Жаңы долбоор мамлекеттик социалдык заказдын эффективдүүлүгүн жогорулатууга чакырылган

23.10.2017 09:45
Жаңы долбоор мамлекеттик социалдык заказдын эффективдүүлүгүн жогорулатууга чакырылган

Бишкек – 2017-жылдын 24-25-октябрында семинар өткөрүлөт, анда мамлекеттик социалдык заказ аркылуу сунушталуучу социалдык кызмат көрсөтүүлөргө баа берүү критерийлери иштелип чыгат. КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин,  жарандык коом уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер мамлекеттик заказды ишке ашыруунун негизги принциптерин, ошондой эле жыйынтыктарга мониторинг жүргүзүүнүн жана баа берүүнүн ыкмаларын талкуулашат. Семинар эртең мененки саат 10:00да Гульмира Мамбеталиева атындагы “Кой-Таш” эс алуу борборунда башталат. Дареги: Аламүдүн району, Кой-Таш айылы, Центральная көчөсү, 1.

Иш-чара мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу үчүн КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин потенциалын күчөтүүгө багытталган жаңы долбоордун алкагында өткөрүлүүдө. Долбоорду USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда Өнүктүрүү саясаты институту (ӨСИ) ишке ашырууда.

Мамлекеттик социалдык заказ - бул Кыргыз Республикасы үчүн салыштырмалуу жаңы ыкма, ал социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жана өлкөдөгү социалдык проблемаларды чечүүгө коммерциялык эмес уюмдарды да, бизнести да тартууга мүмкүндүк берет. 2017-жыл мамлекеттик социалдык заказды өнүктүрүүдө маанилүү этап болду, анткени жазында ушул механизмдин иштешин жөнгө салуучу жаңы мыйзам кабыл алынды.

Биргелешип башкаруу программасы (ББП) Кыргыз Республикасында өкмөттүн, жарандык коомдун жана менчик сектордун өнөктөштүгүн чыңдоого багытталган. Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министрлиги (DFID) тарабынан каржыланган жана Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.