Мониторинг тобу кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга жардам берүүдө

14.11.2023 10:32
Мониторинг тобунун биргелешкен күч-аракети менен 120дан ашык бала дзюдо, бокс жана күрөш боюнча сабактарга катыша башташты.

Талантбек Стамакунов, Казыбек муниципалитетинин башчысы: “Мониторинг биздин муниципалитетте кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Ошондой эле мониторинг биздин, жергиликтүү тургундардын жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ортосунда диалог түзүүгө жардам берүүдө. Биз жергиликтүү тургундарга жигердүүлүгүн көрсөтүп, жамаатыбыздын бакубатчылыгы үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүүгө катышып жатканына ыраазыбыз”.

Айчүрөк Абдалиева – Кыргызстандын түндүгүндөгү Нарын облусунун алыскы муниципалитети болгон Казыбек жергиликтүү кеңешинин мүчөсү. Ал ошондой эле өз айылынын эң жигердүү тургундарынын бири катары да белгилүү. Ошондуктан, муниципалитет ага жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга көмөктөшүү максатында Мониторинг жана баалоо тобунун (мындан ары – Топ)  курамына кирүүнү сунуштаганда, ал үчүн мындай сунуш күтүүсүз болгон жок.

“Мониторинг менин жамаатым үчүн жасаган эң пайдалуу иштеримдин бири болуп калды”, – деп эскерет Айчүрөк.

Топтун мүчөсү катары Айчүрөктүн биринчи эле тапшырмасы жаңы спорт залына мониторинг жүргүзүү болду. Бул залда жакындан бери жаштар үчүн (55 бала) бокс жана күрөш боюнча спорттук машыгуулар өткөрүлө баштаган. Спорт залды USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун техникалык колдоосу менен Казыбек районунун муниципалитети ачып берген. Спорт залды текшерип чыккандан кийин Топ спорт зал начар жабдылганын аныктап, анын шарттарын жакшыртуу керек деген бүтүмгө келген. Мунун баарын Топ белгилеп алып, абалды оңдоо боюнча сунуштары менен муниципалитетке кайрылган. 

Мониторинг тобунун сунуштарына ылайык, жергиликтүү бийлик кыйла өзгөртүүлөрдү киргизди. Которунуп алчу жана жуунучу бөлмөлөр өз-өзүнчө болуп, жылуулук орнотулуп, машыктыруу залы үчүн керектүү шаймандар сатып алынган. Муниципалитет жаштар үчүн иштердин башка түрлөрүнө кошумча муктаждыктарды эли менен чогуу талкуулаган.  

Ушул тапта 120дан ашык бала бокс жана күрөш менен жигердүү машыгып жатышат, ошондой эле дзюдо боюнча кошумча ачык сабактар өтүп турат. Мындан тышкары, Мониторинг тобу кыздар үчүн кошумча сабактарды уюштурууну сунуштады. Залдын аянты чектелүү болгонун эске алып, учурда муниципалитет кыздарды ушул спорттук класстарга кабыл алуу үчүн сабактардын жаңы графигин даярдап жатат.

Казыбек муниципалитетинин Мониторинг жана баалоо боюнча бириктирилген тобу 2021-жылы USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун (SA2 Долбоору) алкагында түзүлгөн. Анын курамына жергиликтүү активисттер, муниципалитеттин кызматкерлери жана жергиликтүү кеңештин депутаттары кирет. Топтун максаты – муниципалитет көрсөткөн кызматтарга мониторинг жана баалоо жүргүзүп, алардын сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды даярдоо топтун максаты болуп саналат.

Спорттук сабактарга мониторинг жүргүзгөндөн тышкары, Топ Казыбек муниципалитети долбоордун жардамы менен жакшыртып жаткан башка маанилүү кызмат көрсөтүүлөргө мониторинг жүргүзүп чыкты. Мисалы, Топ Казыбектин 10 миңге жакын тургуну колдонгон ичүүчү суу менен камсыздоого жана катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга мониторинг жүргүздү.

SA2 долбоорунун көмөгү менен Мониторинг тобу мониторинг жүргүзүү методикасы боюнча бир катар тренингдерди өткөрдү. Алар жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын кантип камсыз кылса болоорун, жарандык мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн кандай укуктук негиздер бар болгонун билип калышты. Мындан тышкары, Айчүрөк жана башка катышуучулар башка муниципалитеттердеги кесиптештери менен өз тажрыйбаларын талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты.  

“Долбоор аяктагандан кийин мен бул ишти сөзсүз улантам, себеби ал биздин муниципалитетке сапаттуу кызмат көрсөтүүгө жана адамдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүүгө жардам берип жатпайбы”, – деп жылмайды Айчүрөк.

Долбоордун колдоосу менен Казыбек муниципалитетиндеги топ сыяктуу башка да топтор бардык 38 өнөктөш муниципалитетте түзүлдү. 2023-жылдын сентябрына чейин бул топтор 60тан ашык кызмат көрсөтүүгө жана учурда ишке ашырылып жаткан 70 долбоорго мониторинг жүргүзүп чыгып, муниципалитеттерге кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана жарандарды жеринде чечим кабыл алуу процессине тартууга жардам беришти. Бул топтор жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын камсыз кылуу үчүн абдан натыйжалуу аспап болуп жатканын эске алып, SA2 Долбоору жаңы пилоттук муниципалитеттерде ушул сыяктуу мониторинг топторун түзүүгө жардам бермекчи.

***

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору — бул Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймагында Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан төрт жылдык программа. Бул долбоор жергиликтүү бийлик органдарынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жакшыртуу жолу менен 50 муниципалдык түзүлүштө жарандардын бакубатчылыгын жогорулатуу максатын көздөйт. Толугураак маалыматты сайттан окуй аласыз: www.fb.com/SA2Project 

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин Кыргыз Республикасындагы Миссиясы www.usaid.gov/kyrgyz-republic 

Сүрөттө: Айчүрөк жана анын жардамчылары мониторинг жүргүзүү үчүн баратышат.