Бейөкмөт уюмдар үчүн сынак!

19.07.2016 13:00 — 30.09.2016 13:00

Сынакка катышууга БӨУ катары каттоодон өткөн жана Чүй облусунун муниципалитеттеринин аймагында иш алып барган жарандык коом уюмдары чакырылат.

Өнүктүрүү саясат институту, Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган
“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун (мындан ары – Долбоор) алкагында

“Жарандарды бюджеттик процесске тартууда
жарандык коом уюмдарынын (БӨУ) ролу” СЫНАГЫ тууралуу жарыялайт!

 

Сынактын максаты: жарандардын жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алууга, бюджеттик процесске катышуусунда укуктарын коргоодо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБ) тарабынан отчеттуулукка жетүүдө көрүнүктүү ийгиликтерге ээ болгон жарандык коом уюмдарын (БӨУ) аныктоо жана аларга дем берүү.

Сынактын тапшырмалары:

  • КР жарандарынын республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө катышууга, ошондой эле бюджеттен иш жүзүндө чыгымдалган каражаттар тууралуу маалыматтарды алууга болгон конституциялык укуктарын ишке ашырууда жарандык коом уюмдарынын, анын ичинде бейөкмөт уюмдардын аракеттерин топтоштуруу;
  • жарандардын бюджеттик процесске чындап катышкан мыкты мисалдарды аныктап чыгуу, аларды колдоо жана эл арасында жайылтуу;
  • жарандык коом уюмдарынын бюджет айкындуулугуна жана ЖӨБ органдарынын отчеттуулугуна жетүүнүн түрдүү механизмдерин активдүү колдонуусуна дем берүү;
  • жарандардын бюджеттик процесске катышуу укугун ишке ашыруусу үчүн шарттарды камсыздоо маселелеринде жарандык коом уюмдары менен ЖӨБ органдары ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө дем берүү;
  • бюджет айкындуулугуна жана ЖӨБ органдарынын отчеттуулугуна жетүүсү үчүн жарандык коом уюмдары, анын ичинде БӨУ ортосундагы тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты чыңдоо максатында кесипкөй мамилелерди бекемдөө.

Сынактын катышуучулары жана анын географиясы

Сынакка катышууга БӨУ катары каттоодон өткөн жана Чүй облусунун муниципалитеттеринин аймагында иш алып барган жарандык коом уюмдары чакырылат.

Бир, же бир нече мисалды сүрөттөгөн табыштамалар Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 2016-жылдын 15нен 30-сентябрга чейин жиберилиш керек.

СЫНАК ТУУРАЛУУ ЖОБО ЖАНА ТАБЫШТАМАНЫН ФОРМАСЫ

Байгелер

Сынактын жалпы байге фонду – 200 000 сом. Байге фондунун каражаттары Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – Долбоор) тарабынан берилди.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө байгелер төмөнкүдөй тартипте тапшырылат:

  • I орун – 80 миң сомго чейинки көлөмдөгү суммага байге;
  • II орун – 50 миң сомго чейинки көлөмдөгү суммага байге;
  • III орун  – 30 миң сомго чейинки көлөмдөгү суммага байге;
  • Шыктандыруучу байге – 15 миң сомго чейинки көлөмдөгү суммага байге.

Бардык маалыматтарды “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорун ишке ашырып келаткан Өнүктүрүү саясат институтуна 2016-жылдын 30-сентябрына чейин Бишкек ш., Үмөталиев көч., 108 дареги боюнча тапшырууну өтүнөбүз. Кошумча маалымат алуу үчүн Азамат Мамытовго (0 312) 97-65-30 (34) номуруна телефон чалыңыз же AMamytov@dpi.kg электрондук дарегине кат жазыңыз.