Ийгиликтүү аймак (USAID, 2016 - 2021)

09.04.2018 15:05

USAIDдин "Ийгиликтүү аймак" долбоору – жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары менен иштөөгө жана алардын ишин жакшыртууга, сапаттуу кызмат көрсөтүүгө, жарандардын ишенимин жогорулатууга жана Кыргыз Республикасындагы аймактар арасында тажрыйба алмашууну күчөтүүгө багытталган беш жылдык долбоор.

Узактыгы: 2016 – 2021-ж.ж.

Бюджети: 9.5 млн АКШ доллары

Ишке ашырган уюм: DAI Global LLC

Негизги өнөктөштөр: Кыргыз Республикасынын өкмөтү, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик  (ЖӨБЭММА), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Союзу, Өнүктүрүү саясат институту

Долбоор камтыган аймактар: Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Ысык-Көл облустары

USAID менен байланышуу: Тимурлан Байсеркеев, tbaiserkeev@usaid.gov, +996 (0) 312 597240, Бишкек, Кыргыз Республикасы, www.usaid.gov/kyrgyz-republic

DAI менен байланышуу: Роберт Бодо, Robert_Bodo@dai.com, Токтогул көч. 125/1, 10-кабат, Бишкек, Кыргыз Республикасы, www.dai.com

ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Долбоор систематикалык өзгөрүүлөр жана башкаруу ыкмаларын жакшыртуу аркылуу аз чыгымдар менен чоң нерселерди ишке ашыруу мүмкүн экенин көрсөтүү үчүн өнөктөш муниципалитеттер менен иштейт. Муниципалитеттердин кызмат көрсөтүү жана башкаруу, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү, финансы жана ички жол-жоболорду башкаруу, жарандар менен иштөө жолдору изилденип, долбоордун негизги багыттары аныкталды:

  • Натыйжалуу кызмат көрсөтүү. Долбоор өнөктөш муниципалитеттерге таштандыларды башкаруу, суу менен камсыздоо же жарык берүү өңдүү кызматтарды жакшыртууда көмөк көрсөтөт. Булар мыйзамдарга жана эл аралык тажрыйбага таянып пландоо, бюджетти түзүү, башкаруу жана көзөмөлдөө аркылуу ишке ашат.
  • Жарандардын ишенимин күчөтүү. Долбоор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрсөткөн кызматтарды көзөмөлдөөгө аялдар, жаштар жана азчылыктарды камтыган жаран топторун тартып, ал иш жөнүндө жарандардын ою иштин чыныгы жүрүшүн чагылдыруусуна көмөктөшөт. Долбоор коомдук угуулар, жарандардын уставын жаңыртуу жана жаңы байланыш механизмдерин киргизүү аркылуу муниципалитет менен жарандардын ортосундагы байланышты бекемдейт.
  • Туруктуулукту илгерилетүү. Кызмат көрсөтүүлөрдүн туруктуулугун жана жарандардын катышуусун илгерилетүү максатында, долбоор муниципалитеттердин өз-ара кызматташтыгын жана тажрыйба алмашуусун күчөтөт. Азырынча долбоор 32 муниципалитетти камтып, алардын санын 50 чыгарууну көздөйт.

КҮТҮЛГӨН ЖЫЙЫНТЫКТАР ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

  • Кыргыз Республикасындагы 453 муниципалитетке Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги менен кызматташтыкта долбоор тарабынан даярдалган “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мыйзамдардын топтомунун” 1000 нускасы таркатылды;
  • Долбоор жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасын даярдоодо өз салымын кошту;
  • Муниципалдык башкаруу жана кызмат көрсөтүү боюнча мыкты тажрыйбаларды алмашуу жана талкулоо үчүн долбоор алкагында 2 регионалдык форумга 35 муниципалитеттен 229 адам катышты; Долбоор түрдүү деңгээлдеги негизги кызыкдар тараптардын башын бириктирип, кеңештерди жана талкуулоолорду уюштурду;
  • 16 өнөктөш муниципалитет кызмат көрсөтүүнү уюштурушту; алардын ичинен 6 муниципалитет ветеринардык кызматтар, жаштар үчүн спорттук жана кошумча сабактарды уюштуруу, таштандыларды башкаруу сыяктуу кызматтарды жөнгө салышты.
  • Долбоордун колдоосу менен 16 муниципалитет жарандардын билим, саламаттык сактоо, маданият жана коммуналдык кызматтар сыяктуу негизги муктаджыктарына өзгөчө көңул буруу менен катышуу механизмдерин колдонуу аркылуу бюджеттик угууларды өткөрүштү.
  • Долбоордун колдоосу менен Ысык-Көл облусундагы Теплоключенка айыл өкмөтү тургундар менен байланышуу максатында WhatsApp тиркемеси аркылуу кайтарым байланыш механизмин пилоттук негизде ишке киргизди.
  • 32 муниципалитет долбоордун окуу сапарлары жана тегерек столдору аркылуу өз тажрыйба алмашуусун жогорулата алды;
  • 1126 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жана адистери натыйжалуу кызмат көрсөтүү, институттук башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жарандардын ортосундагы өз ара аракеттешүү боюнча долбоордун окууларынан өтүштү.
  • 3298 жергиликтүү тургундар бюджет, кызмат уюштуруу жана жергиликтүү коомдун уставын иштеп чыгуу боюнча 62 коомдук угууларга катышышты.  

Кошумча материал:

Китепкана: