Бишкекте административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу маселелерине арналган тегерек стол өттү

08.04.2024 09:38
Булак: КР Экономика жана коммерция министрлигинин Фейсбуктагы баракчасы
Бишкекте административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу маселелерине арналган тегерек стол өттү

2024-жылдын 4-5-апрелинде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитовдун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Ички иштер министрлигинин ГАЗР, МАК, ГАРТС, РН жана АГС департаменти, «Инфоком» МИ жана Түндүк өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу менен биргеликте тегерек стол өткөрүлүп, «Административдик тоскоолдуктарды азайтуу боюнча программалар» долбоорун талкуулоо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү, алардын сапатын, эффективдүүлүгүн жана керектөөчүлөр үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу темасында Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) ишке ашырган USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосунда уюштурулган.

Бул иш-чара өнөктөш муниципалитеттерге кызмат көрсөтүүлөргө экономикалык жактан максатка ылайыктуу тарифтерди эсептөөгө жана кабыл алууга жардам берүү, ошондой эле административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча программанын негизги аспектилерин талкуулоо максатында иштелип чыккан.

Тегерек столдун максаты - аймактагы кызматтарды көрсөтүү системасын жакшыртууга багытталган стратегияларды жана иш-чараларды талкуулоо жана иштеп чыгуу. Катышуучулар пикир алмашып, көйгөйлүү жерлерди аныктап, аларды чечүүнүн практикалык жолдорун сунуштай алышат.

Иш-чара ошондой эле бардык кызыкдар тараптар үчүн жашоонун сапатын жакшыртууга жана жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга канааттануу деңгээлин жогорулатууга багытталган программаны түзүүгө салым кошууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.

Маалымат иретинде: USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору Өнүктүрүү саясат институту тарабынан Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен жана Нарын облустарында ишке ашырылып жаткан төрт жылдык программа болуп саналат жана 50 муниципалитеттин жарандарынын жашоо-турмушун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртууга багытталган.