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте ишке ашырылууда.

Тиркеме КР Финансы министрлигинин 2017-жылдын 26-декабрындагы №166-П буйругу менен бекитилген Жергиликтүү бюджеттер боюнча жарандык бюджетти түзүү методикасынын негизинде иштелип чыкты. Тиркемени туура колдонуу үчүн Жарандык бюджетти тескөө боюнча бул Колдонмо (мындан ары – Колдонмо) даярдалды. Бул Колдонмо бюджеттик маалыматты алууну каалаган жарандарга да, Тиркеменин иштеши үчүн маалыматтарды киргизип турууга милдеттүү ЖӨБ органдарынын жооптуу адамдарына да пайдалуу болот.

Колдонмодо соңку маалыматтарды графикалар, таблицалар түрүндө туура киргизүүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрү жана эрежелери кенен баяндалат. Колдонмодо сүрөттөр (скриншоттор) бар жана алардын алдына түшүндүрмөлөр, башкаруу элементтеринин сүрөттөлүшү берилди. Маалыматтарды киргизип, Тиркемени жарандар үчүн бюджеттик маалыматтык булак катары колдонуу үчүн жасалчу кадамдардын ирээти сүрөттөр менен берилди.

 

Мазмуну
Кириш сөз..................................................................................................2
Негизги түшүнүктөр жана терминдер.........................................................3
Система тууралуу маалымат.......................................................................4
Сунушталган программалык камсыздоо......................................................4
Колдонуучулар үчүн...................................................................................5
Администратор үчүн колдонмо.................................................................14
1. Байланыш үчүн маалымат....................................................................16
2. Жалпы маалымат.................................................................................16
3. СЭӨП (Социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын
негизги артыкчылыктары)........................................................................17
4. Бюджеттин аткарылышы......................................................................17
5. Бюджеттин долбоору............................................................................19
6. Бекитилген бюджет...............................................................................19
7. Бюджеттен тышкаркы инвестициялар....................................................20