Журналисттердин жана авторлордун көңүлүнө! “Мен жана КОРРУПЦИЯ” ММК ҮЧҮН УЛУТТУК СЫНАК

26.02.2014 14:28
Сынакка материалдарды жиберүүнүн акыркы мөөнөтү – 2014-жылдын 25-апрели, саат 17.00гө чейин.

Журналисттердин жана авторлордун көңүлүнө!

“Мен жана КОРРУПЦИЯ” ММК ҮЧҮН УЛУТТУК СЫНАК

Байге фонду 230 миң сом

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Өнүктүрүү саясат институту коомдо коррупцияны терс кабылдоону калыптандырууга арналган журналисттик иштерге улуттук сынак жарыялайт.

Сынак Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Дүйнөлүк банктын “Экономикалык башкаруу жаатында потенциалды күчөтүү” Долбоору (ДИБ СВЕМ) тарабынан каржыланууда

Өбөлгөлөр

Коррупция - бийликтик ыйгарым укуктарга ээ болгон бир же бир нече кызмат адамдарынын айрым адамдар же топтор менен материалдык, кандай болбосун башка жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу, ошондой эле алар тарабынан бул жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды жеке жана юридикалык жактарга берүү, коомдун же мамлекеттин кызыкчылыктарына коркунуч түзүүчү укукка каршы туруктуу байланыштарды түзүүдө атайылап жасалган жосун. (“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-августундагы №153 Мыйзамынын 1-беренеси).

Коррупция – көп учурда конкреттүү укук бузуулар түрүндө чагылдырылган социалдык көрүнүш, ал паракордук же мамлекеттен жана жарандардан материалдык баалуулуктарды уурдоо гана эмес, ал финансылык жана материалдык ресурстардын ири коррупциялык жүгүртүүлөрүн камсыз кылуучу, мамлекеттин контролдугунан тышкары коомдогу экономикалык жана социалдык мамилелердин бүтүндөй системасы. (КР Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы №26 Жарлыгы менен бекитилген КРнын Антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясынан үзүндү). 

Коррупция мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарына коркунуч келтирет. Анткени паракорчулуктун тамыр жайышы Кыргыз Республикасынын саясий жана экономикалык жааттардагы турумунун бошоңдошуна алып келет. Саясий чөйрөдө коррупция бийликтин кадырын кетирип, эл аралык ишмердүүлүк жүргүзгөн түрдүү субъекттердин, өлкө калкынын бийликке болгон ишенимин жок кылып, реформалардын социалдык пайдасына карата күмөн жаратып, мамлекеттин бардык функцияларынын ишке ашуусуна жолтоо болуп, мамлекеттик институттардын криминализациясы үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, Кыргыз Республикасында саясий режимдин трансформациясынын терс динамикасын пайда кылат. 

Коррупцияга каршы турууда негизги багыттардын бири – коомдо коррупциялык жүрүм-турумга карата терс мамилени калыптандыруу жолу аркылуу паракорчулукту алдын алуу боюнча профилактикалык чараларды колдонуу болуп эсептелет.

Антикоррупциялык тарбия жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуудан башталат. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коррупцияга каршы туруу маселелери боюнча агартуу иштерин жүргүзүш керек. Коррупциялык жүрүм-турумга карата тескери мамилени калыптандыруу, калкта жарандык жоопкерчилик сезимин тарбиялоо жана республикада жашаган калктын бийликке болгон ишенимин бекемдөө алардын түздөн-түз милдети болушу керек.

Жарандардын коррупция тууралуу кайрылууларын карап чыгуунун, интернетте мамлекеттик бийлик органдарынын расмий сайттарында коррупциялык көрүнүштөрдүн бетин ачуунун жыйынтыктары тууралуу мамлекеттик органдардын мезгил-мезгили менен маалымдап туруусу норма болуп калган жок. Ал эми коррупцияны алдын алуу ар бир бийлик органынын жана жарандын түйшүгүнө айланып кеткен жок. Антикоррупциялык тарбия темасы азырынча ММКда тийиштүү орунду ээлей элек.

Коррупцияга карата сабырсыздыкты максаттуу жана үзгүлтүксүз калыптандырып, бул ишке ММКны, коомдук түзүлүштөрдү, активдүү жарандарды тартыш керек. Мына ушундай учурда гана туруктуу натыйжаны күтсө болот. 

