Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө ЖӨБО ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июлундагы №413 токтомуна кол коюлду

08.08.2014 16:07
Бул токтомго ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көбүрөөк салык топтоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө ЖӨБО ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июлундагы №413 токтомуна кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2014-жылдын 23-июлунда №413 "Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомго 2014-жылдын 8-август күнү кол койду. Аталган токтом жер жана мүлк салыктары, жана патенттин негизиндеги салыктар боюнча укук мамилелери чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитет.  Анткени бул токтомдун ишке ашырылышы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн өсүшүнө оң таасирин тийгизет. 

Өнүктүрүү саясат институтунун эксперттери Экономика министрлигинин Жумушчу тобунун курамында бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн маанилүү болгон документтин иштеп чыгышында активдүү катышышкан. Жакынкы убакыт аралыгында өкмөттүн бул токтомун ишке ашыруу максатында Швейцария Өкмөтү Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлик менен өнөктөштүктө каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн атайын окуу программалары иштелип чыгып, алардын негизинде окуулар өткөрүлөт.

Кошумча: