Коммерциялык эмес уюмдар үчүн тренингдерди уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга сынак жарыялайт

06.06.2014 12:10 — 30.11.-0001 00:00

Документтерди 2014-жылдын 20-июну, саат 17.00дөн кечиктирбестен төмөнкү дарек боюнча жиберүү зарыл: 720021, Бишкек ш., Үсөнбаев көч., 44-үй

Швейцария Өкмөтү Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган,

Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган  

“Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору

коммерциялык эмес уюмдар үчүн

жарандык коом уюмдарынын (ЖКУ) дараметин жогорулатууга, 
жаңжал потенциалын азайтууга жана жергиликтүү жамаат менен ЖӨБ органдарынын ортосундагы конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө багытталган тренингдерди уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга сынак жарыялайт.

Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы 26 пилоттук айылдык аймактын территориясындагы демилгелүү топтордун мүчөлөрү үчүн 2014-жылдын 15-июлунан 1-октябрына чейинки мезгил аралыгында курамында 25 адам болгон топ үчүн бир күндүк 2 тренинг (күнүнө 5 сааттан кем эмес иш программасы болуш керек) өткөрүү зарыл. 

Потенциалдуу катышуучуларга коюлган талаптар:

  • Жогоруда аталган же аларга байланыштуу чөйрөлөрдө тренингдерди уюштурууда жана өткөрүүдө 1 жылдан кем эмес тажрыйба болуш керек.
  • Айылдык аймактардын деңгээлинде жергиликтүү жамааттар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен иш алып барууда 1 жылдан кем эмес тажрыйба болуш керек.
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, жергиликтүү бюджет жана жарандык катышуу жаатында базалык билим. 
  • Кыргыз тилин сөзсүз билүү зарыл.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди берүү керек:

  • юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • карызы болбогону тууралуу салык органдарынан жана Соцфонддон маалымдама;
  • кызыкдар болгону тууралуу кат, анда катышуучунун сынактын талаптарына жооп бере турганы тууралуу маалымат жана башка жүйөлөр келтирилет;
  • ЖКУнун дараметин жогорулатуу, жаңжал потенциалын азайтуу жана жергиликтүү жамааттар менен ЖӨБ органдарынын ортосундагы конструктивдүү диалогду өнүктүрүү максатына жетүүдө алар ылайыктуу болгонун жүйө келтирген тренингдердин мазмуну камтылган сунуш (программа, курстун кыскача сүрөттөлүшү, таратып берме материалдардын тизмеси);
  • тренингдерди өткөрүүгө тартыла турган тренерлердин таржымалы;
  • деталдуу бюджет, анда кызмат көрсөтүүгө жана катышуучулар менен байланышкан бардык чыгымдар, аны менен кошо мамлекетке милдеттүү салыктык жана башка төлөөлөр камтылыш керек.

Документтерди 2014-жылдын 20-июну, саат 17.00дөн кечиктирбестен төмөнкү дарек боюнча жиберүү зарыл: 720021, Бишкек ш., Үсөнбаев көч., 44-үй, Өнүктүрүү саясат институту, (0312) 976530, жазуу таризинде жеке тапшыруу керек, же office@dpi.kg электрондук почтасына жиберсе болот.

Кошумча маалыматты www.vap.kg, www.dpi.kg сайттарынан тапса болот, же sgradwal@dpi.kg электрондук дарекке кайрылуу аркылуу алуу мүмкүн. Байланыш үчүн: Сабина Градваль, Долбоордун жетекчисинин орун басары.