Сынакты өткөрүүнүн шарттары

Кыргыз Республикасынын басма, эфирдик жана интернет ММКларында иштеген штаттагы жана штаттан тышкаркы авторлоруна төмөнкү темаларга жарыяланган же обого чыккан аналитикалык материалдарды жана журналисттик иликтөөлөрдү берүү сунушталат:

  • Кайсы мамлекеттик орган коррупция үчүн эң жагымдуу шарттарды түзүп берүүдө?

Мисалы, пара бербестен тиги же бул кызмат көрсөтүүгө канчалык оңой же кыйынчылык менен жетсе болоору тууралуу журналисттик иликтөө. Ушуну менен бирге журналист ошол кызмат көрсөтүүгө расмий жол менен жетүүдө жоготкон убакытты жана акчаны паранын наркы менен салыштыра алат (“кызмат көрсөтүүгө жетүүнүн таза жолу” деген салыштыруу “кызмат көрсөтүүгө пара аркылуу жетүү” дегенге каршы). Ошондой эле журналист бир эле ведомстводо эки ар башка кызмат көрсөтүүгө жетүүнүн кыйынчылыктарын салыштыра алат. Мына ушундай эле салыштырууну түрдүү министрликтерге же ведомстволорго карата жүргүзсө болот. Башкача айтканда материалдардын бул категориясында салыштыруу, аналитикалык мамиле, рейтингдер болушу керек.

  • Интернет коррупцияга каршы

Коррупция менен күрөштө маалымат технологияларын, маалымат базаларын (мисалы, мамлекеттик сатып алуулар тууралуу http://zakupki.okmot.kg сайтын) жана социалдык түйүндөрдү колдонуу мисалдары. Журналист жарандар маалымат таба ала турган булактарды издеп, алар тууралуу баяндап бере алат. Бирок журналист коомдук көзөмөлдүн жаңы формалары, интернеттин жардамы менен коррупцияга каршы коомдук аракеттер тууралуу кызыктуу баяндап берген материалдар жогорку баллды алат. Журналисттин чыныгы мисалдын негизинде жарандар коррупцияга каршы турууга жөндөмдүү болгонун ишенимдүү далилдеп бергени маанилүү. Ошондой эле мамлекеттик органдардын жарандардын жеке демилгесине жана кайрылууларына карата реакциясынын мисалы да бул тема боюнча изилдөөнүн предмети боло алат.

  • Жогорку мектеп: жаштар болочок карьерасын өздөрүнөн кантип уурдап жатат? Үй-бүлө жана мектеп: балдарда коррупцияга карата жийиркенүүнү кантип тарбияласа болот?

Жогорку мектептерде коррупция жана студенттердин, ата-энелердин жана окутуучулардын бул көйгөйгө карата мамилесинин мисалдары, жогорку окуу жайларда коррупция менен күрөштүн мисалдары. Мектепте, үй-бүлөдө, мектептен тышкары билим алууда тарбиялык чаралардын мисалдары. 

  • Коррупция менен күрөштүн мыкты практикасы

Жарандык коомдун долбоорлору, мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын аракеттери, жарандардын жеке демилгелери.

Коррупцияга каршы материалдарды үзгүлтүксүз жарыялаган бир ММКдан бир нече журналисттин башын бириктирген жамааттык табыштамалар КУБАТТАЛАТ.
Ар бир автордон түшкөн материалдардын санына чек коюлбайт. Сынакка катышкан бардык макалалар 2013-жылдын 1-сентябрынан тарта 2014-жылдын 25-апрелине чейин жарыяланып, же обого чыгышы керек.

Маалымат агенттиктердин сайтындагы жаңылыктар формасындагы материалдардын тандалмасы 1 (бир) материал катары эсептелинет.

Сынакка катышкан материалдардын тили – кыргызча, орусча.

Жарыяланган иликтөөлөрдүн (гезиттердин түп нускасы), электрондук маалыматтардын көчүрмөлөрү, видео жана радио берүүлөрдүн көчүрмөлөрү материалдын эфирге чыккан күнүн жана убактысын көрсөткөн эфирдик маалымат каттын коштоосунда 2014-жылдын 25-апрелинде саат 17.00дөн кечиктирбестен тапшырылыш керек. 

Төмөнкүлөрдүн өкүлдөрүнөн турган сынактык комиссия:

  1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги,
  2. Коррупцияга каршы туруу чөйрөсүндө иш алып барган бейөкмөт уюм,
  3. Байге фондун каржылаган уюмдар,
  4. Өнүктүрүү саясат институту

2014-жылдын 19-майына чейин материалдарды карап чыгат жана жеңүүчүлөрдү аныктайт.

