Аялдардын коомдук жашоого жамааттык катышуусун активдештирүү (EGAP METAKETA V, 2022-2023)

09.01.2023 15:20

Долбоордун узактыгы: 2022-жылдын декабрь айынан 2023-жылдын июль айына чейин

Бюджети:

  • 117 619 Евро – программалык чыгымдар
  • Чакан гранттар программасына 34 146 АКШ доллары

Долбоорду ишке ашыруучу уюм: Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) 

Негизги өнөктөш: “Эвиденс Борбор Азия” Изилдөө институту” КБ  

Географиялык масштабы: Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустары

EGAP Metaketa V долбоорунда байланыш үчүн адам: Дамир Эсеналиев, esenaliev@isdc.org

ӨСИде байланыш үчүн адам: Надежда Добрецова, ndobretsova@dpi.kg

Долбоордун максаты: Жарандардын, анын ичинде аялдар топторунун жашоо шарттарды жакшыртууга багытталган чечимдерди кабыл алуу процессине катышуусун кеңейтүү.

Долбоор өз ишинде төмөнкүдөй үч багытка көңүл бурат:

  • Жергиликтүү деңгээлдеги демилгелерди чечүүгө багытталган коомдук иштерге катышуу үчүн социалдык чөйрөнүн ролуна жана аялдардын билимине басым жасоо менен жергиликтүү жамааттарды жакшыртууга аракет кылган аялдар туш болуп жаткан чектөөлөрдү изилдөө.
  • Аялдардын жана жергиликтүү жамааттын лидерлеринин жергиликтүү өнүгүүгө катышуусун кеңейтүү үчүн алардын дараметин жогорулатуу.
  • Жарандардын, алардын бирикмелеринин демилгелерин каржылоо жолу менен жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алуу процессине жигердүү катышуусуна дем берүү.

КҮТҮЛҮП ЖАТКАН ТААСИР ЖАНА ЖЫЙЫНТЫКТАР

  • Жергиликтүү деңгээлде аялдардын лидерлигин чыңдоо. Долбоор аялдардын жана жергиликтүү жамааттын лидерлеринин жергиликтүү өнүгүүгө катышуусун кеңейтүү үчүн алардын дараметин жогорулатуу боюнча 150 айылдык ден соолук комитети (АДК) үчүн маалыматтык жолугушууларды өткөрөт. Бул жолугушууларда аялдардын жана жергиликтүү жамааттын лидерлеринин өнүгүүгө катышуусун колдонуунун практикалык мисалдары келтирилет.
    * Жолугушуунун программасы жана презентациясын ЖҮКТӨП АЛУУ
    ​Төмөнкүдөй негизги темалар боюнча тандалып алынган 75 АДК үчүн 4 тематикалык тренинг өткөрүлөт:
    • аялдардын жергиликтүү өнүгүүгө катышуусу;
    • өзүн-өзү өнүктүрүү жана жеке өсүү көндүмдөрүн жакшыртуу;
    • жамааттык иш-аракеттер жана чыр-чатактарды башкаруу;
    • чечим кабыл алуучу адамдар менен натыйжалуу коммуникацияны камсыз кылуу.
      Окуу аялдардын жана катышуучулардын жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алууга кандайча таасир эте алаары жөнүндө практикалык билимин кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
  • Чакан гранттар программасы. Жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алуу процессине жарандардын, алардын бирикмелеринин демилгелерин каржылоо жолу менен жигердүү катышуусуна дем берүү үчүн гранттык программа каралган. Долбоордун чакан гранттар программасынын каражаттары жергиликтүү деңгээлде демилгелерди чечүүгө багытталган долбоорлорду каржылоого жумшалат.
    Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын элеттик муниципалитеттеринин демилгелүү топтору Программага өтүнмө бере алышат.

ЧАКАН ГРАНТТАР ПРОГРАММАСЫНЫН КОНКУРСУНУН ДОКУМЕНТТЕРИ:

Жаңылыктар: