“Финансылык эркиндиктин ачкычы” окуу-методикалык жыйнагы

“Финансылык эркиндиктин ачкычы” окуу-методикалык жыйнагы
30.07.2018 15:25, —
 Окуу адабият

“Финансылык эркиндиктин ачкычы” окуу-методикалык жыйнагы Кыргыз Билим берүү академиясынын Окуу кеңеши тарабынан жактырылды (2016-жылдын 30-ноябрындагы №10 протоколдон көчүрмө) жана басып чыгарууга, Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде “Адам жана коом / Экономикага киришүү” курсу үчүн окуу планынын мектеп компонентинин эсебинен сабактан кийинки көнүгүүлөр үчүн, ошондой эле факультативдерде жана йиримдерде колдонууга сунушталды.

“Финансылык эркиндиктин ачкычы” окуу-методикалык жыйнагы Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мекемелеринин 5-11-класстарынын окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча Базалык компетенциялардын стандарттарына (билим, ык, көндүмдөр жана жүрүм-турум) шайкеш келет. Бул стандарттарды 2016-2020-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасын ишке ашыруу боюнча Координациялык кенештин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы 2017-жылдын 27-декабрында бекиткен.

Басылма Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) менен Билим берүү демилгелерин колдоо фондунун (ББДКФ) биргелешкен ишинин алкагында даярдалып, Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланып, ӨСИ аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун финансылык каржылоосунда жарык көрдү.

“Финансылык эркиндиктин ачкычы” окуу-методикалык жыйнагы (pdf форматында)

  1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин 10-11-класстарынын мугалимдери үчүн методикалык окуу китеби
  2. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин 10-11-класстарынын окуучулары үчүн Жумушчу дептер
  3. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин 10-11-класстарынын окуучулары үчүн окуу китеби