Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун жаңылыктары

21.02.2018 18:03
Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун жаңылыктары

2018-жылдын 21-февралында Бишкек шаарында КР ЖӨБ Союзунун Башкаруусунун кезектеги жыйыны өттү. Ага Башкаруунун мүчөлөрү жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жыйында үч маселе каралды:

  • КР ЖӨБ Союзу уюмдун мүчөлөрү үчүн берген кызмат көрсөтүүлөрдүн Тизмегинин долбоору жана 2018-2020-жылдар мезгилине КР ЖӨБ Союзунун Финансылык туруктуулук планынын долбоору;
  • муниципалитеттердин кызыкчылыктарын улуттук деңгээлде коргоо механизмдери, мыйзамдарды түзүүдө жана башка чечимдерди кабыл алууда макулдашуу процессинин механизмдери;
  • 2018-жылды “Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыялоо жөнүндө КР Президентинин Жарлыгына карата КР ЖӨБ Союзунун сунуштары.

Үч маселе боюнча КР ЖӨБ Союзунун аткаруучу директору Алманбетов Өмүрбек билдирүү жасады. Алдыга коюлган маселелерди талкуулоонун жана карап чыгуунун натыйжасында төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды: КР ЖӨБ Союзунун финансылык туруктуулугу боюнча Союздун туруктуу кирешелеринин өсүшү боюнча сунуш кылынган үч сценарийдин ичинен Базалык сценарий аныкталды. Ага ылайык, 2018- жылы мүчөлүк салымдарды чогултуунун салыштырмалуу төмөн пайызы болот, бара-бара орточо жана ири эмес төлөөчүлөр категориялары боюнча өсө берет. КР ЖӨБ Союзу өз мүчөлөрү үчүн (айыл өкмөттөрү жана шаарлардын мэриялары) берген кызмат көрсөтүүлөрдүн Тизмеги бекитилди. 2018-жылды “Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыялоо жөнүндө КР Президентинин Жарлыгына карата КР ЖӨБ Союзунун сунуштары жалпысынан жактырылды жана Башкаруу мүчөлөрүнөн түшкөн сунуштарды эсепке алуу менен биротоло иштелип чыгат.