Бюджет аралык мамилелер

  • Бюджет айкындуулугунун муниципалдык индексин колдонуу практикасы: муниципалитеттердеги орто аралыктагы жыйынтыктар. Автор: Назира Тюлюндиева. 
    Бюджет айкындуулугунун муниципалдык индекси (мындан ары – БАМИ) – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары – ЖӨБ) калк алдындагы айкындуулугунун жана отчеттуулугунун деңгээлин баалоочу аспап. БАМИ баалоосу үч багыт боюнча жүзөгө ашырылат: бюджеттик маалыматтардын/документтердин курамы, толуктугу жана көрсөтмөлүүлүгү, бюджеттик маалыматтын калк үчүн жеткиликтүүлүгү жана жарандардын бюджеттик процесске катышуусу. Ушул тапта БАМИ аспабы Чүй облусунун аймагында “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун (мындан ары – Долбоор) 12 максаттуу муниципалитетинде 2015-жылы Долбоордун алкагында иштелип чыккан жана жарыяланган окуу куралынын негизинде колдонулуп келатат. Долбоорду Швейцария өкмөтү каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырат.Базалык баалоо 2015-жылдын ноябрь айында Долбоордун адистери БАМИнин базалык баасын жүргүзүшкөн. Баалоонун жыйынтыгы боюнча мүмкүн болгон 100 баллдын ичинен бир дагы муниципалитет 40 баллдан жогору алалбай койгон. Эң көп баллды Кемин шаарынын мэриясы алды – 38 балл. Толук окуу...
Печатная версия