Медиатор Иманбек Байсеитов: Кайрылгандарга чырдын чыгуусун, түйүнүн чечүүгө багыт берип, сүйлөшүүгө келтиргенде баардыгынын көз карашы жакшы жака ооп кетип жатат

17.01.2023 17:27
Бул ийгилик баянына байланыштуу бардык суроолор боюнча долбоордун коммуникация боюнча консультанты Юлия Бабиюкка төмөнкү e-mail аркылуу баланышыңыз: ibabiuk@international-alert.org

Ынтымактуу Жашоо долбоорунун алкагында окуудан өтүп азыркы учурда Талас облусунуда Кызыл-Адыр айылында иштеп жаткан Улуттук Медиация Борборунун медиатору Байсеитов Иманбек Жанузакович медиациялык ишиндеги жетишкендиктери жана байкоолору менен бөлүштү.

“Мен Ынтымактуу Жашоо программасында чоң кубулуштарга кабылдым.  Биринчиден медиатор деген кесиптин ээси болдум, экинчиден мурунку уйдөгу турмуштагы көз караштар өзгөрдү. Себеби биз өзүбүзгө суроо берүүдөн алыс болуп, келечек жөнүндө, өткөн тууралуу ойлонбойт экенбиз. Окуудан тренингден билген суроолорду өзүбүз жон терибиз менен сезгенде, кадимкидей өзгөрүү жылыштар болду. Ынтымактуу жашоо - бул негизги жол,  элдин багыты деп билем. Мен үчүн бул эң соонун долбоор болду, кыска мөөнөттүн ичинде көп нерсеге жетиштим”

Алгач окуууну өткөндөн кийин ишиңизди кандай алып бардыңыз?

- Башында туурабы же туура эмес кылдымбы, окуум кандай, билим деңгээлим кандай деген ойлор болду, кубануу жана коркуу сезими болгон. Азыркы убакта мен өзүмө толук ишене алам.

Практиканызда кандай эсте калган мисал болду?

- Алты жыл мурун үй-бүлө сот аркылуу ажырашып кетишет, бирок соттон кийин бири-бирин ушунчалык жек көрүү жамандоо абалында калат. Сот аркылуу бардыгын чечишет, бирок ортодогу төрт бала чайналып калат. Бул окуянын кардарлары мени телевизордон көрүп кайрылышат. Экөө ушуга чейин бетме бет сүйлөшкөн дагы эмес экен.

Медиациялык жолугушууда мен ар бири менен иштеп чыктым, ошондо эркеги аялды жамандаганда, аялы эркекти жамандаган учурда суроолордун баарын берип, түшүндүрүп айткан кезде алар баардыгын түшүнүштү.

“Эгерде биз ажырашып жаткан мезгилде сиз болсоңуз, биз жашап калмак экенбиз, азыр кечигип калдык бирок дос болуп калышыбыз керек экен” – дешти тараптар.

Ортодогу балдары, төрт бир тууган бөлүнүп калышкан экен, бири атасы менен, үчөө апасы менен жашап, негизи сот апасына чечиптир. Бала окуусунан кыйналып жана башка дагы маселелер болгон. Медиациядан кийин азыр балдар атасы менен катташып, апасы тыюу салбай келечекти ойлонуп калышты. Ушундай конфликттик абалдагы адамдарга аздыр көптүр жардам бергениме кубанам, Алдыда дагы жетишкендиктерге жетишебиз деп чоң үмүттөмүн.

Медиацияны өтүүгө кандай конфликттер, чырлар менен келишет экен?

Көп кайрылуулар бул жер талашуу, мүлк талашуу, мүлктү аныктоо, берилген жерлер, үлүштөр, документтери бүтпөгөн участоктор, мураска калган документи бүтпөй калган иштер ушулардын негизинде чыккан чырлуу маселелер менен кайрылуулар болду.

Чыр, конфликттерди чечүү менен иштеп жеке байкоолоруңуз кандай?

Эл менен сүйлөшүүлөрдө, чогулуштарда терс же түшүнбөгөн суроолор чыкса ошол кишини угуп, кайра суроо берип, өзүнүн түшүнүгүн өзүнө жеткизип көңүл бурганда, баягы темпинен өзгөрүп, эки тарап күнөөлү эмес экенин сезип, жана жашоого, турмушка чыр-чатака болгон көз-карашы өзгөргөнү байкалат.

Тараптар менен чырдын түйүнүн чечүүгө кылган аракетибизди көрүп көп адамдар ыраазы болуп кетип жатат. Себеби көпчүлүгүбүз чыр, чыртек жөнүндө  эч кандай маани  бербегенден нааразычылык көп болуп кетет экен. Кайрылгандарга чырдын чыгуусун, түйүнүн чечүүгө багыт берип, сүйлөшүүгө келтиргенде баардыгынын көз карашы жакшы жака ооп кетип жатат.

Бул ийгилик баянына байланыштуу бардык суроолор боюнча долбоордун коммуникация боюнча консультанты Юлия Бабиюкка төмөнкү e-mail аркылуу баланышыңыз: ibabiuk@international-alert.org