Баткен облусунун жергиликтүү кеңештеринин аял депутаттары өздөрүнүн потенциалын жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышты

24.02.2024 13:35
Облустун жергиликтүү кеңештеринин 80ден ашуун аял депутаттары жергиликтүү кеңештин ишинин укуктук жана уюштуруу маселелери боюнча эки күндүк окуу курсунан өтүшөт.
Баткен облусунун жергиликтүү кеңештеринин аял депутаттары өздөрүнүн потенциалын жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышты

Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы (БАЖБА[1]) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) менен бирдикте Баткен облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына гендердик 30% квотанын негизинде[2] шайланган аял-депутаттарга даректүү колдоо көрсөтүүнү ишке ашыра баштады.

Бул кызматташуу 2024-жылдын февраль айынан тарта Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен "Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн өнөктөштүк" Программасынын[3] алкагында ишке ашырыла баштады.

«Программаны ишке ашыруунун алкагында Баткен облусунун үч районунда 23-28-февраль аралыгында «Жергиликтүү кеңештин ишинин уюштуруу-укуктук маселелери» деген темада 2 күндүк окуу курстарын өткөрүүнү пландаштырдык. Квотадан өткөн 80ден ашык жергиликтүү кеңештердин айымдары окуудан өтүшөт», – дейт БАЖБАнын жергиликтүү кеңештердин аял депутаттар клубунун насаатчысы, тренер Салия Акулова.

Жалпысынан эки күндүк 3 окуу курсу пландаштырылган:

  • 23–24-февралда Баткен районунун бардык муниципалитеттеринин жергиликтүү кеңештеринин аял-депутаттары үчүн; өтчү жери: Баткен ш.;
  • 25-26-февралда Лейлек районунун бардык муниципалитеттеринин жергиликтүү кеңештеринин аял-депутаттары үчүн; өтчү жери: Раззаков ш.;
  • 27–28-февралда Кадамжай районунун бардык муниципалитеттеринин жергиликтүү кеңештеринин аял-депутаттары үчүн; өтчү жери: Кадамжай ш.

«Жергиликтүү кеңештин ишинин уюштуруу-укуктук маселелери» окуу курстары төмөнкү максаттарда өткөрүлөт:

  • жергиликтүү кеңештин ишин натыйжалуу уюштуруу жана алардын негизги ченем чыгаруу, контролдоо жана өкүлчүлүк функцияларын аткаруу үчүн жергиликтүү кеңештин аял депутаттарынын кесиптик чеберчилигин жана билимин жогорулатуу;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негиздери, жергиликтүү кеңештин компетенциялары, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу, жергиликтүү кеңештин регламенти, жергиликтүү кеңештин иш-аракетин пландаштыруу, ченемдерди түзүү жаатындагы потенциалды жогорулатуу; жергиликтүү бюджетти түзүү процесси жана инструменттери, шайлоочулар менен өз ара аракеттенүү жана отчеттуулук.

«Бул окуу курсу жергиликтүү кеңешке биринчи жолу шайланган депутат айымдарга жергиликтүү кеңештин уюштуруу-укуктук маселелери менен катар жалпы жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын түшүнүү үчүн абдан актуалдуу. 2 күндүк курсту аяктагандан кийин алар үчүн 2024-жылдын сентябрына чейин коомчулук үчүн социалдык маанилүү долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу процессинде 8 вебинар жана насаатчылык колдоо уюштурулат. Эң мыкты демилгелер Программадан 130 000 сомго чейин каржылоо колдоосуна ээ болушат”, – деди Өнөктөштүк программасынын менеджери Алия Мырсалиева.

 

________________

[1] Борбордук Азиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу Академиясы (БАЖБА) – Кыргыз Республикасынын жана Борбордук Азиядагы башка мамлекеттердин жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү жана өркүндөтүү, муниципалдык кызматкерлердин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын потенциалын чыңдоо максатында түзүлгөн мекеме. БАЖБА Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен 2 лицензияга ээ. БАЖБАнын иш-чаралары жөнүндө кененирээк маалымат: http://municipalitet.kg/ru/article/full/2979.html жана БАЖБАнын жергиликтүү кеңештердин аял депутаттар клубунун иш-чаралары жөнүндө кененирээк маалымат: http://municipalitet.kg/ru/article/full/2948.html 

[2] 2019-жылдын август айында Кыргыз Республикасында жергиликтүү кеңештерде аялдардын 30% өкүлчүлүгү жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Аялдар үчүн гендердик квотаны эске алуу менен жергиликтүү кеңештерге шайлоо биринчи жолу 2021-жылдын 11-апрелинде өтүп, анын натыйжасында 2021-жылы Кыргызстандын жергиликтүү кеңештериндеги аял депутаттардын саны төрт эсеге көбөйүп, болжол менен 3300 адам, анын ичинен 2000ден ашыгы биринчи жолу болуп калышты.

[3] "«Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн» өнөктөштүк" Программасы «Өнүктүрүү саясат институту» коомдук бирикмеси, «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу» юридикалык жактардын бирикмеси жана «Борбордук Азиядагы жергиликтүү башкаруу Академиясы» мекемеси тарабынан Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды биргелешип ишке ашыруу жана күч-аракеттерди бириктирүү максатында түзүлгөн.