Акман муниципалитети таза суу менен туруктуу негизде камсыз болуп калды

11.11.2023 10:36
Акман муниципалитетинин суу түтүк кызматы тарифтердин түзүмүн жолго салып, ушул тапта 1400дөн ашык кожолукту тейлеп, аларды үзгүлтүксүз же узак убакытка чейин суу менен камсыз кылууда.

Батыр Каримов, Акман муниципалитетинин тургуну: “Азыр адамдар тариф үчүн акы төлөп, сапаттуу жана жеткиликтүү суу алуу туура экенин түшүнү калышты. Адамдар мындан ары 2-5 сааттап көчөдөгү сууга кезекке турбайт, эми алар үзгүлтүксүз суу менен камсыздоонун бардык артыкчылыктарынан пайдалана алышат”.

60 жаштагы Батыр Каримов – Кыргызстандын түштүгүндөгү Жалал-Абад облусундагы 20 миң адам жашаган муниципалитеттин аксакалы. Бир нече жыл мурун анын 6 адамдан турган үй-бүлөсү сууну көчөдөгү суу түтүгүнөн алып турушкан. Айылдын көптөгөн башка жашоочуларындай эле Батыр аксакал да сууну үйүнө өткөрүп алуу мүмкүнчүлүгү пайда болгондо кырдаал өзгөргөндөй болгон. Бирок, суу менен камсыздоо туруксуз эле – күнүнө эки-беш саатка берилчү.

Акман шаардык суу менен камсыздоо кызматы Кыргызстандын айыл жерлерине мүнөздүү көйгөйлөргө туш болгон. Суу чогултуу, тазалоо жана бөлүштүрүү системасы совет доорунда эле курулгандыктан муниципалитеттин алты айылынан турган аймагынын бир бөлүгүн гана тейлеп келген. Адамдар суу үчүн өз убагында акы төкпөгөндүктөн жана жүйөлүү баа тарифи түзүлбөгөндүктөн, суу кызматы жетиштүү каржылоого ээ болбой, туруктуу негизде суу жоготууга дуушар болуп келген. Мунун натыйжасында суу менен жабдуу бир калыпта болбой, белгиленген убакытка чектелип берилип турган.

Суу бир нече күн катары менен болбогондуктан, көптөгөн кожолуктар сууну көбүрөөк камдап алышчу. “Крандан бир нече күн суу чыкпай калганда, бизде ичүүчү сууну сатып алгандан башка айлабыз калчу эмес – бир бак сууну 800 сомго сатып алчубуз”, – деп эскерет Батыр аксакал.

Бактыга жараша, Баатыр аксакал жана башка жергиликтүү тургундар үчүн кырдаал 2021-жылы жакшы жагына өзгөрө баштаган. Бул жылы Акман муниципалитети USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбооруна максаттуу муниципалитет катары кошулган. Долбоор Акманга башкаруу практикасын өркүндөтүүгө жардам берди. Муниципалитет суу менен камсыздоо, катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу, жаштардын эс алуусун уюштуруу өңдүү жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөргө назарын бурду. Муниципалитеттин кызматкерлери кызмат көрсөтүүлөрдү пландаштыруу, аутсорсинг, сатып алуулар жана максатка ылайыктуу тарифтерди белгилөө маселелери боюнча окуудан өтүштү. Алар ошондой эле мүлктү башкаруу, эл менен эриш-аркак иш алып баруу боюнча алдыңкы тажрыйбаларды өздөштүрүштү.

Бул көндүмдөрдү колдонуп, муниципалитет экономикалык жактан негизделген, бирок суу үчүн жеткиликтүү тарифтердин түзүмүн аныктады. Суу үчүн жаңы баа кубметрине 20 сомду түзүп калды. Бул тариф сууну дезинфекциялоого, электр энергиясына, жумушчу күчкө жана сууну жеткирүүгө кеткен чыгымдарды эсепке алат. Ошону менен катар бул тариф сууну районго жараша үзгүлтүксүз же суткасына 8 сааттан кем эмес жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда баа эң жакыр кожолуктар да суу үчүн акыны кыйналбай төлөй ала тургандай түзүлдү.

Жергиликтүү кеңештин депутаттары жана активисттер менен биргеликте муниципалитет жаңы баа саясатын негиздеп берүү үчүн бардык тургундарга кайрылды. Коомдук угуулардан кийин жергиликтүү кеңеш тарифтердин түзүмүн бекитип берди. Мындан тышкары, муниципалитет суу пайдалануучулардын маалымат базасын түзүп, тейлөөгө жаңы келишимдерди даярдап чыкты.

Натыйжада болгону он айдын ичинде 1400дөн ашык кожолук суу менен камсыздоо кызматтарын көрсөтүүгө келишимдерди түзүп чыгышты. Бул деген, тургундардын басымдуу бөлүгү суу чарбалыгынын объекттерине жеткенин билдирет. Суу үчүн чогулган акы эки эсе көбөйдү – буга чейин 600 миң сом болсо, эми 1,2 млн сом болуп калды. Бул каражатка муниципалитет дагы эки айылга – Колот менен Таш-Булак айылдарына суу эсептегичтерди орнотуп, суу түтүктөрүн оңдоп чыкты. Ошентип суу кызматы Акмандагы алты айылдын ичинен төрт айылды тейлей баштады.

Эми Баатыр аксакалдын үй-бүлөсүнө суу күнү-түнү келе баштагандыктан, алар кир жуугуч машина, бойлер жана суу чыпкасы системасын орното алышты. Баатыр аксакалдын жана анын кошуналарынын турмуш сапаты оңолуп, санитардык шарттар өзгөрүп, сууну сатып алууга кеткен чыгымдары кыйла азая түштү.

***

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору — бул Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймагында Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан төрт жылдык программа. Бул долбоор жергиликтүү бийлик органдарынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жакшыртуу жолу менен 50 муниципалдык түзүлүштө жарандардын бакубатчылыгын жогорулатуу максатын көздөйт. Толугураак маалыматты сайттан окуй аласыз: www.fb.com/SA2Project  

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин Кыргыз Республикасындагы Миссиясы www.usaid.gov/kyrgyz-republic  

Сүрөттө: Айчүрөк жана анын жардамчылары мониторинг жүргүзүү үчүн баратышат.