Швейцария Өкмөтү Чүй облусунун 17 муниципалитетине жергиликтүү маселелерди чечүүгө 17 миллион сом берет

20.04.2016 07:52
Толук маалымат: Нургуль Жаманкулова, Долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси, тел.: (0770) 771-711, NJamankulova@dpi.kg, www.vap.kg
Швейцария Өкмөтү Чүй облусунун 17 муниципалитетине жергиликтүү маселелерди чечүүгө 17 миллион сом берет

ПРЕСС-РЕЛИЗ
2016-жылдын 20-апрели.
Бишкек, Кыргызстан

2016-жылдын 20-апрелинде Чүй облусунун 17 муниципалитетине жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн гранттык жардам алууга сертификаттар тапшырылат. Ар бири 1 миллион сом сумманы түзгөн сертификаттарды Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилик Миссиясынын башчысынын орун басары Даниэль Мевли Монтелеон айым тапшырат.

2016-жылдын январында Чүй облусундагы бардык муниципалитеттер арасында Чакан гранттар программасынын алкагында гранттык жардам алууга конкурс жарыяланган. Бул конкурска колдоо «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Аталган долбоорду Швейцария Өкмөтүнүн финансылык колдоосу менен Өнүктүрүү саясат институту аткарат.

Баары болуп конкурска Чүй облусундагы айылдык аймактардан жана Кемин шаарынан 31 өтүнмө түшкөн. Конкурстун шарттарына ылайык, жеңүүчү муниципалитеттерге берилген каражат жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана жергиликтүү жамааттын турмуш шарттарын жакшыртууга багытталган долбоорлорду каржылоого гана колдонуш керек.

«Швейцария аталган долбоорго 2011-жылдан бери финансылык жардам берип келет, - деп белгиледи Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилик Миссиясынын башчысынын орун басары Даниэль Мевли Монтелеон айым. – Биздин жардам менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары таза суунун жетишсиздиги, таштанды, мектептердеги шарттардын начардыгы өңдүү маселелерди чечип, өз жамааттарындагы адамдардын турмуш шартын жакшыртат деп ойлойбуз».

Долбоор ЖӨБ органдарына отчеттуулукту жана чечимдерди кабыл алуу процессине жарандардын катышуусун күчөтүүнүн жардамы менен мамлекеттик финансыны дагы да ачык-айкын жана натыйжалуу башкарууга жардам берүү максатын көздөйт. Мындан тышкары долбоор жергиликтүү деңгээлде артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн конкурстук негизде гранттык жардам берет.