Муниципалдык башкаруунун айрым маселелери боюнча окуу өткөрүлдү

10.02.2022 15:38
Тренингге «Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү үчүн практикалык диалог» долбоорунун өнөктөш муниципалитеттеринин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.
Муниципалдык башкаруунун айрым маселелери боюнча окуу өткөрүлдү

2022-жылдын 8-9-февралында Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында Жаңы-Жол жана А.Сүйөркулов айыл аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө Суу пайдалануучулар ассоциациясы (СПА), ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелери (ИСКАКБ) жана Жайыт комитеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда тренинг уюштурулду.

Тренингдин максаты - өнөктөш ЖӨБ органдарынын айрым кызматкерлеринин айыл өкмөттөр менен СПАлар, ЖӨБ органдары, жайыт пайдалануучулар бирикмелери жана муниципалдык менчикти башкаруу үчүн ар кандай жергиликтүү кызмат көрсөтүүчүлөр менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча билимдерин жогорулатуу болгон.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар: ЖӨБ органдарынын СПАлар, жайыт пайдалануучулар бирикмелери менен өз ара аракеттенүүдөгү ролу, кызмат көрсөтүүчүлөрдү тандоо боюнча сынактарды өткөрүүнүн тартиби, ошондой эле ЖӨБ органдары менен жеке менчиктин ортосундагы келишимдик мамилелер. кызмат көрсөтүүчүлөр тууралуу маселелерди карап чыгышты. Ошондой эле тренинг муниципалдык менчикти башкаруунун негизги укуктук аспектилери, райондун экономикалык өнүгүүсү үчүн муниципалдык менчикти пайдалануу жөнүндө маалымат берүүгө арналды. Катышуучулар менен бирге муниципалдык менчик объектилерин эксплуатациялоо жана күтүү, муниципалдык менчиктин реестрин жүргүзүү маселелери да каралды.

Окуунун аягында алынган билимдерди жана көндүмдөрдү бекемдөө үчүн муниципалдык менчикти пайдаланууга берүү шарттарын даярдоо боюнча практикалык көнүгүүлөр өткөрүлдү.

Тренинг Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Германиянын Эл аралык Кызматташтык Коому) “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” программасынын алкагында Европа Биримдиги жана Германиянын Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Федералдык Министрлигинин каржылоосу менен "Жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн практикалык диалог" долбоорун ишке ашыруучу Өнүктүрүү саясат институтун менен өнөктөштүктө өткөрүлдү (BMZ). Долбоордун иш-чаралары жөнүндө кененирээк: http://dpi.kg/ky/activity/projects/full/0/96.html