Кочкор-Ата шаары жаш жарандарынын келечеги үчүн күрөшөт!

21.06.2018 10:12
22-июнь 2018-ж.
Кыргызстан, Кочкор-Ата
ПРЕСС-РЕЛИЗ
Кочкор-Ата шаары жаш жарандарынын келечеги үчүн күрөшөт!

Он жети миң калкы бар Кочкор-Ата шаарында 12-18 жаштагы балдар-өспүрүмдөрдүн саны 2 000ге барабар болсо, алардын арасында бош убактыларын туура эмес пайдалануусунун натыйжасында кылмыштуулукка, чыр-чатактарга, уруш-мушташууларга, рекетчиликке, укук бузуучулукка барып жаткандары бар экендиги өкүндүрөт. Ошол себептен Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдары келечек муундун мындай терс жолго түшүп жаткандыгынын себеп-натыйжаларын иликтөө жана алардын алдын алууга багытталган иш-чараларын уюштурууну чечти. Бул максатта мэрия мамлекеттик социалдык заказды (МСЗ) ишке ашырууда коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого конкурс жарыялады.

Конкурс “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” КР Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 814 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууда коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык өткөрүлөт. Конкурска жарыяланган теманын чөйрөсүндө бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар, салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок коммерциялык эмес уюмдар 2018-жылдын 13-июль күнү, түшкү саат 12:00гө чейин өз табыштамаларын бере алышат.

“Эки миңдей жаш балдарыбыздын арасынан жүз кырктайы кооптуу топко кирип, шаарда балдар-өспүрүмдөрдүн арасында мектептер аралык, коңшу айылдар аралык мушташуулар, массалык урушуулар, мектеп ичиндеги, мектептер аралык рекетчилик сыяктуу кылмыштардын артынан шаардык ички иштер бөлүмүнүн эсебине (учетко) түшүп жатышат. Ошол себептен Кочкор-Ата шаарынын мэриясы коммерциялык эмес уюмдарды (КЭУ) коомдук пайдалуу долбоорду (КПД) мамлекеттик социалдык заказдын алкагында ишке ашырууга жарыяланган конкурска катышууга чакырат. Биз тараптан бул долбоордун ийгиликтүү аткарылышына мүмкүн болгон ресурстар багытталат. Мисалы, Кочкор-Ата шаарында жогоруда аталган көйгөйлөрдү чечүүгө арналган иш-чараларды уюштурууга китепкана, спорт комплекс, мини-футбол аянтчасы, футбол стадиону, шаардык музыкалык мектептин 100 орундуу залы, 470 орундуу шаардык маданият үйү бар. Албетте, жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп жаткан 100 миң сом өтө деле көп каражат эмес, бирок азыркы учурда ушул акча каражатын белгиленген максатка жетүүгө пайдаланып, анын натыйжасына карата андан ары улантылуучу иш аракеттер пландалат, - дейт Турдуматова Чыныгүл, Кочкор-Ата шаардык мэриясынын Аппаратынын жетекчиси.

Конкурстун толук шарттары Ош облустук “Ош жаңырыгы” басылмасынын 9-июндагы чыгарылышында жана Жалал-Абад облустук “Акыйкат” басылмасынын 11-июндагы чыгарылышында жарыяланды.

Конкурс тууралуу толук маалыматты жана толтурулуучу бланкты алуу үчүн Турдуматова Чыныгүлгө (0777) 865-218 номери же kochkorata.msu@mail.ru электрондук почта дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.

 

***

Кочкор-Ата шаары “Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу үчүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин потенциалын күчөтүү” Долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институтунун (ӨСИ) өнөктөшү болуп саналат. Аталган Долбоорду USAIDдин Биргелешип башкаруу боюнча программасы аркылуу АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) каржылап, Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) ишке ашырат. Аталган долбоордун алкагында ӨСИ өзүнүн башкаруу практикасына социалдык заказды киргизген өнөктөш шаарларга, аны менен катар ЖӨБ органдарына жана КЭУга долбоорду ишке ашыруунун бардык этаптарында консультациялык колдоо көрсөтөт. Мындай колдоо артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоодон башталып, долбоорду тандап алып, анын аткарылышына мониторинг жүргүзүү менен жыйынтыкталат.