Борбордук Азияда жергиликтүү өнүгүүнү башкаруунун модели

25.04.2024 07:42
Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын академиялык коомчулугу өз ара тажрыйба алмашат.
Борбордук Азияда жергиликтүү өнүгүүнү башкаруунун модели

2024-жылдын 25-26-апрель күндөрү Бишкекте “Борбордук Азияда жергиликтүү өнүгүүнү башкаруунун модели” деген темада регионалдык семинар өтөт. Семинарга Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын академиялык коомчулугунун, улуттук жана субулуттук мамлекеттик башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышат.

“Семинар жергиликтүү жамааттардын катышуусу менен ыңгайлуу регионалдык моделди түзүү үчүн Борбордук Азияда жергиликтүү башкаруунун системалуу мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн аныктоо максатында өткөрүлүп жатат. Семинарда эксперттер, Кыргызстандын жана Өзбекстандын башкаруу органдарынын өкүлдөрү жергиликтүү өз алдынча башкарууну жана өз алдынча башкарууну өнүктүрүү чөйрөсүндө алган сабактары менен бөлүшөт, ошондой эле жалпы тарыхынан, салттардан, маданий коддордон жана тажрыйбалардан улам окшош болгон чөлкөмдөгү өлкөлөр үчүн мүнөздүү системалуу өзгөчөлүктөрдү талкуулашат. Семинардын жыйынтыгында бул жаатта келечекте биргелешкен изилдөөлөр үчүн багыттар аныкталып, келечектеги реформалар үчүн сабактарды алабыз”, - деди Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек АКМАТАЛИЕВ.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу өз каада-салттарын, тарыхын, маданиятын карманган жергиликтүү жамааттардын үмүттөрүнө жана керектөөлөрүнө жооп кайтара алганда гана күчтүү жана ийгиликтүү болот. Кыргызстандагы жана Өзбекстандагы жергиликтүү жамааттардын курултай, махалля, ашар ж.б. өңдүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өзүнүн салттуу формалары бар. Бүгүнкү күндө алар жаңыча жаңырып, мыйзамдарда да, жашоодо да жаңыча өнүгүп жатат, ал эми биздин өлкөлөрдөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү контекстке жана өздөрүнө гана таандык өңүттөргө өтө баштады. Бул кайрадан баамдап чыгууну талап кылган кызыктуу жана маанилүү процесс”, – деди Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясынын директору Асель КУРМАНАЛИЕВА.

Иш-чара “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” Программасынын колдоосу менен өткөрүлүп жатат. Бул Программаны “Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн мүчөлөрү болуп саналган Өнүктүрүү саясаты институту жана Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы аркылуу Улуу Британиянын Өкмөтү каржылайт[1].

Өзбекстан Республикасынын делегациясынын катышуусу USAIDдин “Мамлекеттик бийлик органдарынын жергиликтүү органдарынын өнүгүүсүнө көмөктөшүү” долбоорунун колдоосунда ишке ашты.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН :

Өтчү күнү:      2024-жылдын 25–26-апрель күндөрү

Убактысы:      08.30–17.30 (25-апрелде), 08.30–12.00 (26-апрелде)

Өтчү жери:     “Park Hotel” мейманканасы, Орозбеков көчөсү, 87

 

______________

[1] “Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүн “Өнүктүрүү саясат институту” коомдук бирикмеси, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу” юридикалык жактардын бирикмеси жана “Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы” мекемеси түзгөн. Өнөктөштүк Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө багытталган күч-аракеттерди бириктирип, ишти биргелешип жүзөгө ашыруу максатын көздөйт. Өнөктөштүк Швейцария өкмөтүнүн каржылык колдоосун алган.