Жеңүүчүлөрдү аныктоонун тартиби

Өнүктүрүү саясат институтунун атынан сынактын катчылыгы комиссиянын мүчөлөрүнө материалдардын көчүрмөсүн басылманын (телекомпаниянын, сайттын) аталышын жана автордун аты-жөнүн көрсөтпөстөн номур коюп эле жиберет. Ар бир катышуучуга жеке идентификациялык код берилет. Жеңүүчүлөр жана байгелер катышуучулар чогулткан баллдардын санын кошкондон кийин келип чыккан натыйжага ылайык автоматтык түрдө тандалат. Эгерде бир нече катышуучу бирдей сандагы балл топтой алса, ӨСИ долбоорлорунун алкагында окуудан өткөн авторлорго, ошондой эле өлкөнүн аймактарынан катышкан авторлорго артыкчылыктар берилет.

Тандоонун талаптары

Бардык табыштамалар тандоонун төмөнкү талаптарынын негизинде каралат:

  • Журналисттик иликтөөнүн элементтери - 30 %
  • Аналитика – мезгилдерди салыштыруу, себептерге анализ жүргүзүү, кырдаалдын өнүгүүсүнө божомол - 25 %
  • Коррупцияга мамиленин өзгөргөнү тууралуу жеке далилдер - 15 %
  • Алдыңкы тажрыйбаны, инновацияларды жайылтуу - 15 %
  • Коррупцияга каршы материалдарды үзгүлтүксүз жарыялаган ММКдан бир нече журналисттин башын бириктирген жамааттык иш - 15 %

Сынактык комиссиянын чечими боюнча, кошумча “алтын” балл жогорудагы темаларды чагылдырууда олуттуу салым кошкон авторго берилиши мүмкүн. Бул салым сынакка берилген материалдардын сандык жана сапаттык ар түрдүүлүгүндө, ошондой эле коррупцияга каршы терең журналисттик иликтөөлөрдүн циклин өткөрүүдө көрсөтүлүшү мүмкүн.

Номинациялар жана байгелер

Сынактын жеңүүчүлөрүнө төмөнкү номинациялар боюнча акчалай байгелер берилет: 

  • “Мен жана КОРРУПЦИЯ” темасын мыкты ачып бергени үчүн” кыргыз тилиндеги басма ММК үчүн номинация.
  • “Мен жана КОРРУПЦИЯ” темасын мыкты ачып бергени үчүн” орус тилиндеги басма ММК үчүн номинация.
  • “Мен жана КОРРУПЦИЯ” темасын мыкты ачып бергени үчүн” эфирдик ММК үчүн номинация.
  • “Мен жана КОРРУПЦИЯ” темасын мыкты ачып бергени үчүн” интернет ММК үчүн номинация.

Рейтингде биринчи орундарды ээлеген сынактын катышуучулары дипломдорду жана төмөнкүдөй суммадагы байгелерди алат:

  • ар бир номинациядан I орун – 35 000 сом. 
  • ар бир номинациядан II орун – 25 000 сом. 
  • ар бир номинациядан III орун – 15 000 сом.

Сынактын уюштуруучулары сынакка түшкөн материалдардын санына жана сапатына жараша байге фондун толугу менен колдонбой коюуга укуктуу. Үнөмдөө маселеси пайда болгондо, үнөмдөлгөн каражат шыктандыруучу байгелерге сарпталат.

Сынактан жеңген журналисттердин милдеттемелери

Байгелер “Журналисттер коррупцияга каршы” аземи учурунда тапшырылат. Жеңүүчү авторлор өз макалаларын тартуулап, материалды сынакка даярдоонун жүрүшүндө эмнелерди билгени тууралуу айтып берүү милдеттемесин алышат. Салтанаттуу аземди өткөрүүнүн болжолдуу убактысы – 2014-жылдын май айынын акыркы аптасы. 

Авторлорду бардык материалдарын сынактын Катчылыгы болгон Өнүктүрүү саясат институтуна жеке, же электрондук кат аркылуу, же төмөнкү дарек боюнча берүүнү өтүнөбүз:

720021, Бишкек ш., Үсөнбаев көч., 44 же JKerimova@dpi.kg электрондук дареги боюнча.
Сынакка материалдарды жиберүүнүн акыркы мөөнөтү – 2014-жылдын 25-апрели, саат 17.00гө чейин.
 

Направления: