Жергиликтүү демилгелер үчүн чакан гранттар берилет

10.01.2023 15:29
Чакан гранттар программасынын конкурсу 2023-жылдын 30-июнуна чейин өткөрүлөт.
Жергиликтүү демилгелер үчүн чакан гранттар берилет

Өнүктүрүү саясат институту 2022-жылдын декабрь айынан тарта Кыргызстандын Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айылдык аймактарында “Аялдардын коомдук жашоого жамааттык катышуусун активдештирүү” долбоорун ишке ашырып баштады. Долбоор EGAP (Evidence in Governance and Politics) – Мамлекеттик башкаруу жана саясат маселелерин изилдөө боюнча Глобалдык тармак тарабынан каржыланат.

Долбоор жарандардын, анын ичинде аялдар топторунун жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган чечимдерди кабыл алуу процессине катышуусун кеңейтүүнү максат коет.

Жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алуу процессине жарандардын, алардын бирикмелеринин демилгелерин каржылоо жолу менен жигердүү катышуусуна дем берүү максатында, Долбоордун алкагында Чакан гранттар программасы жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн топтордун арасында жергиликтүү демилгелерге конкурс жарыялайт.

Чакан гранттар программасынын конкурсу 2023-жылдын 30-июнуна чейин өткөрүлөт.

Конкурска Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айылдык аймактарынын демилгелүү топтору өтүнмө толтуруу аркылуу катыша алышат. Шартка ылайык, Чакан гранттар программанын каражаттары жергиликтүү деңгээлде демилгелерди чечүүгө багытталган долбоорлорду каржылоого жумшалат.

Ар бир демилге 3 айдан ашпаган мөөнөттө ишке ашырылып, ага сарпталуучу каражаттардын суммасы 100 миң сомго чейин болушу абзел.

Конкурс тууралуу Жобо, ага тиешелүү документтер жана толук маалымат төмөндө берилген QR-код аркылуу жеткиликтүү: