"Жергиликтүү демилге 2014" сынагынын катышуучуларынын эсине!

18.08.2014 17:27
Сынакка келип түшкөн табыштамалардын санынын көптүгүнөн улам, сынак комиссиясынын кароо мөөнөтү узартылат. Сынактын жыйынтыктары 2014-жылдын 2-сентябрынан кийин белгилүү болот.
"Жергиликтүү демилге 2014" сынагынын катышуучуларынын эсине!

2014-жылдын 5-августунда "Жергиликтүү демилге 2014" сынагына табыштама кабыл алуу нөөмөтү аяктаган. Аталган сынак Швейцария Өкмөтү Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган жана учурда Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) ишке ашырып жаткан “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.  Жалпысынан сынакка пилоттук облустардын жергиликтүү жамааттарынан жана ЖӨБ органдарынан 75 табыштама келип түштү. 

Сынакка келип түшкөн табыштамалардын санынын көптүгүнөн улам, сынак комиссиясынын кароо мөөнөтү узартылат. Сынактын жыйынтыктары 2014-жылдын 2-сентябрынан кийин белгилүү болот. Жыйынтыктар Долбоордун сайтында www.vap.kg жана ӨСИ сайтында www.dpi.kg жайгаштырылат.

Өнүктүрүү саясат институтунун жамааты туура түшүнгөнүңүздөргө ыраазычылык билдирет.