Өнүктүрүү саясат институту Ысык-Көл жана Нарын облусундагы грант уткандардын ишмердигине мониторинг жүргүздү

23.10.2023 11:13
2023-жылдын 16нан 19-октябрына чейин Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) “EGAP METAKETA V “Аялдардын коомдук жашоого жамааттык катышуусун активдештирүү” долбоорунун катышуучуларынын ишмердиги менен таанышты.
Өнүктүрүү саясат институту Ысык-Көл жана Нарын облусундагы грант уткандардын ишмердигине мониторинг жүргүздү

Жалпысынан, Ысык-Көл менен Нарын облустарынан 13 объект байкоого алынды. Эскерте кетсек, аталган долбоор ӨСИ тарабынан Ысык-Көл, Нарын жана Жалал-Абад облустарында 2022-жылдын декабрынан тартып, 2023-жылдын сентябрына чейин ишке ашырылып, долбоорду Мамлекеттик башкаруу жана саясатты изилдөө глобалдык уюму (EGAP)[1] каржылады.

Ушул жылдын июль айында үч облустун аймагында чакан гранттар программасынын грант уткандардын тизмеси белгилүү болгон[2]. Сынак комиссиясынын мүчөсүнүн маалыматына караганда, келип түшкөн долбоорлордун көбү аялдар үчүн фитнес-зал ачуу, чакан тигүү цехтерин ачуу менен кошумча киреше табуу, балдар аянтчаларын көрктөндүрүү, аялдардын өнүгүүсү үчүн борборлорду ачуу жана мектептер менен балдар бакчалардын шарттарын жакшыртууга багытталган.

Жалпысынан, Ысык-Көл менен Нарын облустарында гранттык долбоорлорду ишке ашыруу аракети жакшы нукта жүрүп жатат. Биздин грант уткандар долбоорлорду туруктуу иштетүү максатында бардык күч-аркекетин жумшап жумшоодо. Мониторингдин жыйынтыгында, “Дени сак эне – күчтүү улут” аттуу долбоорду белгилеп кетким келет. Ал Нарын облусунун Кара-Булуң айылында ишке ашырылып жатат. Демилгечилер фитнес-зал ачышып, чакан гранттан тышкары башка тараптардан дагы каржылоо булагын табышкан. Муну менен демилгечилер долбоордун келечегине кам көрүп жатканын далилдешти”, - деди Султан Майрамбеков, “EGAP METAKETA V  “Аялдардын коомдук жашоого жамааттык катышуусун активдештирүү” долбоорунун чакан гранттар программасынын менеджери.

Долбоордун талабы – демилгелүү топтор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдоого алынышы зарыл эле.  

Биз бул долбоорго катышканыбыздын бирден-бир себеби – айылдык аялдарды иш менен камсыз кылууну көздөдүк. Эки долбоор жазып, Өнүктүрүү саясат институтунун колдоосуна ээ болдук. Бизге ишеним көрсөткөн үчүн ыраазычылык билдиребиз. Долбоорду ишке ашырууга керектүү жабдуулардын баары келди. Акырындан иш баштап, келечекте чоң максаттарыбыз бар”, - деди Жыпара Мукашева, Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы “Үй шартында жүн иштетүү” долбоорунун мүчөсү.

Баарынан дагы айылдык айымдар демилгелери көңүлгө алынып, колдоо тапканына сүйүнүп жатышат. Өзүнө болгон ишенич пайда болгонун айтышат. Демилгелүү топтордун ийгилиги башка айылдарга тарап, башка айымдардан да өзүнүн дараметин көрсөтүү сунуштары түшүүдө.

EGAP METAKETA V долбоорунун аркасынан биз балдар бакчасына 3 телевизор, 2 магниттик такта жана музыкалык жабдууга ээ болдук. Өнүккөн технологиялар заманында наристелер маалыматты тарбиячынын айтып бергенине караганда, интернет аркылуу жакшы кабыл алууда. Экрандан бийлеген, ырдаган балдарды көрүп, биздин балдар да аларды туурашат. Бизге бул жаны техникалар абдан зарыл эле”, - деди Зарина Асемидинова, Нарын облусунун Жаңы-Талап айылынын балдар бакчасынын тарбиячысы.

Берилген гранттардын суммасы чакан болгону менен – 100 000 сом, жыйынтыктар олуттуу таасир калтырат. Жергиликтүү айымдар чогулуп, биргеликте долбоор иштеп чыгуу менен бирге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар менен тыгыз кызматташтык курууга жетишишти.

“EGAP METAKETA V  “Аялдардын коомдук коомдук жашоого жамааттык катышуусун активдештирүү” долбоору эки жылга жакын созулду. Долбоор жыйынтыкталганы менен Өнүктүрүү саясат институту гранттык долбоорлорду мындан ары дагы байкоого алып, айылдындын жана жергиликтүү коомчулуктун өнүгүүсү үчүн салымын кошо бермекчи.

 

[1] https://dpi.kg/ru/activity/projects/full/0/101.html

[2] https://dpi.kg/ru/press-room/news/full/1909.html