Ийгиликтүү аймак 2 (USAID, 2021 - 2025)

10.12.2021 10:00
Ийгиликтүү аймак 2 (USAID, 2021 - 2025)

Ишке ашыруу мөөнөтү: Сен. 2021 – Сен. 2025

Бюджет: 4.9 млн. АКШ доллары

Ишке ашыруучу уюм: Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ)

Негизги өнөктөштөр: East-West Management Institute/ ЖӨБ Союзу/ Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу академиясы/ «Интернет саясаты боюнча жарандык демилге» коомдук фонду / «Жарандык катышуу» фонду/ Интербилим-Ош/ Жарандык демилгелерди илгерилетүү альянсы 

Долбоор камтыган аймак: Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Ысык-Көл облустары 

Байланыш үчүн дарек (USAID): Тимурлан Байсеркеев, tbaiserkeev@usaid.gov 

Байланыш үчүн дарек (ӨСИ): Сабина Градваль, sgradwal@dpi.kg

 

Долбоор жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу аркылуу калктын жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган. Долбоор төрт жылдын ичинде Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарынын 50 муниципалитетине жардам көрсөтөт.

Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иштер төмөнкү үч багытта жүргүзүлөт:

  • Жарандар үчүн приоритеттүү кызматтарды натыйжалуу көрсөтүү жана бул демилгени кеңейтүү. 
  • Жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алууга жарандардын катышуусун жогорулатуу.
  • Өлкө боюнча жергиликтүү өз алдынча башкарууну жакшыртуу үчүн улуттук саясатты күчөтүү жана мыкты тажрыйбаларды бөлүшүү.

«Ийгиликтүү аймак 2» долбоору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү концепциясын, анын ичинде 4-максатты колдойт: Башкаруу жана чечимдерди кабыл алуу процесстерине жетүү үчүн бирдей шарттарды түзүү.

КҮТҮЛГӨН ТААСИР ЖАНА НАТЫЙЖАЛАР

Жакшыртылган башкаруу ыкмалары  

Долбоор менен өнөктөш болгон муниципалитеттер башкаруу ыкмаларын жакшыртуу үчүн окутуулардан өтүп, эксперттик кеңештерди алышат. Долбоордун колдоосунда алар суу менен камсыздоо, таштандыларды чыгаруу сыяктуу негизги жергиликтүү кызматтарды кеңейтип, спорттук жана маданий жайларды жана коомдук парктарды жакшырта алышат.

Кыйла туруктуу жергиликтүү кызматтар  

Долбоор муниципалитеттерге жергиликтүү деңгээлдеги кызматтарды туруктуу каржылоонун жаңы ыкмаларын киргизүүгө жардам берет. Мындай ыкмаларга туруктуу тарифтерди эсептөө, салык же жыйымдар аркылуу кирешелерди көбөйтүү, жергиликтүү бизнес менен өнөктөштүү жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеңилдетүүгө IT чечимдерин колдонуу кирет.

Жарандардын муктаждыктарын канааттандырган жергиликтүү кызматтар

Долбоор активдүү жарандардын топтору менен иш алып барып, алардын жергиликтүү деңгээлдеги кызматтардын сапаты боюнча пикирлерди калтыруусун, кызматтар кантип жана кайда көрсөтүлөрүн аныктоого катышуусун жана жергиликтүү бюджеттерге байкоо жүргүзүүсүн колдойт.

Жергиликтүү деңгээлде аялдардын лидерлигин күчөтүү  

Долбоор жаңы депутат аялдарды окутуу жана насаатчылык кылуу жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргонуу боюнча аялдар жетектеген комитеттерди колдоого алуу аркылуу жергиликтүү аялдардын лидерлигин колдойт. Долбоор ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы гендердик маселелер боюнча эксперттердин тобун окутат. Алар эркектердин да, аялдардын да муктаждыктарына жооп берген жергиликтүү кызматтарды түзүү максатында муниципалитеттер жана мамлекеттик органдар менен кызматташат.

Бардык ЖӨБ органдарына жеткиликтүү болгон мыкты тажрыйбалар жана башкаруунун жаңы ыкмалары 

Долбоордун алкагында республикалык жана аймактык иш-чаралар жана таанышуу иш сапарлары аркылуу муниципалитеттер кызмат көрсөтүү боюнча тажрыйба жана алдыңкы практикалар менен алмашат. Алар жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүнүн эң мыкты жолдорун изилдөө жана ишке ашыруу үчүн биргеликте иштешет. Улуттук деңгээлде долбоор Кыргызстандын мамлекеттик органдары жана жарандык коом менен жергиликтүү өз алдынча башкарууну жана кызмат көрсөтүү маселелерин чыңдоо боюнча практикалык чараларды жана мыйзамдык демилгелерди колдоо боюнча иш алып барат.

 

 

Жаңылыктар:

Пресс-релиздер:

Ийгилик таржымалдары:

Китепкана: