Жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн практикалык диалог (GIZ/EU/BMZ, 2020-2022)

16.06.2020 14:27

Долбоордун жетекчиси: Надежда Добрецова, ndobretsova@dpi.kg, +996 777 777990

Долбоордун координатору: Айнура Джунушалиева, adjunushalieva@dpi.kg, +996 555 217075

 

«Жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн практикалык диалог» Долбоору Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Германия эл аралык кызматташтык коомунун) «Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү» программасынын алкагында, Европа Биримдиги жана Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлигинин (BMZ) каржылоосу менен Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жатат.

Долбоорунун максаты - жеке сектордун, мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун ортосунда үзгүлтүксүз диалог түзүү, анын жардамы менен катышуучулар инклюзивдүү экономикалык өнүгүү үчүн негизги шарттарды жакшыртуучу иш-чараларды жана инвестицияларды чогуу даярдап, жүзөгө ашыра алышат.

Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында ишкердүүлүк үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө багытталган долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана жеке сектордун потенциалы жогорулайт жана айыл тургундарынын байгерчилиги жакшырат.

Долбоордун узактыгы: 2020-2022-ж.ж.

Долбоордун көлөмү: Долбоор Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо жана Каргалык айылдык аймактары жана Токтогул районундагы Абды Суеркулов (Торкен) жана Жаңы-Жол айылдык аймактары менен өз ара аракеттенет.

Жаңылыктар: